Загрузка документа…
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-сентябрындагы № 482 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын аймагында мунайды жана мунай заттарды эсепке алуунун жана контролдоонун тартиби жөнүндө жобо
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында мунай заттардын жүгүртүлүшүн эсепке алуу жана контролдоо тартибин аныктайт.
2. Ушул Жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар бул Жободо аныкталган мааниде түшүндүрүлөт. Ушул Жободо терминдердин жана аныктамалардын түшүндүрмөсү болбосо, терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын тийиштүү мыйзамдарында жана/же Евразия экономикалык бирлигинин ченемдик укуктук актыларында аныкталган мааниде түшүндүрүлөт:
1) автомай куюучу станция (мындан ары - АМС) - автотранспорт каражаттарына бензин жана дизелдик күйүүчү май куюучу станция;
2) автомобилдик газ куюучу станциялар - автотранспорт каражаттарына суюлтулган мунай газын (пропан) куюучу станциялар;
3) автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялар - автотранспорт каражаттарына кысылган жаратылыш газын (метан) куюучу станциялар;
4) автомай куюучу станцияны автоматташтырылган башкаруу системасы (мындан ары –АБС) – бул комплексинде станциялардын функцияларын башкарууну камсыз кылган чакан системаларды жана тийиштүү жабдууларды пайдалануучу, автотранспорт каражаттарына мунай заттарды куюу боюнча станцияларды автоматташтыруу, анын ичинде фискалдык чек чыгарылгандан кийин гана мунай заттарды берүү бөлүгүндө отун-таратуучу колонкалардын жана контролдук-кассалык машиналардын ишин синхрондоштуруу милдеттерин чечүү;
5) темир жолдогу куюучу туюк - мунай заттарды темир жол цистерналарынан (резервуарлардан) цистерналарга түшүрүүчү жер;
6) автотранспорт каражаттарына мунай заттарды куюу боюнча станциялар инспектору - АМСте мунай заттардын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;
7) мунай базасынын инспектору - мунайды кайра иштетүүчү заводдо, мунай базасында жана мунай сакталуучу жайда мунай заттардын жүгүртүлүшүнө жана эсепке алынышына жооптуу аймактык салык органынын инспектору;
8) контролдук пломба - материалдык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу максатында каралган жерлерде белгиленүүчү атайын эн тамга коюу;
9) мунай - чийки мунай, ошондой эле чийки мунайды тазалагандан, күйүүчү сланецтерди жана битумду камтыган тектерди кайра иштетүүдөн кийин алынган көмүр суутектери;
10) мунай базасы - мунайды, мунай заттарды кабыл алуу, сактоо жана транспорттун бир түрүнөн экинчи түрүнө кайра жүктөө жана берүү үчүн курулмалардын жана түзүлүштөрдүн комплекси;
11) мунай заттар - термокатализатордук жана мунайды химиялык синтездөө жана башка методдор менен чийки мунайды жана газды кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган, өзүнүн физикалык-химиялык көрсөткүчтөрү боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МС) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкеш келген заттар жана компоненттер;
12) мунайды кайра иштетүүчү завод - негизги функциясы мунайды бензинге, авиациялык керосинге, мазутка, дизелдик отунга, майлоочу майларга, майлоочуларга, битумдарга, газдарга, мунайхимиясы үчүн чийки затка кайра иштетүү болуп саналган өнөр жай ишканасы;
13) мунай сактоочу жай - мунайды же аны кайра иштетүүдөн алынган заттар үчүн резервуар же резервуарлар системасы;
14) мунай скважинасы - мунайды казып алуу үчүн багытталган тегерек кесилиштеги тоону иштетүү;
15) продукцияны берүү жөнүндө маалыматтарды белгилөө боюнча жабдуулар - программалык камсыздоонун (байланыштыруу блогу) жардамы менен Интернет аркылуу маалыматты берүүчү жабдуу;
16) мунай заттын партиясы - сапаты жөнүндө бир документ менен (паспорт менен) коштолуучу бир маркадагы мунай заттын саны;
17) сапат паспорту - лабораториялык сыноолордун натыйжасында алынган мунай заттын сапатынын көрсөткүчтөрүнүн сандык маанилеринин мунай заттын ошол маркасына ченемдик документте көрсөтүлгөн маанилерине шайкеш келишин белгилөөчү документ;
18) акциздик мунай заттар - Кыргыз Республикасында ЕАЭБ ТЭИ ТН классификаторуна киргизилген, аларды сатуу акциздер боюнча салык салуу объектиси болуп саналган мунай заттар;
19) керектөөчү - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды түздөн-түз өндүргөн уюмдан же рыноктон сатып алуучу;
20) резервуар - суюктуктарды жана газдарды сактоочу стационардык идиш;
21) чийки мунай - алардын салыштырма салмагына карабастан, нормалдуу атмосфералык температурада жана басымда жер астынан суюк абалда алынуучу кандай болбосун көмүр суу тектери, анын ичинде дистиллят (газоконденсат) же конденсат деген ат менен белгилүү болгон, табигый конденсациялоо аркылуу жаратылыш газынан пайда болгон суюк көмүр суу тектери;
22) отун таратуучу колонка - автомашиналарга мунай заттарды куюучу колонка;
23) өткөргүч түтүк - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды ташуу үчүн багытталган жердин үстүндөгү же астындагы ар кандай диаметрдеги түтүктөр;
24) транспортировкалоо - мунайды, газды жана аларды кайра иштетүүдөн алынган заттарды казылып алынган жерден алар сакталуучу жана кайра иштетилүүчү жерлерге, ошондой эле алар кайра иштетилүүчү жерден керектөөчүгө чейин өткөргүч түтүктөр боюнча, транспорттун башка түрлөрү менен белгилүү бир аралыкта берүү, бөлүштүрүү;
25) цистерна - суюктуктарды жана суюлтулган газдарды сактоо жана ташуу үчүн жабык курулма;
26) электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаз - мунай зат, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жана башкалар жөнүндө маалыматтарды камтыган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу электрондук документ.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мунайды жана мунай заттарды казып алуу, ташып келүү, өндүрүү, кайра иштетүү, жылдыруу, сактоо, жүктөп жөнөтүү жана сатуу ушул Жобого ылайык ишке ашырылат. Мунайга жана мунай заттарга 1-таблицада көрсөтүлгөн товарлар кирет.
1-таблица
Позициянын аталышы | ТЭИ ТН коду |
Мунай: |
|
Мунай, чийки мунай жана битумду камтыган тектерден алынган чийки мунай заттар | 2709001001 - 2709001009 |
Мунай заттар: |
|
- автомобиль бензини | 2710121101 - 2710129009 |
- реактивдүү отун | 2710192100 |
- дизелдик отун | 2710194210 - 2710194800 |
- мазут | 2710195101 - 2710196809, 2710203101 - 2710203909 |
- автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу кысылган жаратылыш газы (метан) | 2711110000 |
- автотранспорт каражаттары үчүн отун катары пайдаланылуучу суюлтулган газ (пропан) | 271112110 |
- мажбурлап от алдыруучу кыймылдаткычтар үчүн этанолдук отун | 2710124190 |
- таш көмүр чайырынан жогорку температурада кайнатылган май жана башка заттар; ароматтык эмес массасынан ароматтык курамдык бөлүктөрүнүн массасы ашык болгон ушул сыяктуу заттар: отун катары пайдалануу үчүн бензол | 2707991100 - 2707999900, 2707101000 |
- битумду камтыган тектерден алынган мунай жана мунай заттар (чийкиден башка), башка жерде аталбаган же киргизилбеген, 70 же андан ашык пайыз мунай жана мунай заттарды камтыган, битумду камтыган тектерден алынган заттар, мында бул мунай заттар иштетилген мунай заттардан тышкары, биодизель камтылган заттардын негизги түзүүчүсү болуп саналат | 271012, 271019, 3826009000, 271012250, 2710121509, 2710124190, 271012900 |
- башка мунай заттар (биоотун, экологиялык отун, жеңил дистилляттардын аралашмасы) | 2710201900, 271020900, 2711129700 |
- мунай жана көмүр суутектердин башка газ сыяктуу газдары (туруктуу газ композити) | 2709001001 |
- мунай заттар сыяктуу эле максаттарда пайдаланылуучу коргошундун кошулмаларынын негизиндеги башка антидетонаторлор | 3811111000 - 3811119000 |
- битумду камтыган тектерден алынган мунайды же мунай заттарды камтыган майлоочу майларга кошумдар | 3811210000 |
4. Кыргыз Республикасынын аймагында мунай заттарды сатуу үчүн төмөнкүдөй талаптар белгиленет:
1) Дүң сатуу менчик укугунда же башка мыйзамдуу негиздерде мунай заттардын же резервуардын базасына ээлик кылуу шартында гана ишке ашырылат. Ушул Жобонун 1-таблицасына киргизилген жана, колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МС) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышын жана маркасын идентификациялоодон өткөн гана мунай жана мунай заттар дүң сатылууга тийиш.
Мунай заттардын ар бир партиясы дүң (майда дүң) сатууда продукциянын паспортуна ээ болушу керек. Даярдоочу же сатуучу тарабынан берилүүчү (сатууга даяр продукцияны сактоочу ишканаларда) продукциянын паспорту продукциянын аталышын жана маркасын, продукцияны даярдоочу (сатуучу) жөнүндө маалыматтарды, анын дарегин, продукциянын ошол түрү үчүн мүнөздөмөнүн ченемдик маанисин, сыноолордун натыйжалары боюнча аныкталган мүнөздөмөлөрдүн иш жүзүндөгү маанисин, сынамдар алынган датаны, аталган сынам тандалып алынган резервуардын номерин (партиясынын номерин), продукция даярдалган датаны, продукцияга анализ жүргүзүлгөн датаны, ошондой эле продукцияда кошумдардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды камтыйт.
2) Чекене сатуу АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияларда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда гана алар контролдук-кассалык машиналар, жабдуулар (колонкалар) жана АБС менен камсыз кылынган шартта ишке ашырылат. АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияларда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда ушул Жобонун 1-таблицасынын 2, 4, 6 жана 7-саптарында аталган мунайзаттар, ошондой эле колдонулуудагы мамлекеттер аралык стандарттардын (МС) жана ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык аталышы жана маркасы идентификациялоодон өткөн башка акциздик мунай заттар гана сатылууга тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын аймагында мунай жана мунай заттарды казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатууну контролдоо үчүн контролдук пломбалар колдонулат, алар төмөнкүлөргө орнотулат:
- мунай скважиналарынын, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын, мунай сактоочу жайлардын, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардын цистерналарынын (резервуарлардын), өткөргүч түтүктөрүнүн ооз жагына, эсептөө механизмдерине;
- АМСтеги жана автомобилдик газ куюучу станциялардагы цистерналардын (резервуарлардын) ооз жагына, идиштердин (резервуарлардын) ооз жагына жана куюучу түтүктөрүнө.
Мунай заттарды контролдоо үчүн багытталган контролдук пломбаларда эки бирдей заводдук номер коюлууга тийиш.
6. Ыйгарым укуктуу салык органы мунай скважиналарындагы, мунайды кайра иштетүүчү заводдордогу, мунай базаларындагы, мунай сактоочу жайлардагы, АМСтеги, автомобилдик газ куюучу станциялардагы жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардагы цистерналарды (резервуарларды), өткөргүч түтүктөрдү, эсептөө механизмдерин пломбалоо үчүн пломбаларга заказ берет. Аймактык салык органдары ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен формага ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын кампасынан өтүнмөнүн негизинде контролдук пломбаларды алышат.
7. Мунайды жана мунай заттарды ташып келүүдө, жүктөп жөнөтүүдө, ташууда жана сатууда Кыргыз Республикасынын аймагында мунай заттардын жүгүртүлүшүн контролдоо үчүн милдеттүү түрдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар колдонулат.
8. Мунайды жана мунай заттарды мунай скважиналарынан, мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай базаларынан, мунай сактоочу жайлардан, темир жолдогу куюучу туюктан цистерналарда берүүгө жана мунайды кайра иштетүүчү заводдордон, мунай сактоочу жайлардан, мунай базаларынан, АМСтен, автомобилдик газ куюучу станциялардан кабыл алуу-берүү электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө милдеттүү түрдө толтуруу менен коштолушу керек.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Мунай заттарды сактоо, ташуу жана сатуу шарттары сакталбаган учурда ишкер субъекттерге Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары колдонулат.
9. Мунай заттарды кабыл алууда жана берүүдө мунай заттарга электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды контролдоо үчүн, мунай жана мунай заттарга контролдук пломбаларды орнотуу үчүн мунай скважиналарынын, мунайды кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын, мунай сактоочу жайлардын, темир жолдогу куюучу туюктун, АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органынын буйругу менен АМС жана мунай базаларынын инспекторлору дайындалышат, алар мунайды кайра иштетүүчү заводдордо, мунай базаларында, мунай сактоочу жайларда, темир жолдогу куюучу туюктарда, АМСте, автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда мунайды жана мунай заттарды жүктөп жөнөтүүгө жана кабыл алууга катышышат.
2-глава. АБС жабдуунун жана колдонууга киргизүүнүн шарттары
10. Мунай заттарды ташып келүүчү, сактоочу, өндүрүүчү жана сатуучу ишкер субъекттер (мындан ары - ишкер субъект) 2020-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө АБС ишке киргизүүгө жана колдонууга милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
11. АБС жана техникалык талаптарга ылайык келген продукцияны берүү жөнүндө маалыматты белгилөө боюнча жабдуу ишкер субъект тарабынан өз алдынча сатып алынат жана орнотулат.
12. АБС продукцияны берүү жөнүндө маалыматты белгилөөчү жабдуу менен жабдуу жана аларды тейлөө ишкер субъект тарабынан ишке ашырылат.
13. Ишкер субъект АБС сертификациялоо жол-жоболорун ыктыярдуу тартипте ишке ашырат.
14. Ыйгарым укуктуу салык органы АБС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүүсүнө карата талаптарга ишкер субъекттер тарабынан орнотулган мунай заттарды берүүнүн автоматташтырылган электрондук системасынын шайкештигин функциялык жактан салыштыруу үчүн байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, стандартташтыруу жана метрология боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана экологиялык жана техникалык коопсуздук маселелери боюнча мамлекеттик көзөмөл жана контролдоо жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган курамында болгон аймактык ведомстволор аралык комиссияны түзөт.
15. Ушул Жобонун 10-пунктунун аткарылышы камсыз кылынбаган учурда же АБС менен контролдук-кассалык машинанын өз ара аракеттенүү талаптарына функциялык жактан шайкеш келбеген учурда ишкер субъектке АМСтен, автомобилдик газ куюучу станциялардан жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциялардан мунай заттарды чекене сатууга тыюу салынат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Мунайды жана мунай заттарды мунай скважинасында, мунайды иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда же темир жолдогу куюучу туюкта кабыл алууну жана жүктөп жөнөтүүнү эсепке алуу
16. Ишкер субъекттер мунай жана мунай заттарды казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатууну эсепке алуу жана контролдоо үчүн мунай скважинасына, мунайды иштетүүчү заводго, мунай базасына, мунай сактоочу жайга же темир жолдогу куюучу туюкка мунай базасынын инспекторун бөлүп берүү зарылдыгы жөнүндө аймактык салык органына маалымдайт. Мунай базасынын, мунай скважинасынын, мунайды иштетүүчү заводдун, мунай сактоочу жайдын жана темир жолдогу куюучу туюктун инспектору мунайды иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда жана темир жолдогу куюучу туюкта мунайдын жана мунай заттардын казып алынышын, өндүрүлүшүн, түшүшүн, сатылышын жана алардын идиштериндеги иш жүзүндөгү калдыгын контролдойт.
17. Ишкер субъекттер мунай базасынын инспекторун мунай скважинасында, мунайды иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда жана темир жолдогу куюучу туюкта мунайды жана мунай заттарды казып алууну, ташып келүүнү, өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, ташууну, сактоону, жүктөп жөнөтүүнү жана сатылышын эсепке алуу үчүн иш орду менен камсыз кылышат.
18. Мунай базасынын инспектору төмөнкү учурларда катышат:
1) мунай скважинасынан мунайды (чийки затты) жөнөтүүдө;
2) мунайды иштетүүчү заводдо мунайды (чийки затты) кабыл алууда;
3) мунай заттарды мунайды иштетүүчү заводдо, мунай базасында, мунай сактоочу жайда же темир жолдогу куюучу туюкта кабыл алууда жана берүүдө.
19. Ишкер субъекти мунай базасынын инспекторуна товарга эсеп-фактураны, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды жана декларацияны берет. Мунайды жана мунай заттарды кабыл алууда мунай базасынын инспектору ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына төмөнкү маалыматтарды киргизет жана/же салыштырып текшерет:
1) кабыл алуу/жүктөө датасы;
2) жөнөтүүчүнүн/импорттоочунун аталышы:
3) жөнөтүүчүнүн салыктык катталган жери;
4) жөнөтүүчүнүн идентификациялык салык номери;
5) товарга эсеп-фактуранын/электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын/жүк декларациясынын номери;
6) контролдук пломбанын номери;
7) чийки заттын, мунай заттын түрү жана маркасы;
8) көлөмү (литр).
20. Мунайды кайра иштетүү заводдон, мунай базасынан, мунай сактоочу жайдан жана темир жолдогу куюучу туюктан мунайды жана мунай заттарды жүктөп жөнөтүүдө (берүүдө) мунай базасынын инспектору мунай затка электрондук-товардык кагаздагы маалыматтарга ылайык, ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына мунай зат тууралуу маалыматтарды күн сайын киргизип турат жана/же салыштырып турат, цистерналардын оозун, куюучу люктарын пломбалап, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазга “Ташып чыгууга уруксат” деген энчилүү штампын коёт.
21. Ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет жана/же салыштырылат:
1) мунай зат берилген күн;
2) мунай затты сатып алуучу субъекттин аталышы жана идентификациялык салык номери;
3) эсеп-фактуранын сериясы, номери жана датасы;
4) мунай затка электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын номери жана берилген датасы;
5) мунай заттын аталышы;
6) мунай заттын чыгарылып жаткан көлөмү;
7) контролдук пломбанын номери;
8) транспорт каражатынын мамлекеттик номери;
9) транспорт каражатынын айдоочусунун аты-жөнү.
22. Мунай базасынын инспектору ай сайын мунайды иштетүүчү заводдун, мунай базасынын, мунай сактоочу жайдын жана темир жолдогу куюучу туюктун идиштериндеги мунайдын жана мунай заттардын калдыктарын ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасындагы маалыматтарга шайкештигин текшерип турат.
4-глава. Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) катышкан өлкөлөрдүн чек арадагы контролдоочу-өткөрүүчү пункттары аркылуу ташылып келген мунайды жана мунай заттарды эсепке алуу
23. Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды ташып келүүчү субъекттерди контролдоо максатында ыйгарым укуктуу салык органынын же контролдоо-өткөрүү пункту (ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттары) жайгашкан жердеги аймактык салык органынын буйругу менен жооптуу инспекторлор бекитилет.
24. Кыргыз Республикасынын аймагына мунай же мунай зат цистернада алынып келген учурда жооптуу инспекторлор эсеп-фактуранын, эл аралык транспорттук коштомо кагаздын (CMR), электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын, салык органында катталгандыгы жөнүндө маалым каттын, коштомо кагаздын, стандартташтыруу жана метрология чөйрөсүндөгү орган тарабынан берилген цистернага маалым каттын күбөлүгүнүн бар болгондугун жана туура толтурулгандыгын жана ташып келинүүчү мунай же мунай заттын иш жүзүндөгү көлөмүн текшеришет.
25. Ушул Жобонун 24-пунктунда көрсөтүлгөн документтер болгон жана туура келген учурда, жооптуу инспектор цистернаны пломбалайт, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча пломбалоо актысын түзөт. Бул актыга субъект же анын жооптуу адамы кол коёт, экинчи нуска актыга кол койгон адамга тапшырылат.
26. Жооптуу кызматкер ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына төмөнкүлөрдү киргизет:
1) ташылып келген күнүн;
2) мунай затты жеткирүүчүнүн аталышы жана идентификалык салык номери;
3) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ортосунда соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына товарларды ташып келүүдө (импорттоодо) пайдаланылуучу электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын номери жана датасы;
4) контролдук пломбанын номери;
5) мунай заттын түрү жана маркасы;
6) мунай заттын көлөмү (литр);
7) сатып алуу баасы.
Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтар киргизилгенден кийин жооптуу инспектор жана субъект же анын жооптуу адамы контролдук-өткөрүү пунктунун тиешелүү китебине өзүнүн колун коёт, андан кийин цистерна багытталган пунктка жөнөйт.
5-глава. АМС, автомобилдик газ куюучу станцияда жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станцияларда мунай заттарды кабыл алуунун тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Салык органынын жетекчисинин буйругу менен ар бир аймактык салык органы боюнча райондун аймагында жайгашкан АМС, автомобилдик газ куюучу станциянын ишин тейлеген инспекторлор бекитилет. Ушул жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасын жана 8-пунктун аткаруу боюнча белгиленген мөөнөттөргө чейин АМСтин инспектору мунай затты кабыл алууда АМС, автомобилдик газ куюучу станция келүүгө (ушул жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасын толугу менен аткарган субъекттерден тышкары), контролдук пломбанын сакталышына жана ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын келип түшкөн мунай заттарга шайкештигин контролдоого милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Ишкер субъект аймактык салык органына же АМСтин инспекторуна (мобилдик телефон аркылуу же жазуу түрүндө) АМСке жана АГКСке мунай заттардын келип түшкөнү жөнүндө билдирүү берет. Билдирүүнү алган соң АМСтин инспектору АМСке, автомобилдик газ куюучу станция келет жана цистернаны кабыл алат, мында төмөнкүлөрдү текшерет:
1) ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы мунай заттардын электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазында маалыматтардын бар экендигин жана тууралыгын;
2) контролдук пломбанын болушун жана электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын маалымдары менен шайкештигин;
3) мунай заттын иш жүзүндөгү көлөмүнүн электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздагы маалыматтарга шайкеш келишин.
Бузуулар жок болсо, АМСтин инспектору цистернадагы, АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын идиштеринин коюучу люктарындагы пломбаны чыгарып (ушул Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасын толук аткарган субъекттер пайдаланылган жана автоцистерналардан чыгарылган контролдук пломбаларды АМСтин инспекторуна беришет), ишкер субъектиге мунай затты куюусуна уруксат берет, мында ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына төмөнкүдөй маалыматтарды киргизет (жана/же салыштырып чыгат):
1) куюу датасы;
2) мунай затты жеткирүүчүнүн аталышы жана идентификациялык салык номери;
3) мунай затка электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздын сериясы, номери жана датасы;
4) мунай заттын түрү жана маркасы;
5) мунай заттын көлөмү (литр);
6) сатып алуу жана сатуу баасы;
7) орнотулган контролдук пломбанын номери.
