Загрузка документа…
КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ № 199 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2004-жылдын 5-марты ПЖ № 80
Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу жөнүндө
Социалдык жактан коргоону камсыз кылуу, ошондой эле социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шартын тартипке салуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Эмгегине акы төлөө Бирдиктүү тарифтик торчо боюнча аныктала турган билим берүү (жогорку окуу жайларынын кызматкерлеринен тышкары) жана саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин эмгек акысы 2004-жылдын 1-апрелинен баштап 15 процентке жогорулатылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |