Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылышынын кезексиз I сессиясы
2019-жылдын 01-февралы № 1/3
Күнтуу айыл өкмөтүнүн айылдык кенешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» Мыйзамын негизге алып депутаттардын Күнтуу айылдык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айылдык кеңештин иш регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин;
2. Бул токтом WWW.Kuntuu-aimak.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | У.Астаркулов |
Бекитилсин №1 тиркеме
У.Астаркулов____________
Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына ылайык иштелип чыгарылды жана айылдык кеңешинин иш-аракет тартибин аныктайт.
1.1. Айылдык кеңеши өзүнүн иш-аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясы, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жегиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Жогорку Кенеш жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна ошондой эле Регламент жетекчиликке алат.
1.2. Айылдык кенештин иш-аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, айылдык кенеши жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүн органы болуп саналат.
1.3. Айылдык кенеши белгиленген курамындагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт.Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы, тен жана шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен төрт жылга шайланат.
1.4. Айылдык кенештин уюштуруучу-укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Айылдык кенешинин компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруу тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджет жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджетти аткаруунун жана бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакттарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук кылуу;
- жергиликтүү салыктарды,жыйындарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү; ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципалдык менчик объекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө, муниципалдык менчиктин пайдаланылышына контролдоону жүзөгө ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелуу аткаруучу-тескөөчү органынын иши жөнүдө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык округдун башчысына ишеним көрсөтпөө;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
- администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында аларды иштеп чыгуу;
- төраганы жана анын орун басарын шайлоо, аларды кызматтынан бошотуу, кенештин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-келген чечимдерин жокко чыгаруу;
- жергиликтуу кенештин Регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- Өкмөт аныктаган типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органынын структурасын жана штаттык санын бекитүү;
- муздак сууну , канализацияны, жылуулук жабдууларын пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифтерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бекитүү;
- айылдык башчысын шайлоо;
- тиешелүү район үчүн мыйзамда бекитилген базалык ставканын базасында эсептелген айыл, үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасы чектеринде кыртыштын бонитетинин баллдарын эске алуу менен, айыл-чарба жерлерин пайдалануу үчүн салыктын дифференцияланган ставкаларын белгилөө;
- кайра бөлүштүрүү фондунун айыл чарба жерлерин, чабындыларды жайытттарды ижарага тапшыруу тартибин аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын уставын кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
1.3 Айылдык кенеш жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүүгө укуктуу, материалдык, финансылык жана башка каражаттар бөлүнүп берилип, ага ылайык мамлекттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп алынат жана аткарылат.
1.4 Айылдык кенеш белгиленген мөөнөттө өзүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууга киришүүдө төраганын орун басарын жана структура жөнүндө чечим кабыл алат.
3.1 Айылдык кенештин төргасы депуттардын арасынан жашыруун добуш берүү жолу менен айылдык кенешинин ыйгарым мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кенештин төрагалыгына депутаттар тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат. Жалпы депутаттар көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3.2. Айылдык кенештин төрагасы: Кенеш сессиясын чакырат; Сессияга төрагалык кылат;
Айылдык кенештин чечимдерине, отурум протоколдоруна жана башка иш кагаздарына кол коет; Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
3.3 Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы (аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш беруу жолу менен айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөткөн айылдык кенештин депутаты, депутаттары, ошондой эле аким шайлоого чейинки беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:
-айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер катары чечим;
- өзүн өзү көрсөтүү боюнча чечүү;
- талапкерлердин көрсөтүлүүгө макулдугу жөнүндө арызы;
- өмүр баяны;
- өздүк баракча сүрөтү менен;
- соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчеси;
- нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн жогорку билими тууралуу диплом;
- справка объективка;
3.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүгө айылдык кенештин депутаты, депутаттар укуктуу. Айылдык кенештин депутаты, депутатар айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна бир гана талапкерди көрсөтө алат.
3.4. Кенештин төрагасынын орун басары төраганын тапшырмаларын аткарат жана ал өз милдетин аткарат.
3.5. Кенештин төрагасынын орун басары өз милдетин коомдук башталышта алып барат.
3.6. Кенештин төрагасынын орун басары депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн демилгеси боюнча жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен кызматтан бошотулат.
4.1. Айылдык кенештин катчысынын милдетин айыл өкмөтүнүн аппаратынын жооптуу катчысы аткарат.
4.2. Айылдык кенештин катчысы:
Айылдык катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт;
айылдык кенештин катчысы келип тушүүчү кагаздарынын эсебин алууну уюштурат;
Айылдык кенештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун эсебин алат;
Айылдык кенештин сессия токтомдорун тариздейт жана кеңеш депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
Айылдык кенештин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
5.1. Айылдык кенеште кенешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын алуу кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышуу үчүн, бул чечимдерди бул аймактагы жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн туруктуу комиссия түзөт.
Айылдык кенеш тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт. Комиссиялар тизмеси, алардын сандык курамын шайлоо айылдык кенештин депутаттары тарабынан аныкталат.
5.2. Айылдык кенеши атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу комиссияларды түзө алат.
Убактылуу комиссиялардын ыйгарым укуктары аларды түзүү убагында аныкталат. Убактылуу комиссиялардын ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
6.1. Айылдык кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык кенештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын жалпы санынын 1/3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык кенештин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
6.2. Айылдык кенештин депутаттары кенеш сессиясына катышуу милдетүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоо тийиш.
6.3. Айылдык кенештин сессиясы ачык түрүндө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрүндө өткөрүлүүсү мүмкүн.
6.4. Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
6.5. Айылдык кенеши ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
6.6. Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сессияда каралат.
6.7. Айылдык кенештин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт.
Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколдо сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
6.8. Керек болгон учурларда Айылдык кенешинин сессияларына каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
7.1. Айылдык кенештин сессиясында каралган маселелер каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат.Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
7.2. Айылдык кенешине кароого сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
Кабыл алынган чечимди аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт;
Зарыл учурда чечим кызыкдар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү, ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашууга тийиш;
Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурда кабыл алынган токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
7.3. Айылдык кенештин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттарды санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
7.4. Кенеш депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кенештин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
7.5. Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе, долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
7.6. Токтом долбоору баардык оңдоолор, кошумчалар каралгандан кийин толугу менен кабыл алынат.
7.7. Айылдык кенештин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенеш аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
7.8. Айылдык кенештин кабыл алган токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан ишканалар, мекемелер жана алардын органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга милдеттүү.
8.1. Айылдык кенештин иш Регламенттин, Типтүү Регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат,жана кенештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
8.2. Регламент маселелери боюнча топко айылдык кенештин шайлануучу беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кенештин төрагасынын орун басары жектекчиликке алат.
8.3. Ар бир депутат Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү сунуштарды киргизе алат. Сунуштар Регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
8.4. Регламент жана Регламентке оңдоолор, киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттарды көпчүлүк саны кабыл алынат.
Эгерде сессияга 3 же андан ашык келбесе, алкаголдук ичимдиктерди ичип сессияга келсе,регламентти сактабаган депутаттарды, жаман сөздөрдү сүйлөсө ошондой эле сессияга депутаттык мандаты жана депутаттык төш белгисин тагып келбесе чара колдонулат.
Ар бир депутат сессияга костюм шым жана галстук менен келүүсү милдеттендирилет.