Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ (IV ЧАКЫРЫЛЫШ)
2018-жылдын 26-декабры № 154
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 7-декабрындагы № 684/08-2 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин типтүү Жобосун эcке алуу менен “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу” Жобону жана комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө Кодексинин 313-беренесинин негизинде, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 20-декабрдагы № 20-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу” Жобо бекитилсин (№1-тиркеме).
2. Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамы бекитилсин (№2-тиркеме).
3. Ош шаарынын мэриясынын алдындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы тууралуу Жобонун аткарылышын жана комиссиянын мыйзамдуу иш алып баруусун көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашев) тапшырылсын.
4.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаарынын мэриясына (Т.Сарыбашев) жана Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага |
| Ж.Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 26-декабрындагы № 154-токтомуна
№ 1-тиркеме
1. Жалпы жоболор
Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинде (мындан ары -Кодекс) каралган Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссияны түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
Комиссия Ош шаардык Кеңеши тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
Комиссия жөнүндө жобо, анын сандык жана персоналдык курамы Ош шаардык Кеңешинин чечими менен бекитилет.
Комиссия өз ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексин, башка ченемдик укуктук актылары жана улул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия Кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
Комиссия Ош шаардык Кеңешинин алдында отчет берет. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап Ош шаардык Кеңешине киргизет.
Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссияны түзүүнү жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
Комиссия так санда 11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн курамында түзүлөт.
Ош шаардык Кеңеши тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-Ош шаардык Кеңешинин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-Ош шаарында жашаган жарандык коомдук жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).
Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен, ал эми комиссиянын катчысы мэриянын муниципалдык кызматчысы болгон Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон, атайын орто же жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны Комиссиянын мүчөсү боло алат.
Жарандык коомдун жана Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жашык иши) токтотулган, мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык деп ден-соолугунун абалы Комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар Комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12. Комиссиянын курамынын ыйгарым укуктары Ош шаардык Кеңеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлү болуп эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
-Комиссиянын мүчөсүнүн муниципалдык кызматын токтоткондо;
-Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
-күчүнө киген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медициналык корутундуга ылайык Комиссиясын мүчөсүнүн ден-соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кадыр баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын четинен жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Ош шаардык Кеңешинин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-жарандык коом жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааты тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14. Комиссиянын жаңы мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календардык күндөн кеч эмес бекитилет.
15. Комиссиянын ыйгарым укутары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда Ош шаардык Кеңештин чечими менен токтолушу мүмкүн.
16. Комиссиянын жаңы курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календардык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби
17. Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса, Комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбү добуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап 10-күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Ош шаарынын мэри (же биринчи вице-мэри) белгиленген тартипте өз чечимдери менен бузуулар жөнүндө протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23. Комиссия бузу жөнүндө ишти карап чыгып:
а) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2) туунду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);
3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде, ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан бузу жөнүндө иштердин материалдары менен терең танышууга;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумундарынын протоколуна кол коюуга.
Төмөндөгүлөргө укуктуу:
-бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн укуктарынан сырткары, төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамиледе Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;
-өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат каражаттарына (анын ичинде Интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мөөнөтөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-бузуулар жөнүндө иштерди кароонун тажрыйбасын иликтейт жана жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт;
- Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин Комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча Комиссиянын мүчөлөрүнүн бири аткарып турат.
31. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбөсүнүн, экспертинин, адисинин, котормочусунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдө кызыктар болушса, алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого акысы жок.
5. Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Эсеп журналларынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана анык, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
34 Бузуулар жөнүндө иш өндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
35. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, Комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын төрагасына билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
36. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүргөн учурда айып пулду төлөө банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт, ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын катчысы бузу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүн (квитанциясын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасына жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
-бузуулар жөнүндөпротокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чакырылган аныктамалар, токтомдор.
Бардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай болуп көктөлөт.
38. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру журналдын катар номурун жана келип түшкөн жылды камтыйт.
39. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Ош башкармалыгынын казначылык бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
-бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберлген кабарламаларды эсепке алуу журналы;
42. Журналдардын барактары номурлаган, көктөлгөн, мөөр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя (паста) менен жазылат.
43. журналдарды сактоо мөөнөтү 3 жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева
Ош шаардык Кеңешинин
2018-жылдын 26-декабрындагы № 154-токтомуна
№ 2-тиркеме
Ош шаарынын мэриясынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын
Курамы
1 | Турдуев Саибжан Эркинбаевич | Ош шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы |
2 | Айтматова Турсунай Бабажановна | Ош шаарынын мэриясынын коргонуу, укуктартипти сактоо жана ӨК бөлүмүнүн башчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; |
3 | Айтиев Токтоназар | Ош шаарынын мэриясынын юристтер тобунун башкы адиси, юрист, комиссиянын катчысы; |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
4 | Назылбеков Салман Сатыгулович | Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
5 | Капаров Ильгиз Төлөнович | Ош шаардык Кеңешинин депутаты; |
6 | Пирматов Алтынбек Абдимиталипович | Ош шаарынын мэриясынын шааркуруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы; |
7 | Раманов Урали Раманович | Ош шаарынын мэриясынын шардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы; |
8 | Кайымов Талант Тилекматович | Ош шаарынын мэриясынын Экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы; |
9 | _____________________ | Муниципалдык аймактык башкармалыктын башчысы, (тийиштүү МАБ боюнча); |
10 | Мамасалиева Гульгакы Эшмаматовна | “Интербилим” Коомдук бирикмесини Ош шаарындагы филиалынын Башчысы; |
11 | ____________________ | Аксакалдар сотунун төрагасы, (тийиштүү МАБ боюнча) |
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева