Загрузка документа…
КУМБЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 9
Кумбел айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Кеӊешинин курамын жана Уставын бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу жѳнүндѳ” Кыргыз Респбуликасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында, «Коомдук алдын алын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү» жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 27.10.2015-ж. № 747 токтомун жетекчиликке алып, аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында, Кумбел айылдык Кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги XXXXIV-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кумбел айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун Кеӊешинин курамы бекитилсин. (Тиркеме-1)
2. Кумбел айыл аймагынын Коомдук алдын алуу борборунун уставы бекитилсин. (Тиркеме-2)
3. Кумбел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Көчөровго Коомдук алдын алуу борборун уюштуруу маселеси боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
4. Токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ысык-Кѳл областык юстиция башкармалыгына жѳнѳтүлсүн.
5. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Кумбел айылдык Кенешинин “Бюджеттик финансы,экономика жана инвестицияларды тартуу, калкты социалдык жактан коргоо, депутаттык иш жана этика, коомдук уюмдар, укук коргоо, чакан бизнес маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.А.Мамытов |
Кумбел айылдык кенешинин 2018-жылдын 10- декабрындагы №3 токтому менен бекитилди.
1.Ушул типтүү жобо Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө
кодексинде(мындан ары кодекс)каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын(мындн ары комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин карайт.
2.Комиссия жергиликтү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегиалдуу орган болуп эсептелет.
3.Комиссия жөнүндө жобо,анын сандык жана персоналдык курамыжергиликтүу кенештин чечими менен бекитилет.
4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын конституциясын,Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин,башка ченемдик актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.
5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктарга ээ.
6.Комиссия жергиликтүу кенештин алдында отчет берет.Комиссия жыл сайын 15- январдан кеч эмес өткөн календардык жылда аткарган өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүу кенешке киргизет.
7.Комиссиянын ишмердүулүгүн материалдык техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралагн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.
2.Комиссиянын түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби
8. Комиссия так санда 5-11 адамдан,комиссиянын төрагасынын, төрагасынын орун басарынын,катчысынын жана мүчөлөрунун курамында түзүлөт.
9.Жергиликтүу кенеш тарабынан бекитилүүчү комиссиянын курамына төмөндөгүлөр киришет:
-жергиликтүү кенештин депутаттары;
-муниципалдык кызматчылар;
-шаардын чегинде жашаган жарандык коомдун жана жергиликтүу жамааттын өкулдөрү(макулдашуу боюнча)
Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен ал эми комиссиянын катчысы муниципалдык катчысы болгон комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
10.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон,атайын орто жана(же)жогорку билимдүү Кыргыз Республикасынын жараны комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен дайындалат.
11.Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:
-соттун чечими менен аракетке жөндөмсүзже аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табылган;
-соттуулугу бар же мыйзамда аныкталган тартипте алынбаган же жабылбаган соттуулугу бар;
-акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши) токтотулган,мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;
-медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы комиссиянын мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар комиссиянын мүчөсү боло албайт.
12.Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүу кенеш комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана комиссиянын жаңы курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
13.Комиссиянын ыйгарым укутары ошондой эле:
-жарандык коомдун жана жергиликтүуү жамааттын өкүлү болуп эсептелген комиссиянын мүчөсүөз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жазүү жүзүндө арыз берген учурда;
-комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
-комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
Күчүнө кирген соттун чечими менен комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адамаракетке жөндөмсүз же араектке жөндөмдүүлүгү чектелген, дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;
-медииналык корутундуга ылайык,комиссиянын мүчөсүнүн ден соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;
-комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн намысын жана кыдыр-баркын кетирүүчү жоосун жасаган учурда;
-Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
-Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда,Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
-Жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганда;
-Жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
14.Комиссиянын жаны мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык күндөн кеч эмес бекитилет.
15.Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
16.Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3.Комиссиянын ишинин тартиби
17.Комиссиянын ыйгарым укуктары Кодексте аныкталган.
18.Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
19.Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса,комиссиянын отуруму укуктуу болот.
Эгерде комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн жарымынан көбүдобуш берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.
20.Бузуулар жөнүндө ишти комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө,Кодексте аныкталган тартипте карайт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өз чечимдери менен бүзүүлар жөнүндөпротокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын тизмегин аныктайт.
22.Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
23.Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып:
а)төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат
1)жаза чарасын колдонуу жөнүндө;
2)туумду кошуп эсептөө жөнүндө;
3)иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;
б) Ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы ачыкталган кезде,ишти ведомстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.
24.Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,жаза чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
25.Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
26.Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
27.Комиссиянын мүчөлөрү:
Төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен танышууга;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
-Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга;
-жүрүм-турумдун эрежелерин сактоого;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга .
Төмөндөгүлөргө укуктуу;
-бузуу жөндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроо берүүгө;
-бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдерге сунуштарды кийирүүгө;
-Кодексте каралган башка укуктарга.
28.Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары,төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу,уюштуруу жана жетектөө;
-Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;
-Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамалга жана токтомдорго),ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;
-Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.
Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктарынан сырткары ,төмөнкүдөй укуктарга ээ;
-өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;
-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
29.Комиссинын төрагасынын орун басары Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын-ала даярдоону уюштурат;
-Комиссиянын төгасынын тапшырмаларын аткарат;
-Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын ишке ашырат;
-ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
30. Комиссиянын катчысы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин аткаруудан сырткары:
-бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат;
-ѳз ишмердүүлүгүн Комиссиянын тѳрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат;
-Комиссиянын тѳрагасынын тапшырмаларын аткарат;
-келип түшкѳн материалдарды, билдирүүлѳрдү жана арыздарды, ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин кѳрсѳткѳн, массалык маалымат каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл алат жана каттайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун талаптарына ылайык даярдоону жана тариздѳѳнү камсыз кылат;
-Комиссиянын мүчѳлѳрүн, бузуулар жѳнүндѳ ѳндүрүшкѳ катышып жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын каросуна киргизилген иштердин материалдары менен тааныштырат;
-Комиссиянын отурумдарынын протоколун жүргүзѳт жана тариздейт, аларга кол коет;
-Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана токтомдорго) кол коет;
-аныктамардын жана токтомдордун кѳчүрмѳлѳрүн тиешелүү адамдарга белгиленген мѳѳнѳттѳрдѳ тапшырууну же жѳнѳтүүнү камсыз алат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;
-Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун аткарылышына кѳзѳмѳл жүргүзѳт;
-Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылат;
-Бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароонун тажрыбайсын иликтейт жана жалпылайт, комиссиянын ишмердүүлүгүн жѳнгѳ салуучу ченемдик укуктук актыларды ѳркүндѳтүү боюнча сунуштарды даярдайт;
-отчеттуулукту жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзѳт;
-Кодекске жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат;
Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин комиссиянын тѳрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчѳлѳрүнүн бири аткарып турат;
31.Эгерде Комиссиянын мүчѳлѳрү:
-бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын, жабырлануучунун, анын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүнүн, коргоочусунун, ѳкүлүнүн, адвокатынын, ошондой эле күбѳсүнүн, эксперттин, адисттин, котормочунун туугандары болушса;
-иштин чечилишине тике же кыйыр түрдѳ кызыкдар болушса, алардын бузуулар жѳнүндѳ иштерди кароого катышууга акысы жок.
5.Комиссиянын иш кагаздарын жүргүзүү
32. Иш кагаздарын жүргүүзүгѳ жалпы жетекчилик Комиссиянын тѳрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
33.Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматардын ѳз убагында жана анык, так киргизилиши, үчүн жоопкерчиликти комиссиянын катчысы тартат.
34.Бузулар жѳнүндѳ иш ѳндүрүшүнүн катышуучуларына бардык зарыл документтерди жѳнѳтүү комиссиянын катчысы тартат.
35.Бузуулар жѳнүндѳ иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун датасы дайындалгандан кийинки күндѳн кеч эмес жиберилиши керек (№3-тиркеме).
Жиберилген кабарлама адресатка тапшырылбай калганы билинген учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай калуунун себептерин аныктоого, бул тууралуу комиссиянын тѳрагасында билдирүүгѳ, анын кѳрсѳтмѳсү боюнча кабарламанын ѳз убагында тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды кѳрүүгѳ милдеттүү.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бѳлүгү ишке тигилет.
36.Бузуу жасалган жерде айып пул ѳндүргѳн учурда айып пулду тѳлѳѳ банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлѳт, ал эми тѳлѳѳнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, комиссиянын катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл алынган үлгүдѳгү, атайын финансалык отчеттулуктун документи болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчѳгүн (квитанция) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу тѳлѳѳгѳ макулдугун билдирип айып пул дүмүрчѳгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
37.Комиссиянын катчысы бузуулар жѳнүндѳ иштерди түзүүнү, аларды тѳмѳндѳгүдѳй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигинүү камсыздайт;
-бузуулар жѳнүндѳ протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;
-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкѳн иретинде жайгаштырылган бардык документтер;
-белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;
-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамар, токтомдор.
Бардык документтер кѳктѳмгѳгѳ алардын тексти кѳрүнѳп тургандай болуп кѳктѳлѳт.
38.Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат. Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип түшкѳн жылды камтыйт.
39.Бузуулар жѳнүндѳ протокол түзүүчү кызмат адамдарды бузуулар жѳнүндѳ каралган иштер тууралуу маалыматтарды комиссия менен ай сайын салыштырып турушат.
40.Комиссия ай сайын комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын райондук (шаардык) бѳлүмү менен салыштырып текшерип турат.
41.Комиссия тѳмѳндѳгүдѳй эсеп журналдардын жүргүзѳ алат;
-бузуулар жѳнүндѳ иштерди эсепке алуу журналы;
-айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы (№4-тиркеме).
42.Журналдардын барактары номурланган, кѳктѳлгѳн, мѳѳр менен бекитилген болууга тийиш, эсеп журналындагы бардык жазуулар окуй алгыдай даана, кѳк же сыя кѳк түстѳгү сыя (паста) менен жазылат.
43.Журналдарды сактоо мѳѳнѳтү 3-жыл.Бузуулар жѳнүндѳ иштерди сактоо мѳѳнѳтүү 5-жыл. Кѳрсѳтүлгѳн мѳѳнѳт аяктагында алар тизим боюнча архивге тапшырылат.
44.Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана мекеме-уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлардан сырткары, комиссиянын тѳрагасынын уруксатысыз берилбейт.
Тиркеме 1 Кумбел айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 28-августундагы №9 токтому менен бекитилди.
Коомдук алдын алуу борборунун Кеӊешинин курамы.
1.Мамытова М.С.-К.Орозов атындагы орто мектебинин директору
2.Сыдыкова Г.М.-Ч.Иманкулов атындагы орто мектебинин директору
3.Атаканова Р.Ж.-Айылдык кеӊештин депутаты
4.Исмаилова К.З.-Айыл өкмөтүнүн социалдык жактан коргоо боюнча адиси
5.Арзыбек у.У.-Айыл башы
6.Жеӊишбек у.А.-Д.Сыдыков атындагы жаштар уюмунун төрагасы
7.Анварбек у.А.-Дидар атындагы жаштар уюмунун төрагасы
8.Кумбел айыл аймагынын нускоочусу(участковый)-макулдашуу боюнча.
Жоопту катчы Э.Төлөгөнов
Тиркеме 2 Кумбел айылдык кеӊешинин 2019-жылдын 28-августундагы №9 токтому менен бекитилди.
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү административдик аймакта түзүлүүчү коммерциялык эмес уюм.
2. Коммерциялык эмес уюмдун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “Кумбел айыл аймагынын” Коомдук алдын алуу борбору” коомдук бирикмеси”;
- расмий тилде: “Общественное объединение “Общественно-профилактический центр” “Кумбельского айыльного аймака”.
Коммерциялык эмес уюмдун кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: “КАБ” КБ”.
- расмий тилде: “ОО “ОПЦ”.
3. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
4. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
5. КАБ өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы бар.
6. Коммерциялык эмес уюмдун юридикалык дареги: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү № 100
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги: Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Корумду айылы, Орозов көчөсү № 100
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын, айылдын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. КАБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- тиешелүү шаардын, айылдык аймактын жана тиешелүү шаардын, айыл аймагынын курамдарына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Ошол шаарда, айылдык аймакта туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, айылдык, шаардык кеңештердин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин, кондоминиумдардын төрагалары жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КАБдын Уставын сактоого;
- КАБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КАБдын мүчөсү каза болгондо;
- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КАБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.
5. КАБдын жетектөөчү органдары жана алар тарабынан каралуучу маселелер
22. КАБдын жогорку органы болуп жалпы чогулуш эсептелет.
23. Жалпы чогулуш эгерде, чечим кабыл алууга анын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси, ал эми коомдук бирикменин 100дөн ашуун мүчөсү болгон учурда - 25 мүчөсүнөн кем эмеси катышса кворумга ээ болот.
24. Жалпы чогулуштун өзгөчө компетенциясын төмөнкү маселелер түзөт:
- Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
- КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, анын мүлкүн пайдалануу тартиби;
- коомдук бирикменин мүчөлөрүн кабыл алуу же андан чыгаруу (эгерде уставда башкача белгиленбесе);
- башкаруу органдарын түзүү тартиби;
- иши жөнүндө жылдык отчетту жана жылдык балансты бекитүү;
- башка юридикалык жактардын ишине катышуу;
- кайра уюштуруу жана жоюу;
- башка маселелер.
25. КАБ жалпы чогулуштун жыйындарын өткөрүү жана мүчөлөрдү кат жүзүндө сурамжылоо менен чечим чыгарышы мүмкүн.
26. КАБдын жалпы чогулушу зарылдыкка жараша, бирок жылына бирден кем эмес жолу чогулат.
27. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органы болуп КАБдын Кеңеши (мындан ары - Кеңеш) саналат, ал КАБдын жалпы чогулушуна жана ЖӨБОго отчет берип турат.
28. Кеңештин курамы ЖӨБдүн аткаруучу органынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңештин чечими менен 2 жылдык мөөнөткө бекитилет.
29. Кеңештин курамына уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын жетекчилери, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, ЖӨБдүн аткаруучу органынын жооптуу кызматкерлери, кондоминиумдардын, балдар иштери боюнча комиссиялардын өкүлдөрү, ИИОнун жана башка укук коргоо органдарынын, коомдук бирикмелердин, жергиликтүү коомдоштуктун, КАБдын мүчөлөрү болуп саналган жарандык коомдун өкүлдөрү кире алышат.
30. Кеңештин чечими Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
31. Кеңештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- төраганы, анын орун басарын жана жооптуу катчыны шайлоо;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча иштердин программаларын бекитүү жана ишке ашыруу;
- Кеңештин пландарын жана иш-чараларын бекитүү;
- ЖӨБОнун жана КАБдын жалпы чогулушунун чечими менен аныкталган милдеттерди ишке ашыруу;
- КАБдын мүчөлүгүнө кабыл алуу жана КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелерин жана башка социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө активдүү катышкан жарандарды, коомчулукту сыйлоо жөнүндө өтүнүч каттарын киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, ЖӨБОнун локалдык актылары менен киргизилген, ушул Уставга каршы келбеген башка маселелер.
32. Кеңеш коомдук башталышта иш алып барат. Кеңешке Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары жетекчилик кылат.
33. КАБдын Кеңешинин төрагасынын компетенциясына төмөнкү маселелер кирет:
- КАБдын жалпы чогулушунун чечимдеринин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
- баардык мамлекеттик, жеке, коомдук уюмдарда жана бирикмелерде КАБдын атынан ишеним катсыз чыгуу;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүү жана аларды бузуу;
- банктарда эсептерди ачуу жана КАБдын каражаттарын тескөө;
- КАБдын жалпы чогулушунун, Кеңештин өзгөчө компетенциясына кирбеген башка ыйгарым укуктар.
34. Кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоону Кеңештин жооптуу катчысы ишке ашырат.
35. Кеңештин чечими менен анын ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча Кеңештин жыйындарына материалдарды жана сунуштарды даярдоо, башка маселелерди чечүү үчүн туруктуу жана убактылуу жумушчу топтор жана секциялар түзүлүшү мүмкүн, алардын иштерине Кеңештин мүчөлөрү жетекчилик кылышат.
36. Кеңештин жыйыны кварталда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт. Зарыл болгон учурда Кеңештин кезексиз жыйындары өткөрүлүшү мүмкүн.
37. Кеңештин жыйынын Кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда Кеңештин төрагасынын орун басары алып барат.
38. Кеңештин жыйыны эгерде, ага Кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан кем эмеси катышса укуктуу деп саналат.
39. Кеңештин чечими жыйынга катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Кеңештин төрагасы же болбосо жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт .
40. Кеңештин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ. Кеңештин кабыл алынган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммунактивдүү байланыш аркылуу бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилет.
6. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
41. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү КАБдын жалпы чогулушунун чечими же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер боюнча жана тартипте соттун чечими менен ишке ашырылат.
42. КАБды кайра уюштуруу жана жоюу, ошондой эле анын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечим жалпы чогулушка катышкан КАБдын мүчөлөрүнүн 2/3төн кем эмес добушу менен кабыл алынат.
43. КАБдын Уставындагы баардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого тийиш жана ошол катталган учурдан тартып юридикалык күчкө ээ болот.
44. Юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине тиешелүү жазуулар киргизилген учурдан тартып КАБ өз ишин токтотту деп саналат.
7. Мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
45. Мыйзамдарды бузган учурда КАБ жана анын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
8. Ревизиялык-контролдоочу органы
46. КАБдын финансылык жана чарбалык ишин КАБдын жалпы чогулушу менен 2 жылдык мөөнөткө шайлануучу Ревизиялык комиссия (Ревизор) контролдойт.
47. КАБдын жетектөөчү жана аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат ордун ээлеген адамдар Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) мүчөсү боло алышпайт.
48. Ревизиялык комиссия (Ревизор) жалпы чогулушка отчет берет.
49. КАБдын баардык кызмат адамдары Ревизиялык комиссиянын (Ревизор) өз функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.
9. КАБдын финансылык, чарбалык иши жана мүлкү
50. КАБдын иши төмөнкү булактардан каржыланат:
- жергиликтүү башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча жергиликтүү бюджеттен;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу төгүмдөрүнөн;
- гранттар жана башка бекер жана кайтарымсыз жардамдардан;
- кандай формада болбосун кайтарылуучу жана төлөнүүчү карыз алууларды тартуудан тышкары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка булактардан.
51. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коомдук тартипти коргоого, анын ичинде мыйзам бузуулардын алдын алууга көмөк көрсөтүүнүн айрым маселелерин аткарууну, ошол эле учурда берилүүчү ыйгарым укуктарды финансылык камсыздоо каражаттарын же булактарын аныктоо жана өткөрүп берүү менен КААБга өткөрүп берүүгө укуктуу.
52. Мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү, аларды финансылык камсыздоону аныктоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңеш менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан кабыл алынат.
53. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилери өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде КАБды материалдык жана моралдык колдоо чараларын көрө алышат.
54. КАБга берилген материалдык жана материалдык эмес активдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБдын ыкчам башкаруусуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш.