Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Нарын шаардык кеӊешинин IV -чакырылыштагы кезектеги XXXV сессиясы
2020-жылдын 22-декабры № 6
Нарын шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 2-июлундагы IV чакырылыштагы ХХIV сессиясынын “Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө” №4 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамына, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамынын 12-беренесинин 6-бөлүмүнө, 17-беренесинин 1,2-бөлүмдөрүнө ылайык Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 2-июлундагы IV чакырылыштагы ХХIV сессиясынын “Нарын шаарындагы көрнөк-жарнак такталардын ижара акысынын тарифин бекитүү жөнүндө” №4 токтомунун 1-пунктунда келтирилген үч пунктчалардын алдындагы тегерек белгилемелер а), б), в) жабылма ийри кашаалары коюлган алфавиттик тамгаларга алмаштырылсын.
2. Токтомдун 1-пуктунун 1-пунктчасындагы “4,0” деген сандан кийин “миң” деген сөз менен толукталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жооптуу катчы А.Абдыкеримовго тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ботоканов |