Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 23-сессиясы
2019-жылдын 23-январы № 23-2
2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкерине республикалык бюджеттен каржыланган акча каражатын бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн экономист-статист адисинин айлык акысы, кеңсе буюмдары, сапардамалык жана байланыш кызматтары үчүн сарпталуучу чыгымдар республикалык бюджеттен каржылангандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715токтомуна негиз Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга карата айыл өкмөтүнүн экономист-статист кызматкеринин чыгымдары 1-тиркемеге негиз 34 956 (отуз төрт миң тогуз жүз элик алты) сомго бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Учурдагы жылга карата экономист-статист кызматкерине карата республикалык бюджеттен ажыратылган акча каражатынан жыл ичинде үнөмдөлгөн суммасы толугу менен мамлекеттик казынага кайтарылып берилсин.
3. Жогоруда бекитилген акча каражатын мыйзам чегинде төлөп берүү максатында иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Миңбаевге жана ФЭБ башчысы Тургунбай уулу Айтибекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Туманов |
Көк-Жар айылдык кенешинин
6-чакырылышынын кезексиз
№23-2 токтомуна 1-тиркеме
Аталыш ы | Айлык акы | Соц.фонд төлөмү | Канц.к товарга | Связь кызматына | Сапардама чыгымы | Жалпыс ы |
1 айга | 11668 | 2013 | 300 | 300 | 300 | 2913 |
жылга | 16335 2 | 24156 | 3600 | 3600 | 3600 | 34956 |
Көк-Жар айыл өкмөтүнүнү
жооптуу катчысы: А. Жээнбаев