Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 20-декабры № 13/4
Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарынын типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 24 июлундагы № 01-18-89 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин типтүү этикалык кодексин бекитүү жөнүндөгү” буйругун жетекчиликке алып жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 19.12.2018-жыл № 6/1 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттарынын типтүү этикалык кодекси бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаттары ушул типтүү этикалык кодекс менен тааныштырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын жана бул этикалык кодекстин талаптарын сактоону көзөмөлдөө жагы Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Исраиловко жана айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Аматбек уулу Сүймөнкулга тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |
Кара–Кулжа айылдык кеңешинин кезектүү он үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын 20- декабрь 2018-жыл № 13 / 4 токтомуна тиркеме
Бул Этикалык кодекс жергиликтүү кенештердин депутаттарына сөзсүз аткарууга милдеттүү болгон моралдык принциптерин жана жүрүм-турум эрежелерин аныктайт.
Депутаттык этика – бул депутаттардын депутаттык ыйгарым укуктарын жүзөөгө ашыруу учурундагы негизги моралдык жана адептүүлүк журум-турум нормалынын жыйындысы, ар бир депутат өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда үлгү болууга умтулуп, кынтыксыз кесиптик жана жарандык беделге ээ болуусу керек.
1.1. Жергиликтуу кенештердин депутаттары (мындан ары – депутаттар) тийиштуу айыл аймак калкынын өкүлү катары озунун ишмердүүлүгүнө алардын кызыкчылыктары ошондой эле социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүү максаттарын жетекчиликке алуу керек.
1.2. Депутаттар өз макамын аймактын жана алардын жашоочуларынын кызыкчылыктарына зыян келтирген аракеттерге жумшабаш керек.
1.3. Депутаттар өз аракеттерин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтуу өз алдынча башкаруунун Жобосуна, жергиликтүү кенештин регламентине жана башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүргүзүлөт.
1.4. Депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүнө, анын ичинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарбаган учуларда дагы, жалпыга таанылган моралдык жана адептүүлүк нормаларды жетекчиликке алуу керек.
1.5. Депутаттар депутаттын жана аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аброюна шек келтирүүчү аракеттерден жана жоруктардан алыс болуш керек.
1.6. Депутаттар өзүнүн кадырын сактоо менен бирге башка депутаттардын, кызматтык адамдардын жана жарандардын кадырын сыйлаш керек.
1.7. Депутаттар өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишмердүүлүккө тиешеси жок максаттарга пайдалана албайт.
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ ТИЙИШТҮҮ ДЕПУТАТТЫК ЭТИКАНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИ
2.1. Депутаттар жергиликтүү кенештин ишине өзүнүн позициясын коркутуп-үркүтүү, кескин талаптарды кою жана башка ушул сыяктуу аракеттерди жасабай тиштиктүү жана жөндүү катышууга тийиш.
2.2. Ар бир депутат жергиликтүү кенеште иштиктүү кызматташтык жана өз ара колдоо, ак ниетуу жана жолдоштук чөйрөнү түзгөнгө жардам кылат.
2.3. Депутаттар өзүнүн жумушун каралып жаткан маселелер боюнча теңчиликтин негизинде жана эркин жамааттык талкулоо принцибинде чечим кабыл алып, ар түрдүү пикирлерди сыйлоо менен , чыр-чатакка жеткирбей, пикир келишпестиктерди талкулоо менен чечүү жолдорун табуу менен жүргүзүү керек.
2.4. Депутаттар бири-бирине жана жыйындар өтүүчү залдагы бардык катышуучуларга расмий түрдө кайрылуу керек. Ыгы жок теңтушсунуп жана тоотпостук менен кайрылууга жол берилбейт. Жергиликтүү кеңештин сессия жана комиссиялары өтүп жаткан учурларда депутаттар иштиктүү стилде кийинүү керек.
2.5. Депутаттар чыгып сүйлөөрдүн алдында өзүнүн айта турган сөзүн даярдап анан сүйлөш керек. Талкууланып жаткан маселе боюнча так жана багытуу, жеткиликтүү тил менен, ар кандай мааниси жок создорду колдонбой сүйлөш керек. Депутаттарга жергиликтүү кеңештин жана комиссиялардын иши жүрүп жаткан учурда уюлдук телефон аркылуу сүйлөшүүгө тыю салынат.
2.6. Депутаттар, калктын кызыкчылыктарын көрсөтүүдө башка депутаттардын ынанымына, салттарына, этикалык жана социалдык топтордун, диний конфессиялардын маданий өзгөчөлүктөрүн сыйлоо жана чыдамдуулук менен мамиле кылуу керек. Этностор аралык жана конфессия аралык биримдикке жана тынчтыкка жардам берет.
2.7. Депутаттар жергиликтүү кеңештин тийиштүү комиссияларынын отурумдарына катышууга тийиш. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумдарына жүйөсүз катары менен 3 жолу катышпаса депутаттык милдетин аткарбагандыгы тууралуу маселе депутаттык этика боюнча комиссияда каралат.
Жүйөлүү себептер менен жыйындарга катышууга мумкунчүлүгү болбосо, депутат жыйынга чейин 2 күндөн кечиктирбей жергиликтүү кеңештин төрагасына маалымдап коюу керек.
Жүйөлүү себептерге депутаттын ооруп калуусу, комадировкада жана эмгек өргүүсүндө болуусу, маанилүү үй-бүлөлүк жагдайлар кирет.
2.8. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып жаткан маселеде катышып жаткан депутаттын, же анын жакындарынын финансылык же кандайдыр бир жеке кызыкчылыктары болсо, токтоосуз түрдө бул жөнүндө маалымдап, бул маселе боюнча добуш берүүдөн баш тартышы керек.
2.9. Депутаттар өздөрү кабыл алган жергиликтүү кеңештин Регламентин, анын талаптарын жана тартипти сактоого чакырган сессияда төраганын талаптарына баш ийиши керек, жүйөлүү себепсиз сессияга, комиссиялардын ишине, депутаттык угууларга жана башка жергиликтүү кеңештин иш чараларына кечикпей келиши керек.
2.9.1. Жергиликтүү кеңештин депутаттарына – отурумду үзгүлтүккө учуратып же жөнү жок себептер менен башка шылтоо айтып нааразылык көрсөтүү иретинде отурум отуп жаткан залдан чыгып кетүүгө, сөз берилбесе деле сүйлөөгө. Күн такртибине коюлган маселеден сырткары же мааниси жок сүйлөгөнгө, кыйкырууга жана сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлүп жарууга болбойт.
2.9.2. Депутат жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, туруктуу комиссиянын жана жумушчу топтордун ишине катышып жатканда отурумга төрагалык кылуучуга, башка депутаттарга , аткаруу органынын аппаратынын кызматкерлерине жана жергиликтүү кеңештин отурумуна катышып жаткан башка адамдарга сылык мамле кылуу менен адептүүлүгүн көрсөтүп, сый урмат менен мамиле кылуусу керек.
2.9.3. Депутат орой сөздөрдү колдонуп жана одоно мамилелерди жасабашы керек.
2.9.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткаруу учурунда жана аткарбай жүргөн убагында үчүнчү тараптан белектерди, акча түрүндө акы албашы керек жана алардын кызматынан пайдаланууга болбойт.
2.9.5. Депутаттар жергиликтүү кеңеште сый акы алып кимдир бирөөнүн кызыкчылын сүрмөлөөгө укуксуз.
3.1. Депутаттар өздөрүнүн округундагы шайлоочулар менен тыгыз байланышта болуусу керек, депутаттар шайлоочуларынын алдында жоопкер жана отчет берип турат. Депутаттар айыл аймагындагы баардык жашоочулардын кызыкчылын колдойт.
3.2. Депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы мамиле сый урмат, сылык мамиле жана жарандардын кайрылууларына жана арызданууларына ыкыластуулук менен жасалган мамиледен каралат.
3.3. Депутаттар өдөрүнүн шайлоочуларынын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого чараларды көрөт: шайлоочулардан түшкөн кайрылууларды жана арыздарды кароодо өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде чечүүгө милдетүү.
3.4. Депутаттар шайлоочуларынын алдында жылына 1 жолудан кем эмес отчет берет, өзүнүн жергиликтүү кеңештин сессиясынын отурумундагы ишмердүүлүгү боюнча шайлоочулары менен болгон жолугуушуларды жалпыга малымдоо каражаттары аркылуу билдирип турат. Шайлоочуларга берилген маалыматтар толук, анык жана обьективдүү
болушу керек.
3.5. Депутаттар ар сайын белгиленген график боюнча шайлоочуларды жеке кабыл алууну жүргүзөт.
3.6. Депутаттар дайыма чыдамкайлыкты жана сыпайы, сылыктыкты көрсөтүүсү керек, айрыкча депутаттардын ой пикири менен шайлоочунун ой пикири дал келбей калган учурда.
4.1. Депутаттар атайын ыйгарым укуктарга ээ болбогон учурда жергиликтүү кеңештин атынан чыгуусуна, анын атынан мамлекеттик аткаруу органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын алдында расмий билдирүүлөрдү жасоого укугу жок.
4.2. Депутаттар депутаттын макамына байланыштуу мүмкүнчүлүктөрүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана физикалык тараптар менен болгон мамилелеринде өз кызыкчылыктарына пайдаланбашы керек.
4.3. Депутаттар жергиликтүү кеңештин расмий бланкаларын депутаттын ыйгарым укуктарынын чегинде талаптарды чечүүдө, расмий каттарды жана документтерди жөнөтүүдө гана пайдаланууга милдеттүү.
4.4. Депутаттар депутаттык ишмердүүлүгүн аткарууга байланышпаган учурда жергиликтүү кеңештин имаратын, телефондорун, автотранспортун жана башка материалдык-техникалык каражаттарын пайдаланууга болбойт.
4.5. Депутаттардын ыйгарым укуктарын аткаруу учурунда белгтлүү болуп калаган маалыматтарды жайылтууга болбойт, эгерде ал малыматтар:
- мамлекеттик, Комерциялык же кызматтык сыр болсо;
- жарандардын жеке турмушу менен, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү маенен байланыштуу болуп, аны жарыя кылбоо боюнча депутатка ишеним берилген болсо.
4.6. Депутат жарандардын жеке турмушу же үй-бүлөөгө байланышкан маалыматтарды, юридикалык тараптардын ишкердик бедели жана ишмердүүлүгү боюнча жарыяланбай турган талаптарды атайлап же байкабастыктан олдоксон бузган болсо тараптардан кечирим суроосу керек.
4.7 Депутаттардын чет мамлекеттерге баруусундагы журум-туруму Кыргыз Республикасынын жаранынын беделин жана депутаттык корпустун кадыр баркын көтөрүүгө багытталыш керек.
4.8. Депутаттар чет өлкөдөгү сапарларында барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрүн, салт-санаасын жана мыйзамдарын сыйлоосу керек, этиканы сактап конфликтик кырдаалды болтурбоого милдеттүү.
5.1. Депутаттар жергиликтүү кеңештин отурумунда, депутаттык угууларда, жалпыга малымдоодо каражаттарындагы чыгып сүйлөөлөрүндө мамлекеттик бийлик органдарынын ишмердүүлүгү боюнча баяндама жасаганда текшерилген анык фактыларга гана таянышы керек.
5.2. Депутаттар эл алдында чыгып сүйлөгөндө же жалпыга малымдоодо каражаттары аркылуу билдирүүлөрдү жасаганда сылык сыпайы болуп, жарандардын, кызмат адамдардын абийирин, ар-намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин булгоого жол бербеш керек.
5.3. Депутаттардын эл алдында чыгып сүйлөө учурунда жана билдирүүлөрдө табылган фактылар айтылып калган болсо, ошондой эле жарандардын абийирин, ар намысын каралоого, юридикалык жана физикалык тараптардын ишкердик беделин түшүрүүгө атайын же кандайдыр бир себептер менен аракеттер жасалса, депутаттын эл алдында кемчилдигин мойнуна алуу менен алардан кечирим суроого милдеттүү.
Ушул пункт менен белгиленген депутаттын жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында ушул бөлүм боюнча тартип бузуу жоопкерчиликке тартуудан бошотпойт.
6.1. Депутаттардын депутаттык этикасы боюнча Эрежелеринин сакталышын депутаттардын ишмердүүлүгү жана этикасы боюнча Комиссия (мындан ары комиссия) көзөмөлдөйт.
Комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү депутаттар тарабынан депутаттык этиканын сакталышы боюнча тийиштүү чараларды көрүүгө милдетүү.
6.2. Депутаттык этиканын эрежелерин бузуу боюнча маселени Комиссия өзүнүн демилгеси менен же жергиликтүү кеңештин демилгеси боюнча карай алат.
6.3. Депутаттардын этикасын бузуу далили боюнча маселени кароо үчүн Комиссияга айыл аймагынын жашоочулары, мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, ишкана, уюмдардын жана коомдук уюмдардын. Бирикмелердин өкүлдөрү арыз менен кайрыла алат.
6.4. Депутаттардын этиканы бузгандыгы боюнча күнөөлөгөндө депутаттар Комиссияга кагаз жүзүндо документтерди көргөзүү менен негизделген каршылык көрсөтүүгө жана күнөөлөнгөндүгү боюнча оозеки түшүндүрмө бергенге укуктуу.
6.5. Депутаттардын ар намысына, кадыр баркына, ишмердүүлүк беделине шек келтирген негизсиз арыздануу боюнча депутаттар өздөрүнүн укугун мыйзамга каршы келбеген ыкмалар менен коргонууга укуктуу.
6.6. Депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына же сот органдарына ар намысын, кадыр баркын, ишмердик беделин коргоо боюнча Комиссияга кайрылуусуна аткаруу органдарынын аппараты депутаттын ар намысын коргоо боюнча көмөк көрсөтөт жана керектүү учурда анын кызыкчылыгын сот органдарынын алдында коргоого көмөктөшөт.
6.7. Комиссия депутаттардын этикалык Кодексин бузуу боюнча маселени кароодо депутаттын этикалык Кодексин бузулгандыгы же бузулбагандыгыбар же жок экендигин аныктаган чечим кабыл алат.
6.8. Депутаттардын этикалык Кодексин бузуу фактысы боюнча Комиссиянын рекомендациясы боюнча гана каралат. Депутаттар тарабынан жергиликтүү кеңештин отурумунда ушул эрежелердин бузулуусуна карата жергиликтүү кеңештин Регламентине белгиленген тартипте жоопкерчилик чаралары колдонулушу мүмкүн.
6.9. Жергиликтүү кеңеште депутаттын этикалык Кодексин бузган адамга төмөндөгүдөй чаралар көрүүгө мүөмкүн:
- депутаттын этикалук Кодексине туура келбеген жүрүм-турумун токтотууну сунуштайт жана кечирим суроону талап кылат.
- депутаттын этикалк Кодексин бузган факты боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу округдун шайлоочуларына жана мүчөлүгүнө жараша саясий партиясынын башкаруу органдарына маалымдайт.
6.9.1. Ушул пункта белгиленген эрежелерди депутат одоно түрдө бузган болсо, Комиссия тарабынан этикалык Кодексин бузган депутатка чара көрүү маселеси жергиликтүү кеңештин сессиясына чыгарыларт.
Жергиликтүү кеңеш депутаттын жоопкерчилиги боюнча маселени алдын ала Комиссиянын кароосу жок эле чечет. Этика кодекси одоно бузулгандыгын жергиликтүү кенеш аныктайт.
6.9.2. Депутаттын жергиликтүү кеңешке жана анын органдарынада өз милдеттерин системалуу түрдө аткарбай жүргөн учурда жергиликтүү кеңештин иштөө тартибин бузган учурда Комиссиянын алдын ала кабыл алган чечими менен жергиликтүү кеңеш шайлоочуларга депутаттын өз милдеттерин аткарууга болгон мамилеси боюнча билдирет.