Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-июну № 138
Мыйзамсыз курулган турак-жайлардын мурунку текшерилген жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Үч- Терек айылдык кеңешинин депутаты Н. Калматовдун сунушун угуп жана талкуулап кезектеги XXVIII-ссссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек дыйкандар базарынын жеринин укук тастыктоочу докумениттеринин мыйзамдуулугун текшерүү жана айыл өкмөтүнүн аймагындагы мыйзамсыз курулган турак жайларды экинчи ирэт текшерип, жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө атайын комиссия түзүлсүн. (комиссия курамы жөнүндө тиркеме тиркелет).
2. Кетмен-Төбө шаарчасынын тургуну Ниязалиев Советбектин талаш жер жөнүндө 04.06.2015-жылдын Н-9 номерлүү кайрылуусун мыйзмам чегинде чечип берүү жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө, көчөлөрдү жана мал айдап өтүүчү жолдорду ачтыруу боюнча архитектура менен бирдикте иш жүргүзүү жагы жер комиссиясы менен айыл өкмөт башчысына жана жер адисине милдеттендирилсин.
4. Ош-Бишкек жолунун жээгиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарды иликтеп өз багытында пайдалануусун текшерип жыйынтыгын кийинки сессияда билдирүү жагы жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Урматаевге тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |
Үч-Терек айылдык кенешинин VI- чакырылышынын кечектеги
XXVIII-сессиясынын 2015-жылдын 8-июнундагы
№ 138 токтомуна№ 1 тиркеме
Мыйзамсыз курулган гурак-жайлардын мурунку текшерилген жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө комиссиянын
КУРАМЫ
Абазов Калыбай- жер адиси, комиссиянын төрагасы
МҮЧӨЛӨРҮ:
Сулайманов Өсөрбек Айылдык кенештин төрагасы
Чолпонкулов Мурат депутат
Казимидинов Жайлоо айыл өкмөт башчысынын орун басары
Сатыбаев Жекше жайыт комитетинин төрагасы
Калматов Нияз депутат
Үтүров Апсатар депутат
Бекжанов Дөлөнкадыр депутат
Акылбеков Токтор депутат
Кокоев Курсант депутат
Келгенбаев Майрамбек Саргата айылыпын айыл башчысы
Талканчиев Чабан-Жетиген айылынын айыл башчысы
Качкынбаев Элмир Кызыл-Ураан айылынын айыл башчысы