Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019- жылдын 20-июлу № 15-1
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын 6 айында аткарган иштеринин отчету жөнүндө
Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери жөнүндөгү маселени айылдык кенешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын заседаниесинде карап жана депутаттардын талкуусун угуп Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 50-беренесинин 2-пунктына жана 31-беренесинин 2-пунктына таянып Кыргыз-Ата айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүн башчысынын 2019-жылдын 6 айында аткарган иштери боюнча берилген маалыматы жактырылсын (тиркелет).
2. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүгүү планында көрсөтүлгөн иш чараларды өз убагында аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2019-жылдын 20-июлундагы № 15-1 токтомуна тиркеме
2019-жыл Республикабызда “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу бул багытта айыл өкмөтүбүздө атайын токтомдор, буйруктар кабыл алынып, ар тараптуу иш чаралар түзүлүп, көптөгөн иштер аткарылып жатат.
Республикабыздагы жер-жерлерде жүргүзүлгөн иштер катарында биздин айыл аймагыбызда алдыга койгон 6 айлык иш-пландарыбызды толугу менен аткардык. Атап айтканда айыл өкмөтүбүздүн тармактары боюнча белгилей кетсем:
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2019- жылдын 6-айында аткарылышы боюнча
2019-жылдын 6 ай аралыгында айыл өкмөттүн киреше бөлүгүжалпысыболуп-7072,2 сомго бекитилген. Ал эми жергиликтүү бюджеттин аткарылышы 7560,6 сом болуп 106,9% түздү, башкача айтканда 488,4 сомго көп жыйналды.
Республикадан алынуучу кирешелер:
№ | Аталыштары | Жыл башында бекитилген план | Аткарылган сумма | Кеми | % |
1. | Теңдештирүүчү грант | 5299,2 | 4758 | 541,2 | 89,8
|
2. | Максаттуу трансферттер (Статитс айыл, 50% высокогорье эл.энергия) | 123,8 | 123,8 | 0 | 100 |
| Жыйынтыгы: | 5423,0 | 4881,8 | 541,2 | 90 |
Жергиликтүү кирешелер түрлөрү боюнча алганда төмөндөгүдөй болуп аткарылды :
№ | Кирешенин аталышы | Такталган план | Аткарылган сумма | % |
1 | Киреше салыгы | 2597,5 | 2373,9 | 91,4 |
2 | Бирдиктүү салык | 7,2 | 29,3 | 406,9 |
3 | Милдеттүү патент | 40,2 | 51,1 | 127 |
4 | Ыктыярдуу патент | 344,8 | 442,2 | 128 |
5 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 85,5 | 45,4 | 53 |
6 | Тамарка салыгы | 276,9 | 491,7 | 178 |
7 | /лүштүк жер салыгы | 291,2 | 712,5 | 245 |
8 | Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 211,4 | 211,6 | 100 |
9 | Авто транспорт салыгы | 726,4 | 888,1 | 122 |
10 | Сатуудан алынган салык | 197,1 | 88,1 | 45 |
11 | Калктуу пунктан алынуучу ижара акы | 151 | 107 | 71 |
12 | Жайыт акысы | 185,7 | 305,4 | 164 |
13 | Аренда КБФ | 510,9 | 550,8 | 108 |
14 | Таштанды алуу салыгы | 314,4 | 324 | 103 |
15 | Лицензияны кармоо үчүн акы | 285,2 | 22,2 | 8 |
16 | Муниципалдык имараттан алынуучу ижара акы | 0 | 1 | 1 |
17 | Атайын счет | 846,8 | 916,3 | 108 |
| Жыйынтыгы: | 7072,2 | 7560,6 | 106,9 |
2019-жылдын 6 айындагы чыгымдардын жумшалышы:
№ | Статьялардын аталыштары | Планы | Жумшалган | % |
|
|
| сумма |
|
1 | Айлык акы | 3386 | 3341,8 | 99 |
2 | Соц. фонд | 489,6 | 474,2 | 97 |
3 | Командиров. чыгым | 253,6 | 242,3 | 96 |
4 | Электр энергия | 1288,7 | 1561,9 | 121 |
5 | Байланыш чыгымы | 65,7 | 50,4 | 77 |
6 | Транспорт чыгымы | 106,3 | 99,4 | 94 |
7 | Отурумдук ремонтторго | 1209,7 | 897,8 | 74 |
8 | Оздук салымдар | 1333,1 | 756,2 | 57 |
9 | Сельское хозяйство айыл чарба | 790 | 860,3 | 109 |
10 | Түрдүү чыгым | 1379 | 1480 | 107 |
11 | Тамак-аш | 725 | 700 | 97 |
12 | ЖКХ | 873,3 | 849,5 | 97 |
13 | Соц. жардам | 181,4 | 196,4 | 108 |
14 | Резерв фонд | 124,4 | 124,2 | 100 |
| Итого : | 12205,8 | 11634,4 | 93 |
15 | Атайын счет тамак-аш | 914,7 | 808 | 88,3 |
| Бардыгы :
| 13120,5 | 12442,4
| 99,1 |
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн аймагында 2019-жылдын 6 айында ар түрдүү тармактар аркылуу тартылган инвестициялар жана аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат. | ||||||||||||||||
Айылдын | Долбордун аталышы | ким тарабынан каржыланган | Жалпы сумма | жумушчу орду | Өндүрүштүн кубаттуулугу ж.б маалыматтар | Факт аткарылган сумма | ||||||||||
сырткы инвестиция | Айыл өкмөтүнүн жергил бюджет | Респуб бюджет | Жамаат | жеке ишкер | ||||||||||||
аталышы | Сумма | Ким тарабынан | Сумма | Сумма | Ким тарабынан | ишкер | ||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 4 | 5 |
|
| 6 | 7 | 8 |
|
| ||||
1. А.ө б-ча | Таза суу долбоору | 241944,7 | Б.Д.Б. АРИС |
|
| + |
|
| 241944,7 | 28 | 66 км. Суу тутук орнотулат | 4060,0 228510,0 | ||||
2. А.ө б-ча | Кожолуктарга таза суу линиясын туташтыруу |
|
|
|
|
| 6000,0 |
| 6100,0 | 12 | 1389 кожолукка туташтырылды | 110,0 5610,0 | ||||
3. А.ө. б.ча | Айылдардагы көчөлөргө шагал төшөө |
|
| 1100,0 |
|
| 2420,0 |
| 3520,0 |
| А.ө.инфрас. 40км жакшырат | 3520,0 | ||||
4. А.ө. б.ча | Айыл аймагындагы көчөлөрдү жарыктандыруу |
|
|
|
|
| 500,0 | 150,0 | 650,0 |
| Окуучулар үчүн шарт түзүлдү | 650,0 | ||||
5. |
Спорт комплексиндеги спорт залдын чатырын жабуу |
|
|
320,0 |
|
|
|
|
320,0 |
|
|
320,0 | ||||
6. Көтөрмө | Кичи залдын эшик терезелерин пластикке алмаштыруу |
|
| 50,0 |
|
|
|
| 50,0 |
|
| 50,0 | ||||
7. Кыргыз-Ата | Орто-Мечит футбол аянтчасынын чатырын жабуу |
|
|
|
|
|
| 2000,0 | 2000,0 |
|
| 2000,0 | ||||
8. Кыргыз-Ата | № 26 /БДТга тез жардам унаасын алып берилди |
|
| 200,0 |
|
|
|
| 200,0 | 2 |
| 200,0 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||
А.ө. б.ча | жайыт комитетин колдоо АРИСтен Хова автомашина алуу | 1800,0 | АРИС | 500,0 |
|
|
|
| 2300 0 | 1 | 10 тонналык самосвал | 2300,0 | ||||
9. |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
10. А.ө. б.ча | жайыт комитетин колдоо АРИСтен эксковатор алуу | 2300,0 | АРИС | 500,0 |
|
|
|
| 2800,0 | 1 |
| 2800,0 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
11. А.ө. б.ча | яма беккар куруу | 450,0 | АРИС |
|
|
|
|
| 450,0 | 1 |
| 450,0 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
12. А.ө. б.ча | сөгөт Шамай каналдарын ремонттоо |
|
| 100,0 |
|
|
|
|
|
| 1,5 км ондолду | 100,0 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
13. Ак-Булак | тоо көчкү коркунучу бар жерлерге көчөт эгилди |
|
| 20,0 | 30,0 |
|
|
| 6,8 |
| 65 түп эгилди | 6,8 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
14. Жаз-Токой уч.КУПка салынды | 652,0 | БУУ, АРИС |
|
|
|
|
|
| 652,0 | 1 |
| 652,0 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Жалпысы |
|
246494,7 |
|
2470,0 |
30,0 |
| 8920,0 |
350,0 |
260673,5 |
46 |
| 246848,8 | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||||
Сырткы инвестиция -246494,7 мин сом
Жергиликтүү бюджет -2470,0 мин сом
Республикалык бюджет -30,0 мин сом
Жамааттардан -8920,0 мин сом
Жеке ишкерлерден - 350,0 мин сом
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндө 2019-жылдын 6 айында социалдык тармактагы аткарылган иштер
Билим берүү тармагында 2018-2019-окуу жылында 2936 окуучуга 302 (9 часовик) мугалим билим-тарбия беришти. Мектепке тартылбай калган балдар жок. Бул окуу жылында 24 аялуу топтогу (инклюзив) балдар билим алышты.
2018-2019-окуу жылында билим берүү тармагында бир топ алгылыктуу иштер аткарылды.
Атап айтканда К.Каримов атындагы орто мектебинин физика сабагынын мугалими Сыдыкова Астра “Жыл мугалими-2019” кароо-сынагында аймактык, райондук турларда 1-орунду багындырып, областта Гран-прини жеңип алып, “Жылдын мыкты мугалими” наамына татыды.
С.Токторов атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Анарбеков Алперен райондук предметтик олимпиадада 1-орунду камсыз кылды. Менталдык арифметика боюнча Ташкент шаарында өткөрүлгөн олимпиадада 3-класстын окуучусу Икрамов Нурболсун “Супер чемпион” наамына татыктуу болуп, диплом, кубок менен сыйланды.
А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу Нарматов Эрланбек “XXI кылымдын интеллектуалдары” аттуу конкурста райондо 1-орунду алып, областтык турга “Таймерлүү зарядник” долбоору менен катышып, 2-орунду камсыз кылды. Предметтик сабактар боюнча окуучулардын областтык олимпиадасына 4 окуучу катышып, байгелүү орундарды камсыз кылышты. 11-класстын бүтүрүүчүсү Момунова Айзирек ЖРТде 214 балл алууга жетишип, КРнын Президенти С.Жээнбековдун колунан сертификат алды.
Т.Темиралиев атындагы орто мектебинде 2019-жылдын март айында китепканачы Маматкулова Кимсан эжеке (мектеп жетекчилигинин колдоосу менен) облустук деңгээлде мыкты семинар өткөрүүгө жетишти. 10-классынын окуучусу Рахматилла кызы Жылдыз биология сабагынан областтык олимпиадага катышты.
Тажибай атындагы орто мектебинин аскерге чейинки даярдык боюнча сабагынын мугалими Осмонов Абдыбасы жетектеген окуучулар (бул мектептен 2 окуучу) Спорттун аскердик түрү боюнча Республикалык спартакиадада 1-орунду камсыз кылышты.
Курак-Тектир орто мектебинде ушул убакка чейин “Жыл мугалими” ж.б. кароо-сынактарга катышуу болгон эмес. Бул жылы башталгыч класс мугалими Карбекова Гүлназ “Жыл мугалими” кароо-сынагынын аймактык туруна катышып, “Мыкты сабак” номинациясына ээ болду.
Борко лицейинде 2019-жылдын февраль айында райондук лицей-гимназиялардын директорлорунун жана информатика сабагы боюнча мугалимдеринин “Билим булагы” программасы боюнча жогорку деңгээлдеги семинары өткөрүлдү.
Чоң-Кыштоо башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу Рахманова Бүзияда райондук олимпиадада кыргыз тили сабагы боюнча 1-орунду ээледи (мугалими Сейдалиева Гүлзат).
Мындан сырткары Алиппе майрамы, Акыркы коңгуроо сыяктуу иш-чаралар мыйзам чегинде өткөрүлдү. Ар бир мектепте материалдык-техникалык базаны чыңдоо багытында алгылыктуу иш-аракеттер жүргүзүлдү.
7 балдар бакчасында506 бала тарбияланып жатат. Жайлоо балдар бакчасы бүгүнкү күндө иштеп, 20 дан ашуун балдар тарбияланууда. Айыл аймагындагы МЧББМларда ар кандай даталуу күндөр мыкты деңгээлде өтүп турду.1-июнь “Балдар күнүнө” карата МЧББМне айыл өкмөтүнүн бюджетинен 15000 сом балдарга майрамдык белек үчүн берилди. Азыркы күндө бардык МЧББМлар “Жайкы эс алуу” программасы боюнча иштеп жатышат.
“Акылай Куту” МЧББМне Москва шаарында иштеп жатышкан “Ак-Булак коомунун” мүчөлөрү 20500 сомго керектүү буюмдарды сатып беришти.
“Бөпөмай” МЧББМнин ички жасалгасын, кол менен жасалган окуу куралдарын баса белгилеп айтууга болот. “Бөпөмайга” айыл өкмөтү тарабынан 34000 сомго темирден боз үй жасалууда, демөөрчүлөр 25000 сомдук зарыл болгон инвентарлардан жардам беришти.
“Кызгалдак-Ак-Булакка” демөөрчүлөр, ата-энелер гүл уруктарын, краска жана балдар үчүн окуу куралдарын сатып беришти.
К.Коконбаева атындагы МЧББМга ата-энелер мебелдерди жасатып, чарбалык муктаждыктарды чечүүгө жардамдарын беришти.
“Көтөрмө-Нурда” 1-июндан баштап, жамааттык негизде 26 орундуу кенже тайпа ачылды. Көтөрмө айылынын тургундары Жолдошов Өмүрбек 26 балага 13 даана эки этаждуу диван-кровать, Каримов Баатырбек 24000 сомго 3 даана үстү жабык скамейка, Шамурзаев Кутман 26 бала үчүн 7000 сомдук шейшептерди белек кылышты. Ата-энелер 65000 сомдук колдоо көрсөтүштү.
“Мераж-нуруна” АРИС уюму тарабынан 260000 сомго заманбап 6 очколуу ички ажаткана курулду. Ата-энелер 12000 сомго килем, 12000 сомго телевизор сатып беришти.
“Жылдызча-Нур” МЧББМде демөөрчүлөр жана ата-энелер тарабынан жалпысы 80000 сомдук иш аткарылды. Мисалы ата-энелер тарабынан 20000 сомдук краска ж.б. алынып, бакчанын ичи толугу менен ремонттолду. 3-тайпанын ата-энелери 60000 сомго 30 даана диван, матрацы менен жасатып беришти.
Айыл аймагында 51 ооруктун ардагери, 7 Ооганчы, 15 Баткен согушунун катышуучусу жашайт.
Кыргыз-Ата айыл аймагында жашаган жалгыз бой, майып 13 адам айыл өкмөтүнүн токтому менен каттоого алынды.
Айыл аймагы боюнча жалпы пенсионерлердин саны 2192 адамды түзөт, анын ичинен курагы боюнча 1598 адам, майыптыгы боюнча 443 адам, багуучусун жоготкондугу боюнча 152 адам. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү боюнча 80 жаштан ашкан карылар такталды, алар 176 адам, анын ичинен 90 жаштан жогору 32 адам, 100 жаштан жогору 2 адам.
18 жашка чейинки балалыгынан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 124 бала болсо, аныничинен 15 бала ДЦП (шалооруусу) менен ооруйт.
Бүгүнкү күндө 4 тоголок, 185 жарым жетим балдар катталган. Учурда 128 үй-бүлө ажырашып, алардын балдарынын саны 141 бала. Ата-энеси ички миграцияда жургондордун балдары 32, сырткы миграцияда жүргондордүн балдары 244 бала. Булар жакын туугандарынын көзөмөлүндө турушат, бирок көйгөйлөрү көп.
2019-жылы соцжардам үчүн 300,0 миң сом бөлүнүп, 1-жарым жылдыкта 130, 0 миң сом 23 оорулууга берилди. Резервдик фонддон 125.0 миң сом жардам берилди.
Исанов атындагы айыл өкмөтүнүн тургуну Тажибаев Адылбек 2019-жылдын Орозо айт майрамына карата ДЦП (шал) оорусу менен ооруган 18 балага жана улууларга 18.0 миң сом (ар бирине 1000 сомдон) материалдык колдоо көрсөттү.
Аксакалдар сотунун 2019 -жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери тууралуу
Бардыгы 23 иш каралды:
Үй-бүлөөлүк жаңжалдар 4: анын ичинен
үчү жарашылды -1
Акча маселеси боюнча арыздар 1 арыз түшүп, бири кайтарылды, бири РФ да болгондугуна байланыштуу кийинкиге калтырылды. Эгембердиева Апизага 170,0 миң сом өндүрүлүп берилди.
Жер маселеси боюнча 18 арыз өз убагында чечилди.
Бир маселе үй-бүлөлүк туугандары менен үй жана жер талашуу боюнча, бир чечимге келбегендиктен райондук сотко өтөкөрүлдү.
Мас абалда жанжал кылгандарга түшүндүрүү иштери менен эскертүү берилди.
РИИБден келген 3 документке аларды карап эскертүү уяткаруу берилип документтер керектүү жерге жиберилди.
Апрель айынын башында аймагыбыздагы жалпы билим берүү мекемелеринде иш планыбыздын негизинде “ Кылмыштуулукту алдын алуу жана диний экстремизм, терроризмге, үй-бүлөөлүк зордук зомбулукка, эрте никеге турууга, суидцидке жана коррупцияга каршы ” жана укук бузууларды алдын алуу максатында иш-чаралар өткөрүлдү. Аймагыбыздагы жалпы билим берүү мекемелеринде аймактык тескөөчүлөр менен биргеликте кылмыштуулукту алдын алуу максатында мисалы: (рекетчилик, алкоголизм, бангизат, уурулук жана башка майда хулиганчылыкты) алдын алуу жана болтурбоо максатында жогорку денгээлде жыйындар ар бир мектептерде өткөрүлүп жатат.Мисалы К.Каримов, Тажибай орто мектептеринде, Борко лицейинде, №54-Кесиптик лицеийде жыйындар өткөрүлдү. Жыйынга РИИБнын башчысынын орун басары К.Каримов, аймактык жаш өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүсү Ж.Кудайбердиев,райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлү З.Төрөжанов катышып жалпы өспүрүм келечек ээлери менен кенири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо максатында МАИ бөлүмүнүн атайын өкүлү З.Камбарова лекция өттү. Жугуштуу ооруларды алдын алуу максатында тиешелүү даарыгерлер ден-соолукту сактайлы аттуу лекцияларды өттү. Ал эми диний иштер боюнча аймактын башкы имамы Ө.Маликов коомдо анча мынча болуп жаткан терс көрүнүштөрдү алдын алуу керектигин айтты. Мисалы: Эрте никеге туруунун зыяндуулугун жана адам өз өмүрүнө кол салуусу чон күнөө экендиги даана айтылды. Жыйын өтө кызыктуу ары маанилүү өтүп жатат окуучулар тарабынан түшүнбөгөн түрдүү суроолор берилип, тиешелүү адистер жооп беришип жыйын жогорку денгээлде өтүп жатат. Демек мындай жыйындарды тез жана кыска убакытта башкача айтканда квартал сайын өткөрүү туруу зарыл.
2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” жана 23-апрель “Бүткүл дүйнөлүк китеп”күнүн карата: ушул жылдын 25-апрель күнү Кыргыз-Атаайылөкмөтүнүн Көтөрмө маданият үйүндө,коомдо китеп окуу маданиятын кеңири жайылтуу. Айыл жаштарына жаңы чыккан кызыктуу, таасирдуу китептер тууралуу маалымат жеткируу. Айыл өкмөттүк китепканада китеп колдонуучулардын санын арттыруу. Окуучулар малыматты интернет аркылуу гана эмес, китептен издеп жан дүйнөлөрүн , сөз байлыктарын өстүрүүсүнө багыт берүү. Жаштардын китепке болгон суроо талабын канааттандыруу. Китепкөй жаштардын санын арттыруунун натыйжасында билимдүү, маданияттуу, мекенчил, ыймандуу,толеранттуу коомду түзүү максатында, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар бөлүмү тарабынан “Тилсиз устат” аттуу китеп жарманкеси болуп өттү.
Ош шаарынан Дидар, Bookans китеп дүкөндөрүнүн өкүлдөрү китептерин алып келип окуучуларга жарыя кылып тааныштыра алышты. Кел-кел, Дилазык, Канцмаг-Ош,Китеп.kg китеп дүкөндөрүнөн 400 гө жакын китептин түрү алынып келинип, 100дөн ашуун китеп сатылды.
Кыргыз-Ата айыл аймагынындагы китепканачылар жана жаштар бөлүмү тарабынан “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, өчурө албайт эч ким аны тарыхтан” аттуу китеп жарманкеси болуп өттү.
Иш чарага айыл өкмөтичиндеги 7 мектептен 600гө жакын окуучулар жана китеп окууга кызыккан айыл тургундары келип катышты. Жалпысынан уч жарым саатты тузуп, бул убакыт ичинде окуучуларга Жарманкеден сырткары Ош шаарындагы “Максимум прогресс” билим берүү мекемесинин жетекчиси Таалайбеков Ч.Т. тарабынан «Китеп рухтун азыгы» темасындагы 2сааттык мотивациялык тренинг өткөрүлдү . Иш чара соңунда интеллектуалдык суроолор берилип, туура жооп тапкан окуучуларга китеп белектер берилди.
2019-жыл “ Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата: мектеп окуучуларын, билим алууга болгон кызыгуусун жогорулатуу, туура кесипке багыт берүү максатында Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жаштар бөлүмү тарабынан 23-апрель күнү“Ар бир кесип ардактуу”деген темадагы жолугушуу болуп өттү. Иш чарага Ош шаарындагы көрүнүктүү 4 жогорку окуу жайлардын кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчылары келип өз окуу жайлары тууралуу кеңири маалымат беришти.
Айыл аймагыбыздагы жашаган калкка, жараткандын улуу айы болгон Рамазан айынын урматына жалпы айыл аймактын жашоочуларына, кыргыз элинин атактуу дин аалымдары Садыбакас Доолов, Равшан Эратов, Эргешов Акимжан, Акимбай уулу Равшанбек, Матраимов Абдиваси, Ташматов Шермухаммед ажы устаздар келип, жашоодогу өтө көйгөйлүү маселелерди, мисалы: үй-бүлөөдөгү аял-эркектин орду, балага туура тарбия берүү, мекенди коргоо, жараткандын көрсөткөн жолунда жүрүү, үй-бүлөөлүк зордук-зомбулукту болтурбоо, элдин ынтымагын жана биримдигин бекемдөө, элди адеп-ахлактык тарбиясына маани берүү жана жалпы жумурай журтту жакшылыкка чакыруу, жамандыктан кайтаруу боюнча аймактын жалпы ата-энелер жана уул-кыздары менен биргеликте өтө таасирдүү баян болду. Өткөрүлгөн иш-чарага жалпы 600 дөн ашуун эл катышты.
2019-жыл Ноокат районунда “Мамлекеттик Тил жылы” деп жарыялангандыгына байланыштуу биздин айыл аймагыбызда “Тил мыйзамынын 30 жылдыгына” карата чон иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош облустук жана Ноокат райондук борбордук китепкана кызматкерлери жана Америка бурчу тарабынан уюшулган “Китеп жана илимий техникалык кербен” аттуу атайын түзүлгөн топ катышты. Бул өткөрүлгөн иш-чарага айыл аймагыбыздагы жалпы билим берүү мекемелердин окуучу жана кесиптик лицейдин курсанттары өтө жогорку денгээлде жана үлгүлүү катышып сонунда уюштуруу тобунун атайын даярдаган белектери тапшырылды.
Кыргыз-Ата айылдык
кеңешинин жооптуу катчысы Ж. Нурматов