Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 153
Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын жана депутаттык фракциялардын сунуштарына ылайык жана сессиянын жүрүшүндө айтылган депутаттардын ой-пикирлерин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылга иш планы бекитилсин (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 26-декабрындагы
№ 153 токтомуна
тиркеме
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН 2019-ЖЫЛГА ИШ ПЛАНЫ
№ | Аткарыла турган иштер | Аткаруу мөөнөтү | Аткаруучулар |
I. СЕССИЯДА КАРАЛУУЧУ МАСЕЛЕЛЕР | |||
1
| Ош шаарынын 2019-жылга бюджетин жана 2020-2021-жылдарга болжолун, 2019-жылга Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолун бекитүү жөнүндө
| 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
2 | Ош шаарынын мэринин 2018-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету
| 1-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
3 | Ош шаарындагы көчөлөрдүн, парктардын, сейил бактардын тазалыгы, арыктардын ирригациялык иштери боюнча «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген ишканасынын жана Оштогу жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
| 1-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
4 | Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 1-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
|
5 | Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 1-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
6
| Ош шаарында инвестициялык климатты жакшыртуу жана бизнес чөйрөнү коргоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
7 | «Ош шаардык мэриясынын борбордук базар дирекциясы» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 1 квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
8 | Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 1-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
9 | Ош шаардык жолдор жана Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыктарына жергиликтүү бюджеттен 2018- 2019-жылдарда бөлүнгөн акча каражаттарынын пайдалануусу боюнча маалыматтарын угуу | 2-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
10 | Райондук электр тармактар ишканасынын, Ош шаардык электр энергия сатуу мекемесинин жана «Ошсвет» муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
|
11 | Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматын угуу | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
12. | Ош шаардык Кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө | 2-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
13 | Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын иштеринин натыйжалуулугу жана мектеп, балдар бакчаларындагы окуу тарбия иштеринин сапаттуулугу жөнүндө | 2-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
14 | Ош шаарында ички жана тышкы мигранттарды каттоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө | 2-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
15 | Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө
| 2-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
16 | Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы жана мамлекеттик салык кызматынын Түштүк аймактар боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылуусун камсыздоо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
17 | Ош шаарынын мэринин 2019-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылуусу боюнча отчету | 3-квартал | Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
18 | Жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2019-2020-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдыгын кароо жөнүндө | 3-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
19 | Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
20 | Ош шаардык саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкка көрсөтүп жаткан кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун Ош аймактык башкармалыгынын аткарып жаткан иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө | 3-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
21 | Ош шаарында муниципалдык аймактык башкармалыктардын аткарып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
22 | Ош шаарынын мэриясынын жол башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө | 3-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
23 | «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу, саркынды сууларды чыгаруу боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө отчетун угуу
| 4-квартал | Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба, жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
24 | Ош шаардык Кеңешинин 2018-2019-жылдары мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча кабыл алынган токтомдорунун аткарылышы жөнүндө
| 4-квартал | Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
25 | Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №158 «Ош шаарындагы Боорукердик үй-интернатынын коргоого муктаж болгон жарандарды тейлөө боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө» токтомунун аткарылышы жөнүндө | 4-квартал | Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
26 | Ош шаардык Кеңешинин 2018-2019-жылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча кабыл алган токтомдорунун аткарылып жатышы жөнүндө | 4-квартал | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия |
27 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык мамлекеттик инспекциясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө | 4-квартал | Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы |
II. ПРАКТИКАЛЫК ИШ ЧАРАЛАР | |||
1 | Сессияда карала турган материалдарды жерине чыгуу менен сапаттуу жана өз убагында даярдоо | Иш план боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
2 | Ош шаарын 2018-2020-жылдарда өнүктүрүү «Туруктуу өнүгүүгө багыт» программасынын аткарылышын көзөмөлдөө | Ар бир жарым жылдыкта | Туруктуу депутаттык комиссиялар
|
3 | Башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар уюштурган семинарларга жана тегерек столдорго активдүү катышуу | Чакыруу боюнча | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
4 | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңеш-тери жана чет өлкөлөр менен тажрыйба алмашуу | Жыл ичинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
5 | Эң маанилүү деп эсептелген маселелер боюнча коомдук угууларды уюштуруу | Зарыл болгондо | Туруктуу депутаттык комиссиялар Шаардык Кеңештин аппараты |
6 | Шайлоочулар менен жолугушууда айтылган кайрылууларды жана сунуштарды, алардын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтарды шаардык Кеңештин веб-сайтына жайгаштыруу | Ар бир жолугушуудан кийин | Депутаттык фракциялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
7 | Сессиянын жүрүшүндө айтылган сын пикирлерди жана сунуштарды жалпылоо, аткаруу үчүн аларды шаардык мэрияга жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнө жөнөтүү | Ар бир сессиядан кийин | Шаардык Кеңештин аппараты |
8 | Шаарда өткөрүлө турган маданий массалык жана спорттук иш-чараларга активдүү катышуу | Ар дайым | Шаардык Кеңештин депутаттары Шаардык Кеңештин аппараты |
9 | Шаардык Кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомдорду шаардык Кеңештин веб-сайты, массалык маалымдоо каражаттары аркылуу калкка жеткирүү |
Ар дайым | Шаардык Кеңештин аппараты |
10 | Шаардык Кеңешке келип түшкөн кайрылууларды, каттарды жана арыздарды өз убагында кароо жана жыйынтыгын ээлерине билдирүү | Мыйзам чегинде | Туруктуу депутаттык комиссиялар, Шаардык Кеңештин аппараты |
11. | Шаардык Кеңештин кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча маселелерди отурумда кароо | Ар бир жарым жылдыкта | Туруктуу депутаттык комиссиялар |
12. | Шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүү | Графикке ылайык | Депутаттык фракциялар |
13. | Сессия өтүүчү залда электрондук добуш берүү системаларын орнотуу | 2-квартал | Шаардык Кеңештин аппараты |
14. | Сессия өтүүчү залдагы ноутбуктарды «чычкандар» менен камсыздоо | 2-квартал | Шаардык Кеңештин аппараты |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева