Загрузка документа…
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 02-апрели №23-1
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдында Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» Мыйзамынын 1-беренесинин 2-пунктунун талаптарына ылайык А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагында жүргүзүү максатында А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдында Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча курамы 11 адамдан турган жергиликтүү комитет түзүлсүн (№1-тиркеме тиркелет).
2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдында Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетин, ЖОБОсу бекитилсин (№2-тиркеме тиркелет).
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Ажибековго жүктөтүлсүн.
Төрага |
И.Исмоилов |
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин XХIII- сессиясынын №23-токтомуна №1 тиркеме
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин алдында Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуу боюнча түзүлгөн комиссия курамы:
1. Ажибеков Дастанбек-А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
2.Темирбаева Гулнора –А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча жетектөөчү адиси- комиссиянын катчысы;
3. Мирзакаримов Анварали-А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы-комиссиянын мүчөсү;
4. Сулайманова Арофатхан-А.Мирмахмудов атындагы айылдык Кеңешинин депутаты- комиссиянын мүчөсү
5. Собиров Махаммадсоли-А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын имамы- комиссиянын мүчөсү
6. Халматова Химоят- комиссиянын мүчөсү
7. Айтиев Мухаммадсадык-А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын жаштар комитетинин төрагасы- комиссиянын мүчөсү;
8. Моминова Раъно –А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын аялдар кеңешмесин төрайымы,комиссиянын мүчөсү;
9.Мамажанова Минавархон-комиссиянын мүчөсү;
10.Абдиназаров Абсайит-Беруний атындагы орто мектебинин соц.педагогу -комиссиянын мүчөсү;
11.Ураимова Назгүл-ИДН кызматчысы- комиссиянын мүчөсү.
А.Мирмахмудов атындагы айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Ч.Инакова
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин XХIII- сессиясынын №23-токтомуна №2 тиркеме
1.1. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети ( мындан ары кыскача ҮБЗТК деп аталат) Кыргыз Республикасынын Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо» Мыйзамынын 19 беренесинин 6 пунктунун талаптарына ылайык үй бүлөлүк зомбулукту, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукту токтотууга салым кошуу максатында курамы мамлекеттик, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, дин кызматкерлеринин өкүлдөрүнөн жана жергиликтүү жамааттардын башка мүчөлөрүнөн турган ведомстволор аралык координациялоо жана өз ара аракеттенишүү үчүн коомдук башаталышта түзүлгөн дайыма иштей турган коллегиялык орган.
1.2. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн жергиликтүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, өкмөттүк эмес, коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта ишке ашырат.
1.3. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтомдоруна, жана жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын буюртмаларына жана ушул Жобого ылайык ишке ашырат.
Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин максаттары
2.1. Үй бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет өзүнүн маселелерин аткаруу үчүн кийинки функцияларды ишке ашырат:
- Үй- бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитеттин иш пландарына үй бүлөлүк баалуулуктарды сактоо, , үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй бүлөлүк зордук-зомбулукту токтотуу маселелерин камтуу менен иштеп чыгышат жана Гулистан айылдык кеңешинин сессиясына бекитүүгө алып чыгат;
- Үй-бүлɵлүк зомбулукту анализин жүргүзүп А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин жана А.Мирмахмудов айыл өкмөөтүнүн талкуулоосуна алып чыгат;
- жарандарды социалдык коргоо мекемелери, жана өкмөттүк эмес уюмдар менен биргеликте кыйын жашоо абалында калган жарандарды, балдар үйлөрүн, карылар үйлөрүн колдоо боюнча иш уюштурат;
3.1. Жарандардын кайрылуулары менен иштөө, зомбулуктун курмандыктарына маалыматтык, психологиялык жана юридикалык колдоо көрсөтүү;
3.2. Калк арасында адам укугунун сакталышы жана зомблуктун токтотуу маселелелери боюнча алдын алуу иш чараларын жүргүзүү;
3..3. Ар бир кварталдан бир жолудан кем эмес ҮБЗТК мүөлөрүн окутуу боюнча иш чараларын жүргүзүү;
3.4. Зарыл болгон учурда прокуратура жана ички иштер органдарына үй-бүлөлүк зомбулуктун айкындалган фактылары жөнүндө кабарлоо;
3.5. Аялдардын, балдардын, улгайган адамдардын, ден соолугунан мүмукүнчүлүгү чектелген адамдардын коопсуз жашоого болгон укугунун сакталышына такай мониторинг жүргүзүү;
3. 6. Үй бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аны токтотуу маселелери боюнча коомдук пикирди калыптандыруу боюнча иш чараларды уюштуруу жана ага катышуу;
3.7. Жергиликтүү коомчулуктун ишкер жана коомдук саясий чөйрөсү менен байланышты колдоо жана өнүктүрүү;
3.8. Үй булөлүк зомбулукту токтотуу боюнча коомдук демилгелерди өркүндөтүү боюнча региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү;
3.9. Зомбулуктан жабыр таркан жарандардын турмуш тиричилигине тийгизген тоскоолдуктарды жоюусуна көмөктөшүү жана алардын башка жарандар сыяктуу коомдун турмушуна толук кандуу аралашып кетишине шарт түзүп берүү;
3.10 Мамлекеттик жана коомдук бирикмелер м6нен биргеликте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча маалыматтык жана агартуучулук ишти жүзөгө ашыруу;
3.11. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу чөйрөсүндө иштеген аймактагы мекемелердин базасын түзүү
4.1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелерине арналган укуктук ченемдик актылардын, программалардын, чечимдердин долбоорун коомдук талкуулоого катышууга;
4.2. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелерине арналган коомдук демилгелерди кароого;
4.3. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана токтотуу маселелери боюнча кабыл алына турган же кабыл алынган чечимдердин жакшыртуу боюнча тиешелүү сунуштарды берүү;
4.4. Өз ишмердүүл\г\нө улуттук, эл аралык, жергиликтүү эксперттерди, илимий ишмерлерди тартууга;
4.5. Тиешелүү маселелерге ылайык семинар, конференция, тегерек стол, коомдук угууларды, маалыматтык жыйындарды уюштурууга жана өткөрүүгө;
4.6. Өз компетенцияларынын чегинде маселелерди талкулоо боюнча ҮБЗТКтин кеңешмелерине тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, жооптуу кызматкерлерин чакырууга;
4.7. Мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомчулук менен кызматашуусуна көмөк көрсөтүүгө;
4.8.Өз ишмердүүлүгү тууралуу Жобону иштеп чыгууна жана бекитүүгө;
4 9.Зарыл болгон учурда убактылуу жумушчу топторду, комиссияларды түзүүгө;
4.10. Өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Ресубликасынын мыйзамдары тыюу салбаган булактары аркылуу каржы булактарын тартууга укуктуу.
Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитетинин калыптанышы жана анын иш регламенти
5.1. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитети жергиликтүү кеңеш менен калыптанат
5.2. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет айылдык кенешине жана айыл өкмөтүнө отчет берет.
5.3. Үй -бүлɵлүк зомбулукту токтотуу боюнча жергиликтүү комитет коомдук кызыкчылыктардын эсеби менен калыптанат, анын курамына мамлекеттик органдардын өкүлдөрү укук коргоо структураларынын, ,социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелеринин диний уюмдардын , жергиликтүү жамааттардын, жарандык коомдун, аксакалдар сотунун, аялдар кеңешинин өкүлдөрү(макулдашуу боюнча), жана башкалар кирет.
5.4. Үй-бүлɵлүк зомбулукту токтоттотуу боюнча жергиликтүү комитет мамлекеттик уюмдардын , жарандык коомдук уюмдардын жана калктын кызыкчылыктарын чагылдырган коомдук орган катары айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн кароосуна бекеитилген Жобого ылайык маселелерди алып чыга алат.
5.5. Жергиликтүү комитеттин башчысы комитеттин отурумунда шайланат, анын мөөнөтү бүткөндө айыл өкмөтү менен макулдашуу боюнча төрага же активдүү мүчөрдүн бири төрага болуп шайланышы мүмкүн. Жергиликтүү комитеттин башчысында орун басар жана катчы болот. Комитеттин отуруму протокол менен таризделип, ага бардык кабыл алынган чечимдер жазылат жана ага төрага жана катчы кол коюшат.
5.6. Жергиликтүү комитеттин отурумдары бир айда бир жолудан кем эмес аралыкта өткөрүлөт, ал эми зарыл болгон учурда Комитеттин кезексиз отурумдары өткөрүлүшү мүмкүң. Комитеттин отуруму эгерде ага комитеттин жарымынан көбүрөөгү катышса укуктуу болуп саналат, анын чечимдери көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
5.7.Комитеттин чечими сунуштама мүнөзүнө ээ, анын кабыл алган чечимдери, сунуштары, сунуштамалары жөнүндө маалыматтар жалпыга маалымдоо каражаттары, коммуникативдик байланыш байланыш аркылуу тиешелүү бийлик органдарына, коомчулукка жеткирилиши мүмкүн.
5.8. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү иш пландарынын негизинде ишке ашырылат.
5.9. Жергиликтүү комитеттин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтү тарабынан каржыланат.
5.10. Жергиликтүү кеңештин укуктук-ченемдик актылары юстиция органдарында катталат жана массалык маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин өз күчүнө кирет.
А.Мирмахмудов атындагы айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы: Ч.Инакова