Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIV СЕССИЯСЫ
2019-жылдын 2-июлу № 4
Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
(2020-жылдын 22-декабры № 6 токтомуна ылайык)
Нарын шаарындагы 2 көрнөк-жарнак такта Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына тиешелүү, ал эми 20 көрнөк-жарнак тактасы турган жер аянттары жеке адамдарга ижарага берилген. Бүгүнкү күндө шаардагы жайгашкан көрнөк-жарнак такталары шаардын элине кызмат көрсөтүүдө.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана шаардык Кеңештин Регламентине, тиешелүү туруктуу комиссиянын чечимине ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын бир айлык ижара акысынын тарифи төмөндөгүдөй бекитилсин:
а) Нарын шаарындагы Муниципалдык менчиктеги көрнөк-жарнак такталардын бир тарабын, бир айга 4,0 миң сомго;
(2020-жылдын 22-декабры № 6 токтомуна ылайык)
б) Жеке адамдарга тиешелүү көрнөк-жарнактардын такталардын бир чарчы метрин, бир айга 50 сомго;
в) ал эми май куйуучу бекеттердин, коммерциялык уюумдардын (банк, мейманкана, ресторан ж.б.) алдында турган стеллалардын бир чарчы метрин, бир айга 150 сомго.
2. Токтомду аткаруу Нарын шаардык муниципалдык менчикти башкаруу жана калкка кызмат көрсөтүү ишканасына тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов
|