Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 09-февралы № 14-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштеринин отчету жана 2019-жылга иш планы жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2 жана 6-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2018-жыл ичинде аткарган иштери боюнча берилген маалымат жактырылсын (тиркеме тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз Ата айылдык кенешинин
(алтынчы шайланган) кезектеги он
төртүнчү сессиясынын 2019-жылдын 9-
февралындагы № 14-1 токтомуна тиркеме
2018-жыл Республикабызда “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгынын күбөсү болуп жатасыздар. Ошондой эле өлкөбүздө залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы, Ноокат районубуздун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы майрамдалды.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон жылдык иш-пландарыбызды толугу менен аткардык. Атап айтканда айыл өкмөтүбүздүн тармактары боюнча белгилей кетсек:
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде салык жана салык эмес жыйымдардын эсебинен жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууда көптөгөн иштер аткарылды. Атап айтсак:
2018-жылга бекитилген бюджеттин киреше жагы жалпысы 12044,8 миң сомду түзгөн болсо, аткарылганы 12966,3 миң сомду тузуп, план 107,7 % аткарылды.
Милдеттүү патент 97,0 миң сомго план бекитилип 76,8 миң сомго же болбосо 79,2 % аткарылды.
Киреше салыгы 3800,0 миң сомго пландаштырылып, 3668,8 миң сомго аткарылып 96,5 % түздү.
Ыктыярдуу патент 832,0 миң сомго пландаштырылып, 1067,7 миң сомго аткарылып 128,3 % түздү.
Транспорт салыгы 1550,0 миң сомго пландаштырылып, 1687,8 миң сомго аткарылып 108,9 % түздү.
Айыл чарба багытындагы жер салыгы 491,8 миң сомго пландаштырылып, аткарылганы 829,8 миң сом болуп 168,7 % түздү.
Там арка салыгы 361,0 миң сомго пландаштырылып, аткарылганы 444,2 миң сом болуп 123,0 % түздү.
КБФ нын ижара акысы 571,7 миң сомго пландаштырылып, 610,2 миң сомго аткарылып 106,7 % түздү.
Таштандыларды ташып чыгаруудан алынуучу салык 234,0 миң сомго пландаштырылып, 321,7 миң сомго аткарылып 137,5 % түздү.
2018-жыл ичинде социалдык тармактагы аткарылган иштер тууралуу маалымат
Билим берүү тармагында:
Айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү мектептерде 2017-2018-окуу жылында 313 мугалим 3284 окуучуга билим-тарбия беришти. Алардын ичинен 285 окуучу 9-классты, 204 окуучу 11-классты бүтүрүштү.
2018-2019-окуу жылына карата айыл аймагындагы 8 жалпы билим берүүчү мектептердеги аз камсыз болгон,колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 100 окуучуга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүү миң) сом (ар бирине 500 сомдон) жардам берилди. “Мугалимдерин кесиптик күнүнө” карата 8 мектептин, 7 балдар бакчасынын жамааттарына 10000 (он миң) сом сыйлык берилди.
Окуу жылы ичинде областтык олимпиадага А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынан 6, Т.Темиралиев атындагы орто мектебинен 1, Борко лицейинен 1 окуучу (жалпысы 8 окуучу) катышты.
Республикалык олимпиадага Борко лицейинин 11-классынын окуучусу Абыт кызы Элиза (мугалими Жунусова Манзура) химия сабагынан, А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынан Камалиддин уулу Абдулкуддус (10-кл. физика сабагы ) катышып келишти, бирок байгелүү орунду камсыз кыла алышпады.
2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы менен Акыркы коңгуроо салтанатында 10 мугалим, 1 окуучу айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты.
Акыркы коңгуроо жана бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын тапшыруу салтанаттары мыйзам чегинде өткөрүлдү.
2018-2019-окуу жылында 308 мугалим, 3176 окуучуга билим берип жатышат.
Окуу жылынын башталышында Тажибай атындагы орто мектебинин башталгыч классынын окуучулары Мерсико уюму тарабынан ысык тамак бериле баштады.
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы мектептердин 2017-2018-окуу жылындагы жалпы республикалык тестирлөөдөгү жыйынтыгы
№ | Мектептин аталышы | бүтүрүү- чүлөрдүн жалпы саны | А.и. ЖТРге кат. | 110 баллдан жог. | Мектеп боюнча эң жогорку балл | Мектеп боюнча орточо балл |
1 | А.Парпиев ат.мект.гимн. | 22 | 22 | 19 | 201-Патийдин к.Сайкал | 153,5 |
2 | Борко лицейи | 29 | 29 | 22 | 196-Абыт к. Элиза | 133,3 |
3 | С.Токторов ат.орт.мек. | 44 | 30 | 18 | 182-Насирова Гүлдана | 120 |
4 | Тажибай ат.орто мект. | 35 | 34 | 21 | 180-Нуралиева Элина | 122 |
5 | К.Каримов ат.орто мек. | 28 | 17 | 4 | 150 | 100 |
6 | Т.Темиралиев ат.ор. мек | 40 | 32 | 6 | 132 | 101 |
7 | Курак-Тектир орто мек. | 6 | 6 | 1 | 135 | 97 |
| Айыл аймагы боюнча: | 204 | 170 | 91 | х | 118,1 |
2016-2017-окуу жылында эң жогорку балл 194, орто балл 116 болгон.
Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети, мектептердин мурунку бүтүрүүчүлөрү (юбилярлар) жана демөөрчүлөрдүн салымы чоң.
А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын курулушу бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Бүгүнкү күндө Борко лицейинде түрткү берүүчү гранттын эсебинен 3,0 млн.сомго капиталдык ремонт иштери бүткөрүлдү. Айыл өкмөтү өздүк салым үчүн 300,0 миң сом бөлүп берди. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин атайын долбоорунун негизинде 20 компьютер стол, стулу менен келип, окуучулардын терең билим алуусуна шарт түзүлдү.
Тажибай атындагы орто мектебинин сырты айыл өкмөтү тарабынан 200,0 миң сом, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 50,0 миң сом, Бишкек шаарындагы «Көтөрмө» коомунан 50,0 миң сомго (баары 300,0 миң) акталып-сырдалып, толук ремонттолуп жаңыланды.
2018-2019-окуу жылына карата айыл аймагындагы 8 жалпы билим берүүчү мектептердеги аз камсыз болгон,колдоого муктаж үй-бүлөлөрдөн 100 окуучуга айыл өкмөтүнүн бюджетинен 50000 (элүү миң) сом (ар бирине 500 сомдон) жардам берилди. “Мугалимдерин кесиптик күнүнө” карата 8 мектептин, 7 балдар бакчасынын жамааттарына 10000 (он миң) сом сыйлык берилди.
Балдар бакчалары
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы 7 балдар бакчасында 84 кызматкер эмгектенип, 473 бала тарбияланууда.
Борко айылында К.Коконбаева атындагы 60 , Көтөрмө айылында “Көтөрмө-Нур” 60 , “Мераж-Нуру” 60 , Кыргыз-Ата айылында “Жылдызча-Нур” 90 , Ак-Булак айылында “Кызгалдак-Ак-Булак” 90 , “Бөпөмай” 50 , “Акылай-Куту” 60 орундуу балдар бакчалары иштеп жатат.
“Кызгалдак-Ак-Булак” бала бакчасында 2018-жылдын июнь айынан бери түрткү берүүчү гранттын эсебинен 2,4 млн.сомго капиталдык ремонт иштери бүткөрүлдү. Айыл өкмөтү өздүк салым үчүн 300,0 миң сом бөлүп
берди. Натыйжада бала бакчанын эшик-терезелери толугу менен пластикке алмаштырылды, потолок жана полдору жаңыланды, имараттын ичи-сырты заманбап болуп, акталып-сырдалды. Бүгүнкү күндө котельныйдын печкасы курула элек. Бакчанын көмүрканасына бир демөөрчү тарабынан 15000 сомго шифер алынып берилди. “Жылдызча-Нур” бала бакчасында айыл өкмөтүнүн колдоосу менен райондук деңгээлдеги семинар өткөрүлдү. Семинардын жыйынтыгында бала бакчадагы аткарылып жаткан иштер, материалдык-техникалык база үлгүлүү деп бааланды.“Мектепке чейинки билим берүү” мыйзамына ылайык, жалпы балдар бакчаларындагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү жана жарым жетим 29 бала 50%, 8 бала 100% төлөө взносунан бошотулган.
Балдар бакчаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодо жеке демөөрчүлөрдүн да салымы чоң. Атап айтканда “Ак-Булак коомунун” мүчөлөрү “Кызгалдак-Ак-Булак” балдар бакчасына 57,0 миң сомдук материалдык жардам көрсөтүштү. “Көтөрмө-Нур” балдар бакчасына демөөрчүлөр турмуш-тиричилик техникаларын белекке беришти.
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата балдар бакчаларындагы бөбөктөргө майрамдык белек үчүн үчүн айыл өкмөтүнөн 7000 (жети миң) сом берилди.
Аялуу катмар
Айыл аймагында 2018-жылы 14 жалгыз бой кары-картаңдар каттоого алынган. 621 адам ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген а.и. 17 адам шал,
9 адам ВИЧ-СПИД илдетине, 202 адам балалыгынан майыптар, 24 адам кургак учук илдетине чалдыккандар. 2018-жыл үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен ден соолугунан
мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон жарандарга 250,0 миң сом каралды.
Ноокат райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 5 адамга кресло-коляска берилди жана анын жол киреси үчүн айыл өкмөтү 1600 сом төлөп берди.
10 адамга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин резервдик фондунан 38,0 миң сомдук материалдык колдоо көрсөтүлдү.
2018-жылдын 26-июнь күнү Көтөрмө айылынын тургуну,жеке ишкер Карбеков Эрмек Токтогулович майып, колдоого муктаж 14 үй-бүлөгө 25,0 миң сомдук акча, ун, май, тамак-аш азык-түлүктөрүн жардам катары таркатып берди. Көтөрмө айылынан дагы бир жеке ишкер апасы, уулу майып үй-бүлөгө ай сайын тамак-аш азык-түлүктөрүн берип турат. 2019-жылдын 1-январына карата пенсионерлердин саны 2133 адамды түздү. Айыл өкмөт боюнча 2018-жыл ичинде төлөнгөн сумма 134375,3 миң сомду түздү.
Саламаттык сактоо тармагы
Айыл аймагындагы “Кызыр-Ата” айылдык ооруканасындагы
(20 койкага эсептелген), төрөт үйү, № 10 23, 26-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторундагы 5 дарыгер, 55 орто жана 27 кенже медкызматкерлер элге стационардык жана амбулатордук кызмат көрсөтүп жатат.
Калктын саламаттыгын сактоого көмөк көрсөтүү максатында №10-/ДТга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 300,0 миң сомго тез жардам автоунаасы сатылып алынып, элге кызмат кылууда.Мурунку тезжардам автоунаасы №26-/ДТга берилип, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20,0 миң сомго ремонттон өткөрүлдү.
Саламаттык сактоо кызматкерлеринин кесиптик күнүнө карата 4 кызматкер айыл өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланышты, №10,23,26-/ДТнын, айылдык оорукананын жамааттарына 6000 (алты миң) сом берилди.
Борко ФАПынын көмүркана ж.б.курулуш иштери үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 10000 (он миң) сом берилди.
Жумуштуулукка көмөктөшүү бөлүмү
Ноокат райондук жумуштуулукка көмөктөшүү бөлүмүнө 2018-жыл ичинде айыл өкмөтүнөн 202 (а.и.71 аял) адам жумуш издеп кайрылган. Алардын ичинен 166 адам статус алган, консультация алганы 13, кесиптик окууга (айдоочулук) 40 адам жөнөтүлдү.
25 адам акы төлөнүүчү коомдук жумушка тартылды: -10 адам көрктөндүрүү ишине 1 айлык мөөнөт менен, алардын ар бирине 1660 сомдон, бардыгына 16600 сом төлөндү;
-15 адам сел коркунучу бар “Куюшкан-Жарга” 1 айлык мөөнөт менен ар бирине 1200 сомдон, бардыгына 18000 сом төлөндү.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджеттик мекемелерин 2018-2019-
жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы жөнүндө маалымат
Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 3-июлундагы № 188-б буйругуна ылайык, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2018-жылдын 9-июлунда № 135-буйрук иштелип чыгып, анда кышка даярдык көрүү боюнча 9 кишиден штаб курамы түзүлгөн.Социалдык обьектилерге керектелүүчү электр энергиясы 695 мин квт жана 159 т көмүр отуну боюнча лимит бөлүнүп берилген. Тендерге жарыя берилип жеке ишкер Турдалиев Эмил 516 000 сомго утуп бүгүнкү күндө ар бир мектеп, балдар бакчасына көмүрлөрү түшүрүлүп берилди. Мисалы: Чон-Кыштоо башталгыч мектебине 7 т, Борко лицейи 15 т, Жылдызча-Нур балдар бакчасы 15т, Курак-Тектир орто мектибине 17 т, С. Токторов орто мектебине 20 т БСШ, 10 т. БК бардыгы 30 т., Мераж-Нуру балдар бакчасына 9 т, К. Коконбаева балдар бакчасы 12,5 т, Кызгалдак-Ак-Булак балдар бакчасы 10 т, Көтөрмө-Нур балдар бакчасы 10 т, Бөпөмай балдар бакчасына 8 т., А. Парпиев гимназиясына 20 т БСШ. Штаб мүчөлөрү тарабынан айыл аймагындагы жалпы социалдык обьектилер текшерилип, күз-кыш айларына карата зарыл болгон запастык бөлүктөр 286700 сомго алып бердик. Айыл аймагынын калкын көмүр менен камсыз кылууга ар бир айылда КамАЗ менен алып келип көмүр алган адамдардын үйүнө чейин жеткирип беришет. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө Кореядан жардам катары 35 тонна көмүр таркатылды.
Бардыгы 28 иш каралды.
/й-бүлөөлүк жаңжалдар- 4: анын ичинен 2 үй-бүлө жараштырылды.
Жер маселелери боюнча -10, алар түшүндүрүү иштеринин негизинде чечилди, а.и. 1 арыз кайтарылынып алынды.
Коомдук жерде укук бузуулар боюнча 5 адамга эскертүү жана уяткаруулар берилди.
Жогорку органдарга 3 арыз сунушталды.
Жаштар, маданият, спорт жана туризм тармагында:
Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жана сүйүктүү Ноокат районубуздун 90 жылдык мааракеси, аймагыбызда жайгашкан ар бир билим берүү мекемелеринде маданий иш-чаралар жогорку денгээлде уюшулуп, тандоо болуп өттү. Жыйынтыгында тандоодон өткөн жаштар айыл аймагыбыздын борборундагы Көтөрмө маданият үйүндө өз таланттарын жана көргөзмөлөрүн тартуулашып айыл өкмөтүнүн дипломдору жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышып, райондук кароого жолдомо алып катышып, баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты. Бул маданий иш-чарада залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалын чагылдырган көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Ал эми спорттун “волейбол” түрү боюнча “Кыргыз-Ата” волейбол клубу ачылып, 14 жаштан 18 жашка чейинки жаш спортчулардан турган 25 спортчу машыгып жатат.
Мамлекетибизде эн көйгөйлүү маселеси болгон, “Диний экстремизмге, терроризмге жана үй бүлөөлүк зордук зомбулукка, эрте никеге турууга, коррупцияга жана адам сатууга Кыргыз-Ата жаштары каршыбыз” аттуу чон акция болуп өттү. Акцияга аймак боюнча 200дөн ашуун келечек ээлери катышты. Кыргыз-Ата айыл аймагынын борбордук көчөлөрүндө лозунгдар менен жогорку денгээлде жүрүш болуп жыйынтыгында сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу маданият мекемелеринин аткарган иштери.
Кыргыз Республикасында 2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн маданият үйлөрүндө төмөнкүдөй иш-чаралар өттү. 21-февраль “Бүткүл Дүйнөлүк эне тил” күнүнө карата “Тил билсен, дил билесин” аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата аймагыбыздагы мектептердеги жана окуу жайдагы окуучулардын билим деңгээлин, патриоттуулугун, маданияттуулугун жогорулатуу, өлкөнүн намысын коргоочу мырзаларды мекенчилдикке үндөө жана алардын ар тараптан өсүүсүнө кошумча көп нерселерди изилдеп үйрөнүүсүнө, эл алдында тартынбай өз өнөрүн көрсөтүп бере алуусуна шарт түзүү максатында А. Эгембердиев атындагы маданият үйүндө жаштар, спорт жана маданият адиси менен биргеликте “Кыргыз-Ата мырзасы 2018” аттуу кароо-сынак өткөрүлдү.
Кароо-сынактын катышуучулары 10 баскычтын негизинде өткөрүлүп жыйынтыгында Токторов орто мектебинин окуучусу Таалайбек уулу Эрдавлет 139 упай топтоп 1-орунду ээледи. 2-орунду Курактектир орто мектебинин
окуучусу Шакир уулу Сыймык, 3-орунду Тажибай орто мектебинин окуучусу Шакир уулу Эдил өкмөт тарабынан дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.
Калган мектептен келип, кароо-сынакка катышкан жалпы окуучуларга да өкмөт тарабынан балуу сыйлыктар тапшырылды.
21-март “Нооруз” элдик майрамына арналган иш-чаралар уюшкандыкта өткөрүлдү жана ноорузга карата айыл аймагыбызда лозунгдар илинди.
Ал эми дагы аймагыбызда өткөрүлүп жаткан салттуу “Ыр-кесе” кароо сынагынын жыйынтыктоочу Гала концерти Нооруз майрамына карата болуп өттү. Сынактын сонунда женүүчүлөр такталып, ГРАН-ПРИ сыйлыгына Т.Жамалов атындагы балдар музыкалык мектебинин эмгек жамааты жетишип “Ноутбук” менен, 1-орунду №54-кесиптик лицейи жетишип, “Канон” принтери менен, 2-орунга саламаттыкты сактоо кызматкерлери жетишип, “Телевизор” менен, 3-орунга Тажибай жана Каримов орто мектебинин эмгек жамааттары жетишип “Пылесос” менен, 4-орунду Темиралиев орто мектебинин эмгек жамааты жетишип, “Электротефаль” менен айыл өкмөт тарабынан сыйланышты.
22-март Бүткүл Дүйнөлүк суу күнүнө карата “Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор” аттуу мектептер арасында кароо-сынак өткөрүлдү. Жыйынтыгында А. Парпиев атындагы гимназиясы женүүчү деп табылып, айыл өкмөтүбүздүн диплому менен сыйланды.
Кыргыз элин дүйнөгө тааныткан Манас баатыр менен элибиз сыймыктанат. Облустук денгээлде өтүп жаткан “Манас кербени” аттуу манасчылардын жана жаш акындардын жүрүшү болуп, кербен биздин аймакта да 6(алты) күн катары менен аймагыбыздагы жалпы мектептерде 3(үч) сааттан кем эмес манас айтуу болуп өттү. Манас айтуунун негизги максаты келечек ээлеринин патриоттук сезимин ойготуу, өз мекенин сүйүү жана көздүн карегиндей сактоо, мекенчил жаштарды тарбиялоо, данкттуу Манас эпосун таанытуу болуп, жыйынтыгында кызыккан 50(элүү)дөй жаш манасчылар мектептерден чогулуп, Көтөрмө маданият үйүндө жалпы калкка өз өнөрлөрүн тартуулашты.
9-май Улуу жеңиш күңү биз үчүн ыйык майрам.1941-1945 жылга чейин созулган Улуу Ата-Мекендик согуш канчалаган аталарыбыздын өмүрлөрүн кыйды.Кыргыз-Ата айыл аймагынан 464 жоокер согуш майданына аттанып, көпчүлүгү кайтпай калган. Азыркы күндө Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылынан Маматов Мамыт,Кыргыз-Ата айылынан Кадыркулов Ыса биз менен бирге Улуу Ата-Мекендик согуштун 73 жылдыгына Ооган согушунун атышуучулары менен бирдикте Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы “өчпөс от” эстелигинин алдында өткөрүлдү. Кыргыз-Ата айылынын тургуну Кыргыз Республикасынын Чекара Кызматынын төрагасынын орун басары А. Алимбаев келип салтанаттын катышуучуларына куттуктоо сүйлөп, Улуу Ата Мекендин жогорудагы эки катышуучусуна
белектер тапшырды. Айыл өкмөттүн башчысы Б.Марипов согуш ардагерлерин куттуктап, айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар
тапшырды. Салтанаттын аягында согушка катышкандардын балдары жана неберелери өчпөс отко гүл коюшту жана Кыргы-Ата айыл өкмөтүндөгү маданият кызматкерлери чакан концерттик программа тартуулашты.
1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата Тажибай атындагы орто мектебинде сүрөт конкурсу өткөрүлдү. Сүрөт конкурска 3-класстан 7-класска чейинки окуучулар катышты, аларга маданият кызматкерлери тарабынан белектер тапшырылды.
Ноокат районунун жана залкар жазуучубуз Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата маданият мекемелеринде стенддер, буклеттер чыгарылды.
А. Эгембердиев маданият үйүндө “Ч. Айтматов жана тил” аттуу фестивал болуп өтүп. Тандалган таланттуулар Ноокат райондук маданият үйүндө өткөрүлүүчү кароо-сынакка жолдонмо алышты. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнөн Кадыров Мухамед дастан айтуу, Кимсанов Шерзат манас, Акмаматов Шана төкмө акындык боюнча алдынкы орунду ээлеп, диплом акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Ноокат районунун жана Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына жана 23-сентябрь тил күнүнө карата айыл аймагыбыздагы мектептер арасында кароо-сынак уюштуруп, таланттуу жаштарды тандап алып, А. Эгембердиев атындагы маданият үйүндө жыйынтыктоо концерттин элдерге тартуулап жалпы катышуучуларга айыл өкмөтүбүздүн баалуу сыйлыктары жана дипломдору ыйгарылды.
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмери С.И. Ибраимовдун 90 жылдыгына карата маданият үйлөрүндө стенддер жана буклеттер чыгарылды. С. Ибраимов тууралуу тегерек стол өткөрүлдү.
19-декабрь күнү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө “Диний экстремизм, терроризмге каршы, үй бүлөөлүк зордук зомбулукка, эрте никеге турууга,коррупцияга, адам сатууга” Кыргыз-Ата жаштары каршыбыз аттуу акция жүрүшү тууралуу иш-чара болуп өттү. Иш-чарага аймагыбыздагы жалпы айылдардан 300гө жакын уул кыздар катышты. Жүрүштөн кийин А. Эгембердиев атындагы маданият сарайында жаштар тарабынан темага карата даярдалган сахналык көрүнүнштөр көрсөтүлдү.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу китепканалардын аткарган иштер
2018-жылы «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата китепкана төмөндгү иштерди аткарды. 23-февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата «Жоокер менен сакчысы» аттуу мектептер арасында кароо сынак өткөрүлдү маданият үйүнөдө, женүчүлөргө айыл өкмөт тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Биринчи орунда Саты Токторов мектебинин окуучусу Калманбетов Нуржигит, экинчи орунда Тажибай атындагы орто мектептин окуучусу Шакирбек уулу А, үчүнчү орун Борко лицейин окуучусу Чүрөков А акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Маданият бөлүмүнүн №4 пр:1 Буйруктун негизинде Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 7-
февралындагы 21-февраль-Эл аралык эне тил күнүн өткөрүү жөнүндөгү №25-б буйругун аткарууга алуу максатында китепкана «Тил билсне,дил билесин» аттуу майрамдык салтанат өткөрүлдү. Айыл өкмөттүн №63 буйругу боюнча 21 март «Нооруз» элдик майрамына арналган иш чараларды уюшкандыкта өткөрүү жана ноорузга карата китеп көргөзмөлөр,стенд чыгарылды.Маданият бөлүмү тарабынан №12 Буйрукту аткарууга алуу
максатында залкар жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер «Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата китепкана тарабынан жазуучунун чыгармалары боюнча мектептер арасында фестивал өткөрүлдү, фестивал жобонун негизинде Айтматовдун чыгармалары боюнча кыскача үзүндүлөр, манолог, көркөм окуулар, жазуучуга арналган ырларды аткарылды женүчүлөргө айыл өкмөттөн Грамата жана китеп белеке берилди . №16 буйруктун негизинде «Манас кербени» аттуу кароо - сынакты Кыргыз-Ата айыл өкмөттө облустун денгелде өткөрүлдү максатында,элибизде өсүп келе жаткан жаш муундарга «Манас»эпосун кенири жайылтуу,эл арасындагы жаш манасчыларды таап талантын өсүшүнө көмөк көрсөтүү максатында, өткөрүлдү ага айылдын жашоочулары, мектеп окуучулары катышышты. №17 буйрукту аткарууга алуу максатында Ноокат районунун 90 жылдык арналган китеп көргөзмөлөр,стендер,буклеттер, чыгарылды.Ноокат кечээ жана бүгүн деген темада маданий иш чаралара өткөрүлдү. Айыл өкмөттөн № 145 буйругуну аткарууга алуу максатында Ноокат районубуздун 90 жылдык маарекесин өткөрүү боюнча китепкана китеп көргөзмө,стенд,чыгарды.Ал эми 10-октябрда Ноокат райондук маданият үйүнө Ноокат райондук админстрациянын буйругу менен райондук маданият үйүнө көргөзмө алып бардык. Айылөкмөт тарабынан №162 буйрукту аткарууга алуу максатында 2018-жылдын 10 –сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 28-августундагы Ош облусунун аймагында «Ч.Айтматов жана тил» аттуу маданий иш чараны өткөрүү жөнүндөгү №591-б буйругун турмушка ашыруу туралуу»№186-б буйругун аткарууга алуу жөнүндө китепкана төмөндөгү иштерди аткарды.Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата китеп көргөзмө,буклет жана стенд чыгарылды. Жазуучунун чыгармалары боюнча кызыл алма, акбаранын көз жашы,Эрте келген турналар чыгармасындагы Илияз менен Асел сүйүүсү жана кызыл алма повестинен кыскача үзүндүлөр жана жер эненин манолог, Бетме беттеги Седенин манологу, Чынгызга арналган көркөм окуулар жана акындын Ысык-Көл деген ырын Токтобаева.Э жана Ыпысбаев.У аткарышты. Ал эми ушул буйруктун негизинде «Кылым каарыткан кыргыз тили керемет.» аттуу адабий-музыкалык кече өткөрүлдү.Айыл өкмөт тарабынан №12 каттын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош обулусундагы ыйгарым укуктук өкүлүнүн 2018-жылдын 14-сентябрындагы №04-745 сандуу катына негиз Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.И.Ибраимовдун 90 жылдыгына карата китепкананда китеп көргөзмө ,угуза окуу өткөрүлдү. Айыл өкмөт тарабынан №621 буйруктун негизинде Зордук зомбулука бөгөт коюу жана эрте турмушка чыгуунун алдын алуу максатында 10-11 класстын окуучулары менен көчөлөрдө жүрүш өткөрүп,ата -энелерди түшүндүрүү акциясына чакырып сахналык көрүнүштөр өткөрүлдү мектептин окуучулары менен бирдикте. Китепканага айыл өкмөттүн бюжетинин эсебинен принтер 9500 сом, ноутпук 18000 камондировкалык чыгымга 6000 сом,басма сөзгө 1500 сом, китепке 5000 сом акчалаай бөлүп берди.
Окурмандардын саны- 597, Китептин берилиши -7882, окурмандардын келип кетүүсү -3563, Китеп фонд - 11852.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү аскер учетун жүргүзүү бөлүмүнүн аткарган иштери
2018-жылга окуу жылындагы иш пландын негизинде январь,февраль айы ичинде 2002-жылкы жаш өспүрүмдөр алгачкы аскердик каттоого алынды.Айыл өкмөт боюнча 5 орто мектеп,1 лицей,1 гимназия жана 54-кесиптик лицей бар.Жалпысынан 136 бала комиссиядан өттү.Февраль,март айларында чыныгы жана альтернативдик кызмат өтөөгө участкалар боюнча изилдөө жүргүзүп апрель,май айларында чыныгы аскердик жана альтернативдик кызматка чакырып жөнөтүлдү.Ар бир ай сайын аскерге милдеттүүлөрдүн жашаган жери жана ден соолугу боюнча каттоо жүргүзүлүп,райондук аскер комиссариятына билдирүү жөнөтүлөт. Ошондой эле күн сайын келген,кеткен аскерге милдеттүүлөргө каттоо жүргузүлүүдө. Август,сентябрь айында күзгү аскерге чакыруу боюнча иш план түзүлүп,айыл боюнча аскерге милдеттүулөрдү жоктоп,сентябрь,октябрь,ноябрь айларында чыныгы аскердик кызматка жана альтернативтик кызматка өткөрүлүп жатат.Азыркы мезгилде аскерге милдеттүүлөр чакырылууда.2003-жылкы жаш өспүрүмдөрдү алгачкы аскерге каттоо иштери бүттү.Чыныгы аскердик кызмат өтөөгө жыл ичинде 31 бала кетти,альтернативдик кызматка 34 бала өттү.СМР жана 25-40 жашка чейинки аскерге барбаган атуулдар такталып,тийиштүү акчаларын төгүп,кызмат өтөп келүүдө.Айыл өкмөтү боюнча 2018-жыл ичинде 6 бала 50 000 сом төлөп СМР кызматына жөнөтүлүп,7 аскерге милдеттүү 25 000 сомдон акча төлөштү. Жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюу,аскерге милдеттуулөргө изилдөө иштерин жүргүзүп аскер комиссариятынан чакыруу барагын таркатып,аскер комиссариятка келүүсүн камсыздап жатабыз.Альтернативдик кызмат өтөп жаткандардан акча каражатын төлөөсүн көзөмөлгө алуудабыз.Жогорудагы иштер күн сайын,ай сайын үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. Ноокат райондук аскер комиссарияты тарабынан райондун жаштарын жана мектеп окуучуларын Ата Мекенди сүйүүгө жана аскердик патриоттуулукка тарбиялоо боюнча № 65 токтомун аткаруу максатында Борко лицей,Каримов орто мектеби,Тажибай жана № 54 кесиптик лицейлерде жаштар комитети,имамдар,участкалык инспекторлор менен биргеликте чогулуштар жана талкуулоолор жүргүзүлдү. Ошондой эле 2003 жылкы уландарды алгачкы аскерге каттоо такталды жана 145 бала комиссиядан өттү.
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов