Загрузка документа…
ЧАЛМА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI шайланган) заседаниеси
2019-жылдын 18-марты № 23/2
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кара-Кулжа районунун аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясына ылайык Чалма айыл өкмөтүндө ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча жобону жана айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кара-Кулжа районунун аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясына ылайык Чалма айыл өкмөтүндө ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча жобону жана айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө сунушту угуп жана талкуулап Чалма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү» жылы деп жарыялоо тууралуу жарлыгын ар тараптуу ишке ашыруу максатында Кара-Кулжа районунун аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындын резолюциясына ылайык Чалма айыл өкмөтүндө ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча жобо бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2. Чалма айыл өкмөтүндө ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча айыл өкмөтүнүн комиссиясынын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1.Кадыркулов Абдырасул-айылдык кеңештин төрагасы,комиссиянын төрагасы
2. Ормонова Асилбү-айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
3.Алишов Чолпонкул-айыл өкмөтүнүн башчысы
4.Айдаралиев Мамадали-ардагерлер кеңешинин төрагасы
5. Жорубаева Сулуукан-аялдар кенешинин төрайымы
6. Абдикеримов Мирбек-жаштар кенешинин төрагасы
7. Эрмекбаев Баниман-айылдын имамы
8.Төрөш уулу Айбек-участкалык инспектор
9.Камбаров Сайдимамат-аксакалдар сотунун төрагасы
10.Тойтуков Малабай-айыл аксакалы
11.Арзиева Маалимбү-айыл туругуну
3. Түзүлгөн комиссия жобону жетекчиликке алып иш алып барышсын
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чалма айылдык Кеңешинин баардык комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Кадыркулов.А |
Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагында ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча маселени талкуулап, ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча эл арасында айтылган ой-пикирлерди эске алуу менен төмөндөгүлөр сунушталат:
Тажияда төмөндөгү нерселер ыксыз чыгымдын көбөйүшүнө шарт түзөт:
Тажияда жылкы, бодо мал союу
Үчтүк, пайшамбилик, жетилик ,кырктык жана жылдык өткөрүү
Өткөн маркумду эскерип көк кийүү
Себет көтөрүү, себет алып баруу, себет кабыл алуу
Чай ичирүү
Маркумдун бейитине эстелик тургузуу
Тажияда маркумду узатууда ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча:
1. Тажияда жана жылдыкта эки кой же бир бододон ашык союлбасын. Сөөк кайтаргандарга союш союлбасын. (Эки кой союлса бодо союлбайт, бир бодо союлса жандык союлбайт.)
2. Үчтүк, пайшамбилик, жетилик, кырктык жана жылдык өткөрүүгө тыюу салынсын.
3. Өткөн маркумду эскерип көк кийүү маркумдун жубайына гана болсун. Көк кийүү шариатта жок экенин айылдын имамдары элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.
4. Чай ичирүүгө, союш жетелөөгө, атайын үй бөлүп коноктоого, сандык ачууга, жыртыш берүүгө, себет алып барууга, себет кабыл алууга тыюу салынсын.
5. Маркумдун бейитине эстелик тургузулбасын. Элүү жылда эл жаңы, жүз жылда жер жаңы. Толгон күмбөздөр кайра жайга иштетүүгө берилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн элин социалдык жактан муктаждыкка түрткөн ыксыз чыгымдарды, ысырапкерчиликтерди азайтуу максатында айыл өкмөтүндө, ар бир айылдарда атайын комиссиялар түзүлсүн. Айылдык комиссиялар айыл өкмөтүндөгү комиссияга, айыл өкмөтүндөгү комиссия райондогу комиссияга ар бир айдын 25-30 дарында жасаган иштери боюнча отчет берип турушсун. Айыл өкмөтүнүн башчысы жылына бир жолу ыксыз чыгымдар боюнча айылдык кенештин сессиясында депутаттарга отчет берсин.
7. Баардык айылдарда жыйындар өткөрүлүп, жобо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.