Загрузка документа…
СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышы) XXI сессиясы
2019-жылдын 16-июлу №101
Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2013—жылдын 21-февралындагы №9 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндөгү Жобосуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2019- жылдын 19-июнундагы № 01-12/01-785 сандуу Сүлүктү шаарынын аймгында каада салттарды өткөрүүдөгү ашыкча ысырапкорчулукту кыскартуу максатында Сүлүктү шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндөгү Жобосуна толуктоолорду киргизүү боюнча катын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктунун негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сүлүктү шаардык кеӊешинин 2013-жылдын 21-февралындагы №9 токтому менен бекитилген Сүлүктү шаарынын аймагында өткөрүлүүчү каада-салттар жөнүндөгү Жобосу толуктоолор жана өзгөртүүлөр менен бекитилсин ( Жобо тиркелет)
2. Шаардын аймагында каада-салттарды жөнгө салуу боюнча шаардык коммиссиянын жана коомдук өз алдынча башкаруу аймактарындагы комиссиялары өзгөртүүлөр менен төмөнкүдөй курамда бекитилсин (Комиссиялардын курамдары тиркелет)
3. Жобону ишке ашырууну уюштуруу жагы Сүлүктү шаарынын мэриясына жана каада-салттарды жөнгө салуу боюнча коомдук өз алдынча башкаруу аймактарынын алдында түзүлгөн комиссияларына, коомдук өзүн өзү башкаруу аймактарынын башчыларына милдеттендирилсин
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар жана жергиликтүү жамааттар менен байланыш, каада салт жана маданият боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К.Исмаилов |
Шаардык кенештин 2019-жылдын 16-июлундагы XXI сессиясынын №101 токтому менен өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген
Тиркеме №1
1.1. Сүлүктү шаарынын аймагында тойлорду, маркумдарды акыркы
сапарга узатуу ж.б. каада салттар аймактын экономикалык абалына, элдин жашоо турмушунун деңгээлине жараша өткөрүлөт.
Сүлүктү шаарынын аймагында азыркы экономикалык кырдаалды, элдин жашоо турмушундагы кыйынчылыктарды эске албастан ар түрдүү шаан-шөкөт, тойлорду өткөрүү, маркумдарды акыркы сапарга узатуу өз ара мелдешке айланып, акыркы карманган малдарын сарп кылган фактылардын саны көбөйүп бара жаткандыгына ар бирибиз күбө болуудабыз.
Мындай ыксыз чыгымдарга мыйзам чегинде бөгөт коюу, ага каршы күрөшүү шаар тургундарынын ар биринин милдети болуу керек деген сунуш-пикирлер ар кайсы жамааттардан келип түшүүдө, ал эми бул маселени шаар мыйзамына киргизүү менен жалпы коомчулук тарабынан жөнгө салуу максатында ушул Жобону кабыл алуу сунуш кылынат.
1.2. Куру намыстуулукка, ашыкча чыгымдуулукка каршы күрөшүү жамааттардын ар бир мүчөсүнүн милдети болуу керек. Эл арасындагы тойлорду, белгилүү күндөрдү, кечелерди өткөрүү жана маркумду акыркы сапарга узатуу, аларды эскерүүгө байланыштуу каада-салттар Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомдорунун негизинде шаардык кеңештин сессияларында бекитилген шаар мыйзамынын жана каада-салттар жөнүндөгү ушул Жобонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш.
1.3. Каада-салттарды жөнгө салуу жөнүндөгү Жобо атайын комиссия тарабынан даярдалып коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында, коомдук уюмдарында, аксакалдар, аялдар, жаштар уюмдарында талкууга алынгандан кийин шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы менен шаардык каада-салтарды жөнгө салуу боюнча комиссиясында бирге каралгандан кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
1.4 Шаардын жашоочуларынын социалдык, маданий жана күндөлүк турмушун жакшыртууга карата кабыл алынган укуктук ченемдик актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Мыйзамдарына, Президенттин Указдарына, Өкмөттүн жана шаардык кеӊештин чечимдерине, жергиликтуу өз алдынча башкаруу жамаатынын Уставына карама-каршы келбесе шаардын аймагындагы атуулдар, мекеме ишканалар менчигинин түрүнө карабастан, аткарууга милдеттүү.
2. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди өткөрүү жөнүндө
2.1. Шаардын тургундары тойлорду, белгилүү күндөрдү жана кечелерди өткөрүү боюнча сунуштарын, ой-пикирлерин коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларына жана каада салт боюнча комиссияларга 10-15 күн мурун билдирүүсү керек. Ал билдирүүгө сөзсүз төмөнкүдөй маалыматтар болууга тийиш:
- өтүлө турган маарекени өткөрүү күнү, сааты, өткөрүүчү жайы.
- Тойго, кечеге кетүүчү жалпы чыгымдын саны (сом менен);
- Маарекеге союлуучу жандыктардын түрү;
- Музыканттардын, ырчылардын, бийчилердин жалпы саны;
- Тойдун, кеченин жана белгилүү күндөрдүн Жобонун негизинде өтүлүшүнө жекече жоопкерчиликти мойнуга алган адамдын Ф.А.А. иштеген жери.
- Той, кече, белгилүү күндөр өтүүчү көчөдө коомдук тартипти камсыз кылуучу милициянын аймактык тескоочусунун, элдин ыктыярдуу кошундар тобунун жетекчисинин Ф.А.А. иштеген жери.
2.2. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарында өткөрүлгөн той, кече, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия түзүлөт жана анын башчысы шайланат.
2.3. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү жөнүндөгү түшкөн сунуштардын, Жобонун негизинде ишке ашырылышын камсыз кылып, шаардык мэрияга айына бир жолу билдирүү жасайт.
2.4. Коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, маарекелерди өткөрүү боюнча атайын комиссия, милициянын аймактык тескоочусу жана той маарекенин ээси маарекелерди Жобого ылайык өтүлүшүнө жооп берет.
3. Тойлорду, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүнүн тартиби
3.1. Той, кече, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салтарды жөнгө салуу боюнча комиссия менен макулдашып белгиленген күнү макулдашылган шарт боюнча өткөрүлөт.
Кечелерди өткөрүүнүн убактысы кыш күндөрү 16-00дон - 21-00 чейин, жаз күндөрү 17-00дон - 22-00 чейин. Кыз той, Сүннөт той, Жээнтек той, Бешик той саат 14-00гө чейин өткөрүлсүн
3.2. Тойлор, кечелер, ишке, чарбалык жумуштарга тоскоол болбогон күндөрү той, кеченин ээлерине макул болгон күндөрү өткөрүлөт.
3.3 Үйлөнүү кечелери улуттук каада салтка ылайык той болгон күнү өткөрүлөт.
3.4. Маарекелерге чакырылган адамдардын саны маареке өткөргөн адамдын турмуш шартына жараша болушу шарт.
3.5 Тойлордо атайын үйлөрдө конок берүүнү токтотуп той өткөрүлгөн жерде сый тамагын уюштуруу
3.6 Эки жаштын нике тууралуу күбөлүгү жаштардын каалоосу менен жергиликтүү ЖААК бөлүмүндө же уйлөнүү кечеси өткөрүлгөн жайда тапшырылат.
3.7 Баш кошкон жаштарга нике окуу шарыяттын жол жобосу менен өткөрүлөт
3.6. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө коомдук тартип сактоо, тойго келген меймандардын унааларын коё турган жерин, унаалардын жоголуп кетишине жол бербөө, тойдон кийин узатуу, той ээсине жана каада салтты жонго салуу боюнча атайын комиссиянын бир мүчөсүнө жана ыктыярдуу кошундун мүчөсүнө жүктөлөт.
3.7. Той, кече өткөрүлүүчү жайлар, коомдук транспорттор, адамдар, балдар өтүүчү жолдорго жакын болбоосу зарыл. Андай мүмкүнчүлүк болбосо мамлекеттик автомобиль инспекциясы менен макулдашып, атайын белгилер көрсөтмөлөр коюлуп өткөрүлөт.
3.8 Той, кече өткөрүлүүчү жайлар өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бере тургандыгы алдын ала текшерүүлөрдүн негизинде эгер кемчиликтер болсо, ал кемчиликтер четтетилет.
3.9. Жол коопсуздугун сактоо максатында автомашиналар жана айдоочулар МАИнин кызматкерлери тарабынан текшерилип андан кийин уруксат берилиши зарыл.
3.10 Той, кечелер улуттун калыптанган нукура каада-салтынын, урп адаттарынын негизинде өткөрүлүшү сунушталат.
3.11. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлсүн
5.14. Той, кече өтүп жаткан мезгилде чыр-чатактарды чыгарууга, ар кандай талаш-тартыштарды баштоого жол берилбесин.
4. Той, кечелерге жана мааракелерге сарпталуучу чыгымдар жөнүндө.
4.1. Азыркы экономикалык шарттарды, элдин турмуш деңгээлин эске алып, шаардын аймагында өткөрүлүүчү бардык тойлорго, кечелерге ашыкча чыгым жумшоого тыюу салынат.
4.2. Меймандарга берилүүчү тамак-аштар, түркүн жер-жемиштер, суусундук, ичимдиктер санитардык жактан таза болушу керек.
4.3. Өткөрүлүүчү той-кечелерде улуттук бозо, кымыз жана ар түрдүү суусундуктарды коюуга уруксат берилет.
4.4. Той, кечелерди ар кандай маарекелерди өткөрүүчү адамдар экономикалык жактан жакшы жашап, колунда бар болсо кары-картаң, майып, турмуш шарты оор үй-бүлөлөргө, кошуналарга, акчалай же материалдык жактан жардам берсе же аймакта түзүлгөн жардам берүү фондго берсе чоң соопчулук иш болот.
5. Той, кечелерди жана мааракелерди өткөрүүдөгү чектөөлөр.
5.1. Үйлөнүү тоюнда ЗАГСка чыгуучу жеңил автоунаалардын санын 4 төн ашырбоо
5.2. Мектеп жашындагы балдардын ЗАГСка барышын жана кечелерде саат 19-00 кийин болушун токтотуу
5.3 Кулукка барган адамдардын санын 20 дан ашырбоо.
5.4.Кызга берилүүчү «Калын» 60000 сомдон ашырбоо, 2 тай пахта 4 кой, дастаркон акчасына 15000 сом, (гүрүч, нан, май, сабиз, конфет)
5.5. «Чөмүч кармады» мааракесине кыз тараптан 4 киши, уул тараптын жакын туугандарынын катышуусунда өткөрүү. «Чөмүч кармадыда» материал жоолуктарды таркатуу токтотуу
5.6. Үйлөнүү тойлорунда куда кудагыйдан башкаларга сарпай кийгизүүнү токтотуу, кудагый көрдү, күйөө көрдүнү токтотуу
5.7 Хадим пулун мечиттин имамыдан жана хадим окуган молдодон башкасына берүүнү токтотуу
5.8. Нике окуутуу мечиттердин расмий имамдарына гана берилсин, 18 жашка жете элек кыздарга жана ажырашкандар болсо «Талагын» ала элек – келиндерге нике окууга тыюу салынсын
5.9. «Келин түшүрдү» 2000 сомдон ашпасын
5.10 Уйлөнүп жаткан эки жаштын «Сүйүү тарыхын» (Love story) видеотасмага тартып көрсөтүүнү жана атайын ырчыларды жалдап «Жар-Жар» айттыруу токтотулсун
5.11 Тамак-аштарды ашыкча сарптоого жол бербөө. Кудаларга берилүүчү тамактын саны 2 ден ашпасын.
5.12. Тойго келген конокторго жоолук калпак таркатуу, кешик берүү (пакет) токтотулсун. Адия алып келгендерге конок жана сый берүү токтотлсун
5.13. Кыз узатуу тою кафеде өткөрүлбөсүн (кыздын ата-энесиникинде өткөрүлсүн)
5.14.«Жүк бузду» үчүн куйөө бала тараптан акча талап кылынбасын
5.15.«Күйөө түшүрдү» каадасы токтотулсун
5.16. Сарпай Куда-кудагыйга гана бир жолудан берилсин
5.17.Кыздын досторуна тойдо окшош кийинүү токтотулсун
5.18.Тойго жасалган датаркон ашыкча ысырапкерчиликсиз жасалсын
5.19. .«Кудагый көрдү» кыздын энесине гана жасалсын
5.20 18 жашка жете элек кыздарды турмушка узатууга жол берилбесин
5.21. Кыз чыгарып жаткан үйдө күйөө балдарды сыйлоо, паяндос жана гилем төшөп тушуруп алууну, машынасына төшөк салуу ашыкча каадаларды токтотуу
5.22 «Сырга салды» аземин токтотуу.
5.23. .«Сурпа салдыны» токтотуу
5.24 «Улак тартыш» «Күрөш» же башка спорттук оюндарына ашыкча чыгым кылбай чеги менен өткөрүлсүн (колунда бар той ээлери спорттук оюндары үчүн жумшалуучу акча каражаттарын социалдык объектилерди оӊдоп түзөөгө жумшаса жакшы болот)
5.25. «Байбиче көтөрдү, «Пенсия той» өткөрүүнү токтотуу
5.26. «Ажы той өткөрүү зарыл эмес, же жакын туугандары үчүн гана үйүндө өткөрүлсүн
5.27. Жээнтек той жакын туугандар үчүн гана үйүндө өткөрүлсүн
5.28. Бешик тойдо балага гана сарпай берилсин эки тарап туугандар бири бирине сарпай берүүгө чек коюлсун
5.29. Өзбек элинин тоюнда “Кечки конок” өткөрүүнү токтотуу
5.30. Тойлор спирттик ичимдиксиз өткөрүлсүн
Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) жана аларды эскерүү боюнча ырым-жырымдарды өткөрүүнүн тартиби
5.31. Маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) аларды эскерүүгө байланыштуу маарекелерди уюштуруучулук иштерин жүргүзүү коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын той, кече ж.б. маарекелерди өткөрүү боюнча комиссиялардын негизги иш- аракеттеринин бири болуп саналат.
5.32. Маркумду акыркы сапарга узатуу элдердин улуттук диндик өзгөчөлүктөрүн эске алынып ушул жобонун негизинде жүргүзүлөт.
5.33. Маркумду акыркы сапарга узатуунун жол жоболорун маркумдун урук-туугандарына, куда-сөөктөрүнө, дос-жарларына карым-катнаш адамдарына кабарлоо, аларды тосууну, жайгаштыруу кайра узатууну уюштуруу, тажия күнүн белгилөө. Маркумдун жайыны каздыруу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салтарды жөнгө салу боюнча комиссиялары мечиттин имамдары менен биргеликте аныкталып уюштурулат.
5.34. Маркумду акыркы сапарга узатууда ашыкча ыксыз чыгымдардын болушуна жол бербөө зарыл, тажия болгон үйдө жалпы элге үч күнгө чейин аш берүү, акча таратып жыртыш кылууга тыюу салынат.
5.35. Маркумду акыркы сапарга узатууга шаардын аймагынан тышкары келген меймандарга колу коңшунун үйүндө чай, тамак берүү жагы сунуш кылынат.
5.36. Маркумдун үй-бүлөсүнүн шартына жараша каада салтты жөнгө салуу боюнча комиссиялардын макулдугусуз ашыкча мал союп, чыгым жумшоого жол берилбейт.
5.37. Маркумду акыркы сапарга узатуу убагында спирттик ичимдик ичүүгө жол берилбейт.
5.38. Маркумдун кыркылыгын, элүү, эки күндүгүн өткөрүүдө көп адамдарды чакырып ашыкча чыгым жумшоого уруксат берилбейт. Кыркын өткөрүү күнү бирден ашык тамак тартырбоо, элуу эки күндүгүндө мал сойдурууну токтотуу.
5.39. Тажия күнү таяк кармоону, добуш чыгарууну токтотуу.
5.40. Жободо көрсөтүлгөндөн ашыкча чыгым жумшалган үй ээси коомчулукта талкууга алынып, аксакалдар соту аркылуу тартипке чакырылат.
5.41. Шаардын аймагындагы мүрзөлөрдү тазалоо, тартипке келтирүү жагы коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынан, мечиттердин имамдарынан талап кылынат.
5.42.. Маркум чыккан үйдөн «жыртыш» берилбесин
5.43. Маркумдун сөөгү чыккан күнү ал жерге жакын туугандардан башка аялдар барбасын
5.44. Маркум чыккан үйдөн нан, таберик мата таркатуу токтотулсун
5.45. Дастаркон (мал, акча) кылып келген адамдарга сый тартуулар токтотулсун
5.46. Маркум чыккан үйгө мата алып барылбасын, колдон келсе акчалай жардамдар берилсин
5.47. Каза болгон кишилердин жакындары кудайыны биригишип бир жерде өткөрүшсүн
8.48. Кудайыны өткөргөн жерден нан алуу токтотулсун
5.49. Пейшембиликтер, ыс чыгаруу токтотулсун «Ак кийди» өткөрүү жакын туугандары үчүн гана өткөрүлсүн)
5.50. Маркумдун жылдыгын өткөрүү туугандарынын макулдашуусу менен өткөрүлсүн
(9-11 айды күтүү зарыл эмес.)
5.1. Аш берүү ар кимдин мүмкүнчүлүгүнө жараша өткөрүлсүн
6. Тойлорду, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кылуучу өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада салттарды жөнгө салуу боюнча аймактык комиссиялардын укугу жана милдеттери.
6.1. Тойлордун, кечелердин жана мааракелердин белгиленген тартипте Жобонун негизинде тынч өтүүсүн уюштурууга.
6.2. Тойлорду, кечелерди тартиптүү, маданияттуу, жогорку уюшкандыкта ыр-күү, оюн-зоок, бийлердин коштоосунда көңүлдүү өткөрүлүшүнө иш чараларды жүргүзүү.
6.3. Тойлорду, кечелерди өткөрүүдө ушул Жобонун айрым пункттарынын бузулушуна жол берип жаткан той, кечелердин ээсине эскертүүгө, кемчиликти дароо четтетүүнү талап кылууга.
6.4. Тойго, кечеге келген меймандарды тосууну, узатууну уюштурууга.
6.5. Той, кече өткөрүлгөн учурларда, коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылууга.
6.6. Жобону одоно бузган инсандарга мыйзам ченеминде тийиштүү чара көрүү үчүн каада салт боюнча шаардык комиссияга, аксакалдар сотторуна, коомдук алдын алуу борборуна билдирүүгө.
6.7.Той, кече өткөндөн кийин анын жакшы жактарын, кеткен кемчиликтерин анализдеп Сүлүктү шаарынын каада-салттарды жөнгө салуу боюнча коммиссиясына билдирүүгө.
7. Каада салт боюнча Жобонун талаптарын бузган той, кече ээлеринин, коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчыларынын, каада салттарды жөнгө салуу боюнча комиссияларынын жоопкерчиликтери жөнүндө.
7.1 Той, кечелерди өткөрүүну Жобонун негизинде өтүлүшүн уюштура албаган коомдук өзүн-өзү башкаруу аймактарынын башчылары, каада салты жөнгө салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары жана той кечелердин ээлери жамааттардын алдында жооп берет.
7.2 Шаардын аймагында өткөрүүчү той, кечелерди Жобонун негизинде өткөрүлүшүн камсыз кылууну каада салттарды жонго салуу боюнча аймактык комиссияларынын башчылары, көзөмөлгө алат жана жобону бузган жарандар боюнча шаардык комиссияга маалымет берет
Шаардык кенештин 2019-жылдын 16-июлундагы XXI сессиясынын №101 токтому менен бекитилген тиркеме №2
1.Сапаркулова М.Э. - шаардын вице-мэри, комиссиянын төрайымы
2.Самадова Г.Х. - шаардык кеӊештин төрагасынын орун басары, комиссиянын
төрайымынын орун басары.
3. Абдураимов Б- шаардык кеӊештин депутаты, комиссиянын
төрайымынын орун басары.
Комиссиянын мучолору:
4. Аджибаева А.Х. - шаардык кенештин депутаты,
5.Халикова З.С-шаардык ЖААК болумунун башчысы
6.Рахманова Р.Э. шаардык аялдар кеӊешинин төрайымы
7. Төрөкүлөв Б.- шаардык ички иштер болумунун башчысынын орун басары-
8. Мадеминов А.М.-шаардын имамы
9. Таштанкулов М. А. шаардык ардагерлер кеӊешинин төрагасы
10. Сапаров Б.С.- аксакалдар сотунун төрагасы
11. Шадыев М.И.- шаардык кеӊештин депутаты
12. Мамутов К. - Кош-Булак аймактык башкармалыгынын башчысы
13. Курбанбеков Ы.Б. Кош булак мечитинин имамы
Жооптуу катчы: М.Джураева
Шаардык кенештин 2019-жылдын 16-июлундагы XXI сессиясынын №101 токтому менен бекитилген тиркеме №3
№ | Ф.А.А. |
|
| ||
1 | Хамдамов Иргашали | Аймак башчысы |
2 | Сапаров Нурали |
|
3 | Тагаев Закир |
|
4 | Шарипов Мелибай |
|
5 | Ашимова Назира |
|
6 | Тагаева Зивиниса |
|
7 | Эргешов Ахматкул |
|
8 | Абдуназаров Бакытбек | Шаардык кеӊештин депутаты |
9 | Кадыров Заиржан | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Раимбердиева Кымызай |
|
2 | Жалилов Абдували | Имам |
3 | Пардабаев Бакыт | Аймак башчысы |
4 | Азимова Айсалкын | Аймак төрайымы |
5 | Базарбаев Алмазбек | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Кулдашева Санталат |
|
2 | Мамбеткулова Ибадат |
|
3 | Кудайбердиева Саават |
|
4 | Турсункулов Эркинбек |
|
5 | Ташев Эргешбай |
|
6 | Ишмуратов Борубай | Имам |
7 | Паизов Нурпазылбек | Аймак башчысы |
8 | Ажибаева Алтынай | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Ахматова Айнагъл | Аймак төрайымы |
2 | Толобаева Айчүрөк | Аймак башчысы |
3 | Абдыназарова Буухал |
|
4 | Эгемназаров Абдусали |
|
5 | Халетов Асылбек |
|
6 | Сарыбаева Улугай |
|
7 | Тойчиева Ырызбан. | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Рахманова Райхан | Аймак башчысы |
2 | Бекаева Зылал | Аймак төрайымы |
3 | Кулдашев Абдубаном |
|
4 | Абдуллаев Кимсан |
|
5 | Акимбеков Замирбек. | Шаардык кеӊештин депутаты
|
| ||
1 | Бикулова Наталья | Аймак башчысы |
2 | Карыбекова Зымырат |
|
3 | Сабурова Увадат |
|
4 | Халмуратов Абдупатта |
|
5 | Ибрагимов Мураим |
|
6 | Раджапов Жолдош |
|
7 | Усенова Максатай |
|
8 | Шадыев Мустапакул | Шаардык кеӊештин депутаты |
9. | Мамадиев Каныбек | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Курбанбаев Файзулла | Аймак башчысы |
2 | Кенжебаева Ыргал | Аймак төрайымы |
3 | Жайнакова Майрам |
|
4 | Джанбеков Турдубек |
|
5 | Пулатова Азизбубу |
|
6 | Азизбеков Талантбек |
|
| ||
1 | Өсөр уулу Дастанбек | Аймак башчысы |
2 | Кудаярова Майсара | Аймак төрайымы |
3 | Таникулова Назира |
|
4 | Вайдулла кызы Буузия |
|
5 | Муминов Жащыбай |
|
6 | Айтиев Малик |
|
7 | Муминов Асылбек | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Рахманов Хожакул | Аймак башчысы |
2 | Самадова Ирсалат | Аймак төрайымы |
3 | Исманалиева Ханзат |
|
4 | Кадыров Абдижалил |
|
5 | Абакирова Буухал |
|
6 | Абдраимов Байыш. | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Назаров Бахап |
|
2 | Исмаилов Акыл |
|
3 | Исмаилова Канымай |
|
4 | Кулмурзаева Урулка |
|
5 | Эгембердиева Сапаргул |
|
6 | Исмаилов Каныбек | Шаардык кеӊештин төрагасы |
| ||
1 | Бегимкулов Нуржан | Аймак башчысы |
2 | Турабаева Дархан | Аймак төрайымы |
3 | Назаркулов Сабырбек |
|
4 | Алимов Курбанали |
|
5 | Миталипова Канымай |
|
6 | Мамытов Гапар |
|
7 | Миталипов Таалайбек. | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Садыков Рыскул |
|
2 | Юлдашева Айнура |
|
3 | Гайбеков Эгамберди |
|
4 | Саипов Абдумалик |
|
5 | Гайбекова Пардагул |
|
6 | Абдраимов Байыш | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Жапаров Акрам | Аймак башчысы |
2 | Абдуллаева Ыргал | Аймак төрайымы |
3 | Джумабаев Алибай |
|
4 | Джунайдуллаев Лутфилла | Имам |
5 | Жунусова Бусара |
|
6 | Машрабов Абдумалик | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Арипов Зарип | Аймак башчысы |
2 | Мавланова Урбубу | Аймак төрайымы |
3 | Суюнбаев Сайдилла |
|
4 | Молло Вайдилла | Имам |
5 | Молдоканова Ракыя |
|
6 | Абдуназаров Нурбек | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Абдилла | Аймак башчысы |
2 | Гапарова Зияда | Аймак төрайымы |
3 | Адылов Жапар |
|
4 | Жапарова Мыскал |
|
5 | Шамшиев Малик | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Мавлянова Мавлюда | Аймак төрайымы |
2 | Садыкова Айсулуу |
|
3 | Алимбаев Жамалидин |
|
4 | Тагаев Адылбек | Имам |
5 | Айтемиров Камал | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Эрискулов Акбарали | Аймак башчысы |
2 | Юнусова Санталат | Аймак төрайымы |
3 | Джолдошев Адашбай |
|
4 | Марипова Зияда |
|
5 | Каразакова Гулбаар |
|
6 | Халбеков Абдулазиз | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Салямов Каныбек | Аймак башчысы |
2 | Таабалдиева Буухал | Аймак төрайымы |
3 | Кудайбердиев Суюн | Ажы |
4 | Айтбаева Уру |
|
5 | Халпаева Майрам |
|
6 | Исаева Ажар |
|
7 | Халбеков Абдусамат | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Пирманов Саттарбай | Аймак башчысы |
2 | Азреткулова Санам | Аймак төрайымы |
3 | Турсунов Каныбек |
|
4 | Мавлянова Шаархан |
|
5 | Жумабаева Хализа |
|
6 | Самадова Гульнара | Шаардык кеӊештин депутаты
|
| ||
1 | Эшанкулов Аллакул | Аймак башчысы |
2 | Абдибасит кызы Курсанай | Аймак төрайымы |
3 | Раимбердиева Зылал |
|
4 | Молдо Каныбек | Имам |
5 | Кадырова Орозгул |
|
6 | Абдиева Зийнатой | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Абдираимов Токтоназар | Аймак башчысы |
2 | Жороева Назира | Аймак төрайымы |
3 | Мамутов Жарашбай | Имам |
4 | Алимбаева Уулманай |
|
5 | Эшбаева Бурул |
|
6 | Жумабаева Кайрылай | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Исмаилов Абдижапар | Аймак башчысы |
2 | Эшмурзаева Зебиниса | Аймак төрайымы |
3 | Джангибаева Бармет |
|
4 | Абдумомунов Муса |
|
5 | Жолдошев Нурлан | Шаардык кеӊештин депутаты |
| ||
1 | Каримбердиев Абдамит | Аймак башчысы |
2 | Бердиева Шайыргъл | Аймак төрайымы |
3 | Тагаймуратова Айсана |
|
4 | Кушмаков Махмуд | Аймак башчысы |
5 | Абдуллаев Аскар |
|
6 | Намазбаева Гулнура | Шаардык кеӊештин депутаты |
Вице-мэр: М.Сапаркулова
Кош-Булак поселкалык
башкармалыгынын башчысы: К.Мамутов