Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 151
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №258/08-13 Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу «үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборун» түзүүгө макулдук сураган катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 18-декабрындагы № 9 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу «үй-бөлөгө жана балдарга жардам берүү борборун» түзүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мыйзамдарда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Осмонов) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |