Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясы
2019- жылдын 20-июлу № 15-2
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин долбоорун жана 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин долбоорун жана 2021-2022-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган. Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Кыргыз Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » Мыйзамынын 31-статьясынын 2 пунктуна, Кыргыз Республикасынын «Бюджет Кодексинин» 102-беренесине ылайык депутаттардын Кыргыз Ата айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. 2020-жылга бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгалашары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык аныкталсын. Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц.фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу 14206,2 миң сом жергиликтүү бюджеттен, 10000, 0 миң сом теңдештирүүчү гранттан белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга бюджеттин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү 2021-жылга 14201,2 миң сомго жана 2022-жылга 14313,6 миң сомго белгиленсин.
Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын, аларды ар бир конкреттүү мезгилде кабыл алууда тактоо жүргүзүү жагы белгиленет.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин «Экономика, бюджет, соода жана ишкердүүлүк боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Назарбаев |
Кыргыз Ата айылдык кенешинин (алтынчы шайланган) он бешинчи сессиясынын 2019-жылдын 20-июлундагы № 15-2 токтомуна № 1-тиркеме
Кыргыз Ата айыл өкмөтүнүн 2020-жылга айылдык бюджетинин долбоору | |
(миң сом) | |
Салык агенти тологон киреше салыгы | 5300 |
Чакан ишкердиктин субьектилери учун бирдиктуу салык | 40 |
Милдеттуу патенттоо негизиндеги салык | 90 |
Ыктыярдуу негиздеги патенттоо салыгы | 700 |
Ишкердик иш-аракет жургузуу учун колдонулган кыймылсыз мулк салыгы | 113,5 |
Жеке адамдардын транспорт каражатына салык | 1700 |
Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы | 637,5 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы | 830 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы | 220 |
Сатуудан тушкон салык | 200 |
Кен байлыктарды казуу учун лицензия кармоо учун акы толоо | 700 |
Калктуу пункттардагы жерлерден алынуучу акы | 300 |
Жайыт ижарасы учун акы | 402,4 |
Кайра болуштуруу фондунун ижара акысы | 840 |
Таштанды толому | 330 |
Атайын каражаттар | 1802,8 |
Тендоочу грант | 10000 |
Кирешелердин жыйынтыгы | 24206,2 |
Жалпы максаттагы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр | 8122,3 |
Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду | 240 |
Коргонуу | 100 |
Жайыт | 400 |
Айыл чарбасы | 1270 |
Коммуналдык чарба | 3388,9 |
Маданият | 2704,1 |
Билим берүү | 7680,9 |
Социалдык коргоо | 300 |
Чыгашалар жыйынтыгы: | 24206,2 |
Кыргыз Ата айыл окмотунун | Ж.Нурматов |
жооптуу катчысы | |