29. Мунай зат цистернадан куюлгандан кийин АМСтин инспектору мунай зат куюлган автомобилдик газ куюучу станциянын идишинин куюучу люгуна жана газды кабыл алуу жана куюучу кранга контролдук пломба коёт. Коюлган пломбанын номери ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына киргизилет.
30. Бир эле мезгилде бир нече АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга мунай заттар келген учурда, АМСтин инспектору бир АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга келип, ушул Жобонун 28-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду аткарат жана акт түзүлгөн убакытты көрсөтүү менен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген форма боюнча контролдук пломбаларды чыгаруу актысын түзөт. Мунай затты ушул АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга куюп жаткан учурда башка АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга мунай затты кабыл алуу үчүн кетүүгө укуктуу.
Башка АМСте, автомобилдик газ куюучу станцияда мунай затты кабыл алгандан кийин АМСтин инспектору милдеттүү түрдө биринчи АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга келип, куюлган мунай заттын көлөмүн текшерүүгө жана идишти пломбалоого тийиш.
Бир цистернадан бир нече АМСке, автомобилдик газ куюучу станциянын резервуарына мунай зат куюлган учурда, АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга куйган АМСтин инспектору башка АМСКе, автомобилдик газ куюучу станцияга мунай заттын калдыгын жиберип жаткан учурда цистернага контролдук пломба коёт жана мунай заттын бөлүгүн кабыл алуу актысын түзөт жана аны ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасына маалыматтарды киргизет.
31. АМСтин инспектору мунай затты куюуга мүмкүн болгон башка жерлерге - АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын идиштерине, ошондой эле автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын магистралдык өткөргүч түтүктөрүнүн эсептөөчү механизмдерине да контролдук пломбаларды орнотот. Пломбаларды орнотуу ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат системасына киргизип жана пломбалоо актысын түзүү менен ырасталат.
АМСтин инспектору ай сайын АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын идиштериндеги мунай заттардын калдыктарын жана АМСтин, автомобилдик газ куюучу станциянын жана автомобилдик газ толтуруучу компрессордук станциянын май таратуучу колонкаларынын эсеп механизмдеринин көрсөткүчтөрүн ыйгарым укуктуу салык органынын маалыматтык системасындагы жазууларга ылайык келүү жагынан текшерет.
32. Ушул Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасынын талаптарын толук түрдө аткарган субъекттер үчүн АБС мөөнөтүнөн мурда орнотулса АМСке, автомобилдик газ куюучу станцияга мунай заттарды куюуда люкту пломбалоо жана пломбасын алуу жол-жоболорун жүргүзүү талап кылынбайт.
6-глава. Контролдук пломбаларды алуу, пайдалануу жана жок кылуу
33. АМСтин же мунай базасынын инспектору тийиштүү аймактык салык органынан контролдук пломбаларды алат жана контролдук пломбалардын сакталышы, пайдаланышы жана эсепке алынышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
34. Контролдук пломбада заводдук брак табылган учурда АМСтин же мунай базасынын инспектору ыйгарым укуктуу салык органына андан ары жиберүү жана контролдук пломбаларды жеткирүүчүгө кайра берүү үчүн аймактык салык органына пломбаны тапшырат.
35. Пайдаланылган, ошондой эле ушул Жобонун 4-пунктунун 2-пунктчасын толук аткарышкан субъекттерден алынган, автоцистерналардан чыгарылган (жулунган) контролдук пломбалар квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин жок кылынат. Пломбаларды жок кылуу аймактык салык органынын начальнигинин буйругу менен бекитилген комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
36. Комиссиянын курамына аймактык салык органынын начальнигинин орун басары, ишкер субъекттин юристи, чарбалык бөлүмүнүн башчысы, тийиштүү бөлүмүнүн башчысы жана жооптуу адамы кирет.
37. Пломбаларды жок кылуу пайдаланылган контролдук пломбаларды өрттөө жолу менен жүргүзүлөт жана жок кылынуучу контролдук пломбалардын номерлерин ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча көрсөтүү менен жок кылуу актысы түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат.