Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/3
Кара-Кулжа айыл аймагында аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24 июлундагы № 01-18-88 “ Кыргыз Республикасынын аксакалдар сотторунун ишинин
Типтүү регламентин бекитүү жөнүндөгү” буйругун жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19.12.2018-жыл № 6 / 1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айыл аймагында аксакалдар сотторунун ишинин Типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтү аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жумушчу бөлмө, катуу жана жумшак инвентарлар менен камсыздоо жана уюштуруучулук иштерди аткаруу жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аматбек уулу Сүймөнкулга тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |
Кара –Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын
(VI шайланган) жыйналышынын 20- декабрь 2018-жыл № 13 / 3 токтомуна тиркеме
1.Аксакалдар сотунун ушул регламенти Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыгылды жана Кара-Кулжа айыл аймагында түзүлүүчү аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү уюштурууну жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин жөнгө салат.
2.Аксакалдар соттору – булар ыктыярдуу башталыштарда жана шайлануучулук жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, белгиленген тартипте сот, покурор, кылмыш иштерин кароо укугуна ээ башка укук коргоо органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жөнөтүлүүчү материалдарды, ошондой эле жарандардын ортосундагы талаш-тартыштар боюнча иштерди Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук органдар.
3.Аксакалдар сотторун укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конститутциясы, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси, Кыргыз Республикасынын жер кодекси, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси жана Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамды түзөт.
4.Ушул Регламентте колдонулган терминдер;
Аксакалдар сотунун мүчөсү - Кыргыз Республикасынын жарандыгын алган, элүү жашка чыккан, бүткөн жалпы орто билимге ээ, көрсөтүлгөн жерде беш жылдан кем эмес жашаган, соттуулугу жок, айылдардын, шааарлардын калкынын арасында урмат-сыйга жана кадыр-баркка ээ, ишкердик жана адеп-ахлактык сапаттары боюнча аксакалдар сотторунун алдында коюлган милдеттерди аткарууга жөндөмдүү адам.
Аксакалдар сотунунун мүчөсүн чыгарып салуу – талашып- тартышкан тараптардын жакын тууганы болсо, ошондой эле соттунмүчөсү иштин жыйынтыгына кызыктар деп эсемтөөгө негиз берген башка жагдайлар болсо аксакалдар сотунун мүчөсүн ишти (материалдарды) кароо боюнча отуруму.
Тарап – жабырлануучу же жоопкер.
Аксакалдар сотунун чечими – ишти олутуулугу боюнча чечүү тууралуу аксакалдар сотунун жазуу жүзүндө чыгарылган токтому.
Таасир көрсөтүү чарасы – ишти (материалдарды) кароонун жүрүшүндө күнөөлүүлүгү аныкталган адамга карата аксакалдар соту тарабынан чыгарылган жаза.
5.Аксакалдар соту жылына 1 жолу -июль айында бүт курамы менен каникулга тарайт жана иштерди материалдарды кабыл албайт, карабайт.
6.Аксакалдар сотун шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын чогулушу жергиликтүү жамааттын өкүл болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлөт. Өкүлчүлүктүн нормасын жергиликтүү кеңеш жана чогулуштун демилгечилери менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктайт.
7.Аксакалдар соттору 5 тен кем эмес жана 9 дан ашык эмес адамдардын курамында шайланат, ошону менен бирге алардын саны милдеттүү түрдө так эмес болууга тийиш. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү жергиликтүү жамааттын өкүлчүлүгү чогулуштарында ачык добуш берүү менен 3 жылдык мөөнөкө шайланышат. Чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушун алган талапкерлер соттун курамына шайланды деп эсептелет.
8.Мыйзамдын 10-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар соттору эреже катары айылдык аймакта бир калктуу конушта – бир аксакалдар соту, болсо бир айыл өкмөтүндө – бир аксакалдар соту принциби боюнча түзүлөт.
9.Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш төмөнкүдөй тартипте жүргүзүлөт:
9.1.Аксакалдар сотторун шайлоо боюнча чогулуш жарандардын демилгеси боюнча өткөрүлгөн учурда, чогулуш өткөрүүдөн бир жарым ай мурда демилгечи топ чогулушту өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын шайлоо күнү жөнөндө кабарландыруу жергиликтүөү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл башчысы, муниципалдык аймактык башкарма) тарабынан чогулуш болордон бир ай мурда жүргүзүлөт. Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулуш өткөрүү тууралуу кабарлоо көчөлөргө, үйлөргө кулактандырууларды илүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын (айыл башчысы, муниципалдык аймактык башкарма) кызматкерлери көчөлөрдө жана үйлөрдү кыдырып айтуусу аркылуу ишке ашырылат. Аксакалдар сотторун мүчөлүгүндө талапкерлер Мыйзамда аныкталган талаптарга жооп бериши керек жана калктуу конуштун аймагын толук камтуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аныктаган чөлкөмдүк бөлүктөрдүн (квартал, көчө,үйлөрдүн тобу) ар биринен көрсөтүлүшү керек.
9.2.Жергиликтүү жааматтын өкүлү болуп шайланган мүчөлөрүнүн катышуусу менен өткөрүлгөн чогулуштун чогулушта катышып жаткан жергиликтүү жашоочулардын ичинен жөнөкөй көпчүлүк добуш менен шайланган чогулуштун төрагасы жана катчысы алып барат.
9.3.Аксакалдар сотун шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны чогулбаган учурда, чогулушту өткөрүү ушул күнгө карата 15 күндөн ашык эмес белгилүү бир мөөнөткө которулат.
9.4.Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо боюнча чогулушту өткөрүү үчүн жергиликтүү жашоочулардын керектүү саны кайрадан чогулбаган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы аймактын коомчулугунун (кварталдык жеүй комитети, аялдар жана жаштар кеңеши, ардагерлер кеңеши ж.б) өкүлдөрү менен бирдикте тиешелүү аймактын жашоочуларынын ичинен аксаклдар сотунун мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтөт жана бекитүү үчүн жергиликтүү кеңешке сунуштайт.
9.5.Жергиликтүү жааматтын чогулушунда шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун долбоорун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы – айыл өкмөтү жана шаардын мэриясы даярдап жергиликтүү кеңештин кароосуна киргизет. Токтомдун долбоору шайланышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүн чакыруу менен жергиликтүү кеңештин жакынкы сессиясында каралат жана бекитилет.
9.6.Аксакалдар сотунун мүчөлөрү бекитилгенден кийин 7 календарлык күндүн ичинде алар тарабынан өз курамынан аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысы шайланат. Аксакалдар сотунун төрагасы жана катчысын шайлоо боюнча аксакалдар сотунун отуруму ага аксакалдар сотунун курамы толугу менен катышканда ыйгарым укуктуу деп эсептелинет.
10.Аксакалдар сотун каттоодон өткөрүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт: 10.1.Мыйзамдын 11-беренесинде жана ушул регламентте көрсөтүлгөн талаптарга ылайык шайланган аксакалдар сотунун төрагасы аксакалдар сотун каттодон өткөрүү тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасынын наамына арыз менен кайрылат.
10.2.Мыйзамдын 12-беренесинде жана өзүнүн регламентинде көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү кеңеш жаңыдан түзүлгөн аксакалдар сотун эсепке алуу каттоосунан өткөрөт, (Кыргыз Республикасынын Жогорку соту) жергиликтүү кеңеш бекиткен үлгүдөгү аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн күбөлүгүн, каттоо күбөлүгүн берет.
10.3.Мурда түзүлгөн аксакалдар соту кайрадан эсепке алуу каттосунан өткөрүлбөйт жана ага каттоо күбөлүгү берилбейт
11.Мыйзамдын 14-беренесинде каралган аксакалдар сотунун мүчөсүн терс жүйөөлөр боюнча соттун курамынан чыгаруу жана чакырып алуу жөнүндө ченемди ишке ашыруу төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт.
11.1.Ал чөлкөмдөн терс жүйөөлор боюнча соттун курамынан чыгаруу/чакырып алуу жөнүндө маселе көтөрүлүп жаткан аксакалдар сотунун мүчөсү шайланган тиешелүү аймактагы (тиешелүү калетуу конуштагы) жергиликтүү жааматтын мүчөлөрү жергиликтүү кеңешке анын жүктөлгөн милдеттерди аткара албоосун, же татыксыз жүрүм-турумун, укук бузууларды жана аксакалдар сотунун мүчөсүнүн наамына ылайык келбеген башка жоруктарды жасоосун бышыктаган фактыларды жана/же документтерди беришет. Алар соттун курамынан чыгарылып жаткан мүчөнүн ордуна өздөрүнүн аймагынан көрсөтүү үчүн жаңы талапкерди сунуштай алышат.
11.2. Аксакалдар сотторун мүчөсүн мөөнөтүнөн мурда курамдан чыгаруу/чакырып алуу тууралуу чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кабыл алынат.
11.3. Курамдан чыгарылган аксакалдар сотунун мүчөсүнүн ордуна жаңы мүчөнү шайлоо Мыйзамдын 11-беренесинде, ушул регламенттин 5-6, 1-6,3 пунктарында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт.
12.Аксакалдар соттору Кыргыз Республикасынын Жарандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси, Кыргыз Республикасын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекси, (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодекси ; Жоруктар жөнүндө кодекси), Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамы менен аныкталган иштерди (материалдарды) карашат.
13.Аксакалдар сотторунда келип түшкөн иштерди (Материалдарды) кабыл алуу, кароого даярдоо төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт.
13.1.Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер, арыздар) келип түшкөн күнү зарыл маалыматтарын көрсөтүү менен атайын журналга катчы же төрага (же атайын мезгилге бекитилген соттун мүчөсү) тарабынан катталат.
13.2.Аксакалдар сотунун төрагасы жана мүчөлөрү келип түшкөн бардык иштерди (материалдарды) кароого даярдоодо милдеттүү түрдө ушул ишти кароо аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгүн, соттун мүчөсүн соттун курамынан чыгаруу жөнөндө өтүнүчтүн (ходатайствонун) бар же жок экендигин аныкташат.
13.3.Аныктоонун жыйынтыгында:
13.3.1.Мыйзамдын 15-беренесинде каралган аксакалдар сотунун компетециясына кирбей турган келип түшкөн иштер (материалдар)соттун кириш-чыгыш каттарды каттоо журналдарында белги кою менен коштомо катка тиркелип артка кайтарылат.
13.3.2.Аксакалдар соту ишти кароонун убактысын жана оордун дайындоо жөнүндө, чечим кабыл алат.
13.3.3.Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун мүчөсү ишти (материалдарды) кароо менен байланыштуу арыздарды жанат башка материалдарды текшерүүнү жүргүзөт, сотко тартылган адамды, жабырлануучуну жана талаш-тартыштын башка катышуучуларын колдо болгон материалдар менен тааныштырат, зарыл болгондо сотко тартылган адамды, жабырлануучуну, күбөлөрдү сурайт же алардан түшүнүк алышат.Анын жыйынтыктары боюнча текшерүү жүргүзгөн адам корутунду жазат, анда иштин нукура жагдайы, жасалган жоруктун себептери, аксакалдар сотуна тартылган адам жөнүндөгү маалыматтар көрсөтүлөт.
14.Ишти (материалдарды) кароо 16 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгон аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин) алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убагы жана орду тууралуу кабарландырат.
15.Аксакалдар соту ишти (материалдарды) кароонун мөөнөтүн, убактысын, ордун дайындоону, сот отурумуна катыша турган адамдарды кабарлоону Мыйзамдын 16-17-беренелеринде көрсөтүлгөн тартипте аткарат.
16. Аксакалдар сотунун иши отурум түрүндө өтөт . аксакалдар сотунун отурумунда иштер (материалдар) олуттулугу боюнча каралат. Аксакалдар сотунун отуруму зарылчылыгына жараша, материалдардын келип түшүшүнө карата өткөрүлөт. Аксакалдар сотунун отурумун өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү иштери Мыйзамда каралган мөөнөттөрдө кароону камсыз кылгандай болууга тийиш.
17. Аксакалдар сотунун отурумунда иштер коллегиалдуу – соттун төрагасынын жана мүчөлөрөнөн катышуусу менен каралат.Аксакалдар сотторунун курамынын так эмес сандагы учтөн экиси катышканда аксакалдар соту ишти кароого укуктуу. Отурумга катышып жаткан аксакалдар сотунун мүчөлөрү жуп санда болгондо жана алардын добушу теңме-тең (барабар) болгондо төраганын добушу чечүүчү болот.
Соттук отурумунда ишти карап жатканда пайда болгон ар кандай маслелер аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечилет.
18. Аксакалдар сотунун катчысы сот отуруму башталганга чейин паспорттун же өздүгүн тактоочу башка документтин текшерүү менен процесске катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
19. Соттун төрагасы, ошондой эле анын тапшыруусу боюнча соттун бир мүчөсү аксакалдар сотунун отурумун ачат, соттун курамын, карала турган ишти (материалдарды) жарыялайт.
20. Иштер (материалдар) ишке тиешелүү тараптардын, зарылчылыгы болгон учурда, мыйзамдуу өкүлдөрдүн сөзсүз (милдеттүү) катышсуусу менен каралат.
21. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү ишти кароонун каалаган этабында тараптардын өз ара кабыл алына турган макулдашуусун кабыл алуу – бүтүмгө келүү менен жарашуу мүмкүндүгү бар экендигин тараптардып эсине салып турушат.
22. Отурумду өткөрүүдө аксакалдар соту жабырлануучунун, анан жоопкердин түшүндүрмөлөрүн угат. Процеске катышып жатышкан күбөлөр жана башка адамдар соттун мүчөлөрүнүн талабы боюнча иш боюнча аныкталууга жаткан, аларга белгилүү жагдайлар тууралуу маалыматтарды билдиришет.
23. Аксакалдар сотунун мүчөлөрү күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары иштеги башка далилдерди алышат жана талдап издешет.
24. Аксакалдар соту ишти (материалдарды) карап, чечим чыгарууда:
24.1. ишти (материалдарды) карап бүткөндөн кийин аксакалдар сотунун мүчөлөрү иштин бардык жагдайларын талдап чыгып, иш боюнча чечим чыгаруу үчүн отурум өтүп жаткан жерден катышуучуларды сыртка чыгарышат же болбосо өздөрү башка жака чыгышат.
24.2. Аксакалдар сотунун чечими ишти кароого катышып жаткан соттун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Чечимге макул болбогон соттун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин айтат, жазат жана ал чечимге тиркелет.
24.3. Каралган иштердин жыйынтыгы боюнча протокол жана токтом жазылат.
24.4. аксакалдар сотунун протоколу Кыргыз Республикасынын жарандык прцесстик кодексинин 229-231-беренелеринде көрсөтүлгөн тараптарга ылайык жүргүзүлгөн максатка ылайыктуу.
24.4. Протокол далилдик мааниге ээ болгон документ. Аксакалдар сотунун протоколунда соттун отурумунун жүрүшүндө, ошондой эле отурумдан тышкары жасалган ар бир өз алдынча процесстик аракеттер баяндалат. Протокол так жана кыска. Кош маанилүү болбогондой, процессте болуп өткөн бардык аракеттерди , сүйлөгөндордун сөздөрүн даана чагылдырып, отурумдагы териштирүүнүн жүрүшүндө болуп өткөн бардык болгон окуяларды калтырып (аттап кетпей), жазылышы керек.
24.4.2. Протокол компютердик, электрондук (санариптик аудио жазууну кошо алганда) жазуу машинада басуу же кол менен жазуу аркылуу түзүлөт.
24.4.3. Аксакалдар соту протоколду толук түзүүнү камсыз кылуу үчүн соттун отурумунда же болбосо отурумдан тышкары айрым процесстик аракет жасалганда аудио жана видео жазууларды колдоно алат. Мындай учурларда аудио жана видео жазуулар протоколго тиркелет.
24.4.4. Протокол сот отурумунун төрагалык кылуучусу жана катчысы кол койот. Протокол соттун мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
24.5. Аксакалдар сотунун токтому чечим түрүндө, жазуу жүзүндө чыгарылат. Аксакалдар сотунун чечими киришүү, баяндоо жүйөө жана корутунду (резолютивдик) бөлүктөрүнөн турат.
24.5.1. Аксакалдар сотунун чечиминин киришүү бөлүгүндө аксакалдар сотунун аты , чечимди чыгаруунун убагы жана орду, соттун ишке катышка адамдардын курамы, талаштын предмети же укук бузуунун мазмуну, ишти аксакалдар сотунда кароого тараптардын макулдулугу көрсөтүлөт.
24.5.2. Аксакалдар сотунун чечиминин баяндоо блүгүндө арыз ээсинин (доогердин) талаптары, же болбосо укук бузуунун маңызы, коюлган талапка каршы пикирдин жүйөөлөрү, ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрү көрсөтүлөт.
24.5.3. Аксакалдар сотунун чечиминин
Жүйөө бөлүгүндө аксакалдар соту тарабынан каалаган иш боюнча аныкталган жагдайлар, аксакалдар соту тыянак чыгарууда таянган далилдер, ишке катышкан адамдардын укуктары жана милдеттери, аксакалдар соту тигил же бул далилдерди четке какканда негиз болгон жүйөөлөр, чечим чыгарууда аксакалдар соту шилтеме берген Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары камтылат.
24.5.4. Корутунду бөлүгү каралган иш боюнча аксакалдар соту кабыл алган тыянакты, чечимге даттануунун тартиби жана чечимди аткаруунун мөөнөтүн камтууга тийиш. Корутунду бөлүгү аны аткарууда талаш чыкпагыдай так жана түшүнүктүү жазылышы керек.
24.5.6. Чечимге аны отурумда жарыялаганга чейин аксакалдар сотунун төрагасынын жана мүчөлөрүнүн колдору кюлат.
24.5.7.Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон соттун мүчөсү бул чечимге кол коюшу жана өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндашы зарыл. Өзгөчө пикир ишти олуттуу чечүүнүн олутуулугуна таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелет.
25. Мыйзамдын 28-беренесинде көрсөтүлгөндөй:
25.1. аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алышы мүмкүн:
А) эскертүү берүү
Б) жабырланган тараптан эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
В) коомдук уяткаруу жарыялоо;
Г) материалдык зыяндын ордун толтурууну күнөлүү тарапка милдеттендирүү;
Д) акчалай жазапул салуу.
25.2. коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук далил эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
25.3. Таасир көрсөтүү чаралары аксакалдар соту тарабынан сотко тартылган адамдын күнөөсүнө ылайык өлчөмдүү түрдө, ушул маселеге тиешелүү мыйзамдардагы элдик салт-адаттардагы ченемдердеги эске алуу менен дайындалат.
26. Каралып (материалдар) боюнча соттук өндүрүш тараптардын жарашуу жөнүндөгү макулдашууга (бүтүмгө) келишине, арыз ээсинен тосмо арыз түшкөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандык прцесстик кодексинин ченемдерине Мыйзамга ылайык токтотулат (кыскартылат) жана ал жөнүндө аксакалдар сотунун чыгарылат.
27. Аксакалдар соту тарабынан жазапул салуу жөнүндө чечим чыгарылганда аксакалдар соту укук бузуучуга соттун чечиминин көчүрмөсүн жана кабыл алынган формадагы жазапул кивтанциясын берет.
28. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар сотунун катчысы чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат.
29. Тараптар белгиленген мөөнөттө чечимди аткарбаган учурда:
29.1. Мыйзамдын 32-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте аксакалдар соту мажбурлап атарууга баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгү документтер тиркелет:
1) Аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбагандыгын тастыктоочу документтер;
3) Аксакалдар сотунун чечиминин мажбурлап аткарууга аткартуу баракчасынын берүү жөнүндөгү арыздын көчүрмөсү башка тарапка жиберүүнү тастыктаган тапшыруу жөнүндө кабарлама же башка документ;
4) Арызга кол кючу адамдын ыйгарым укуктарын тастыктаган ишеним кат же башка документ.
29.3. Райондук сот тарабынан аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткаруу баракчасын берүү Кыргыз Республикасынын Жарандык процесуалдык кодексине аныкталган тартипте ишке ашырылат.
VII глава
Аксакалдар сотунун башка органдар менен өз ара мамилеси
30. Аксакалдар соту айылдык кеңештен каттоодон өтүп, каттоо күбөлүгүн алгандан кийин 10 күн ичинде өзү жайгашкан райондун аймагындагы райондук соттко, райондук ички иштер бөлүмүнө каттоо күбөлүгүнү көчүрмөсүн, аксакалдар соту тууралуу кыскача маалыматты тиркеп кат жиберет.
31. Райондук сот: Мыйзамдын 34-беренесине ылайык:
31.1. Аксакалдар соттору менен байланыш жүргүзүп турууга, аларга усулдук жардам көрсөтүүгө жана окууларды өткөрүп турууга жооптуу бир судьяны буйрук менен бекитет;
31.2. аксакалдар соту айылдык кеңештен каттоодон өткөндөн кийин бир айдын ичинде жергиликтүү мамлекеттик администрация, же болбосо айыл өкмөтү, мэря менен макулдашып, аксакалдар соттору үчүн нускамалык-усулдук семинар-кеңешме өткөрөт;
31.3. кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөрдү берет;
31.4. Аксакалдар сотунун төрагасынын отурумда кароо үчүн иштерди (материалдарды) изилдөөсүнүн жүрүшүндө аны тоскоолдуксуз кабыл алышат жана ага зарыл жардамдарды көрсөтүшөт;
Мыйзамдын 32-беренесине ылайык;
31.5. Аксакалдар соту кайрылган учурда аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткаруу боюнча зарыл көмөктөрдү көрсөтүшөт;
32. Аксакалдар соту кварталына бир жолу:
32.1. Райондук сотко иштерди (материалдарды) карап чечим чыгаруудагы укук колдонуунун түшүнүксүз маселелери боюнча;
32.2. Райондук ички иштер бөлүмүнө сот отурумдарына Коомдук тартипти камсыз кылуунун абалы боюнча, сотко каралган иштер (материалдар) боюнча (маалымат);
32.3. Айыл өкмөтүнө (мэрияга) каралган баардык маселелер, анын ичинде соттун ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелери, сотко каралган иштер (материалдар) боюнча (маалымат);
Каттарды жиберет;
33. Аксакалдар сотуна райондук сот тарабынан көрсөтүлүүчү усулдук жардам төмөндөгү маселелерди түшүндүрүүнү камтыйт:
1) аксакалдар сотунун иштери (материалдары) кароого даярдоо боюнча аракеттерин (башкача айтканда келип түшкөн арыздарды текшерүү, жабарлануучуларды, күбөлөрдү суроо, аксакалдар сотуна тартылып жаткан адамдын өздүгү тууралуу маалыматтар ж.б.с.у.);
2) аксакалдар соту тарабынан иштерди (материалдарды) кароонун тартибин, кароонун мөөнөттөрүн;3) сот отурумунун протоколун жүргүзүүнүн (прцессуалдык форма) жана иш боюнча чечим кабыл алуунун, ошондой эле аксакалдар сотунун чечимине даттануунун тартибин;
4) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн ченемдик укуктук актыларын түшүндүрүүнүн;
5) аксакалдар соту тарабынан укук бузуулар жөнөндө иштерди кароонун жана жаза берүүнүн тартибин.
34. Райондук ички иштер бөлүмү:
34.1. Өзүнүн буйругу менен аксакалдар соттору менен иштөөгө жоопттуу кызматкерлерди, анын ичинде милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн бекитет;
34.2. Кварталына бир жолу аксакалдар сотунун катынын негизинде (эгер келип түшсө) өз кеңсесинде же жеринде жолугушуу өткөрүп, каттагы маселелер боюнча кыскача оозеки (зарыл болгон учурда жазуу жүзүндө да) түшүндүрмөлөдү берет;
34.3 Мыйзамдын 17-беренесине ылайык, аксакалдар сотунда катышуусу зарыл болгон адамдарды (укук бузуучуларды, жоопкерлерди, күбөлөрдү, зарыл болгон учурларда, арыз ээлерин)отурумга чакырууну, зарыл болгон учурда аларды мажбурлап алып келүүнү, соттук отурумда коомдук жана укуктук тартипти камсыз кылууну милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жүргүзөт.
35. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (айыл өкмөтү, мэрия)
1) жергиликтүү кеңеш эсепке алуучу каттоо жүргүзгөндөн кийин аксакалдар сотуна анын аты жазылган мөөр берет;
2) аксакалдар сотунун мүчөлөрүн шайлоо жана өз ишмердүүлүгү жөнүндө отчет берүү боюнча жергиликтүү жааматтын мүчөлөрүнүн чогулуштарын өткөрүүгө аксакалдар сотуна көмөк көрсөтөт;
3) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү өзөнүн чечимдери жана жергиликтүү кеңештин токтомдору менен аксакалдар сотторунун төрагаларын тааныштырууну жүргүзөт;
4) аксакалдар сотуна иш кагаздарын сапаттуу жүргүзүүгө жардам көрсөтөт;
5) зарыл болгон учурда аксакалдар сотунун иш кагаздарын басып жана чыгарып берүүгө жардам берет;
6) айыл өкмөтүнүн буйругу менен аксакалдар сотунун отурумдарын өткөрүү үчүн имаратты (имараттын ичиндеги бөлмөнү) туруктуу бекитип берет (ылайыгы келсе коомдук алдын алуу борбору менен бириктирсе болот);
7) аксакалдар сотунун отурумунда катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катышууга көмөк көрсөтөт;
8) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда алар караган иштер боюнча материалдарды, эсептик каттоо тууралуу күбөлүгүн жана мөөрүн жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
36. Аксакалдар соту каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт жана жыл сайын жылдык статистикалык отчетун тиешелүү жергиликтүү кеңешке жана райондук сотко жонотот.
37. Аксакалдар соту жылына бир жолудан кем эмес өз ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү жааматтын чогулуштарына, конференцияларынада же өзүн каттоодон өткөргөн жергиликтүү кеңештин сессиясында (тиешелүү туруктуу комиссиянын отурумунда) отчет берет.
38. Аксакалдар сотунда кабыл алынган материалдарды (иштерди) эсепке алуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер, аксакалдар сотунда иштерди (материалдарды) кароого катышуу үчүн адамдарга жиберилген кабарламалар ж.б. маселелер боюнча журналдар жүргүзүлөт.
39. Журналдын барактары номурланат, көктөлөт жана мөөр менен бекитилет.
40. Кабыл алынган материалдарды эсепкеалуу, материалдар боюнча кабыл алынган чечимдер журналдары ички колдонуунун документтери болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда аксакалдар сотунун төрагасынын урусатысыз өткөрүлүп берилбейт же колго берилбейт.
41. Журналдарды жүргүзүү жана сактоо, аларга жазылуучу маалыматтардын өз убагында жазылышы жана ишенимдүүлүгү үчүн аксакалдар сотунун катчысы жоопкерчилик турат.
42. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүндө иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик анын абалы үчүн жоопкерчилик тартуучу соттун төрагасы тарабынан ишке ашырылат.
43. Журналдарды жана иштерди ( материалдарды) сактоонун мөөнөтү үч жыл жана бул мөөнөт откөндөн кийин алар тизим (опись) боюнча айыл өкмөтүндө (муниципалдык аймактык башкармалыкка) өткөрүлүп берилет.
44. Аксакалдар сотторунун иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана аксакалдар сотторунун мүчөлөрүн акчалай сыйлоо төмөнкү каражаттарын эсебинен жүзөгө ашырылат:
1) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен;
2) аксакалдар соту салаган жаза пулдардан түшкөн каражаттардын эсебинен;
3) ар кандай юридикалык жактардан жана жарандардан спонсорлук жардам иретинде түшкөн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган, каражаттардын эсебинен;
4) жергиликтүү кеңеш, айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн (табылган) бюджеттен сырткары акчалай жана материалдык каражаттардын, төлөмдүк жана башка жеңилдиктердин эсебинен.
45. Аксакалдар соту салган жаза пулдардан түшкөн каражаттардын 70 пайызы аксакалдар сотунун төрагасы менен макулдашылган айыл өкмөтү түзгөн сметага ылайык аксакалдар сотуна бөлүнүп берилет.
46. Аксакалдар соту кварталына бир жолу казыналыктын райондук бөлүмү менен атайын эсепке түшкөн жаза пулдар боюнча текшерүү (сверка) жүргүзүп турат.