Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 23-майы №19-4
“Кайрагач-Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусун каттоо жөнүндө
Бел айыл аймагынын Борбаш айылына аймактык коомдук өз алдынча башкаруусун түзүү боюнча айыл тургундарынын 2019-жылдын 12-майындагы жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кенешинин (алтынчы чакырылышынын) он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагынын Бораш айылына аймактык коомдук өз алдынча башкаруусун түзүү жөнүндөгү Борбаш айылынын жашоочуларынын 2019-жылдын 12-майындагы жыйынынын №1-протоколу бекитилсин.
2. “Кайрагач-Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча бшкаруусу (АКӨБ) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы катары каттоодон өткөрүлсүн.
3. Борбаш айылындагы аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун (АКӨБ) ишмердүүлүк аймагы болуп Борбш айылы белгиленсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Кайрагач-Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун (АКӨБ) төрагасы М.Ураимовго жүктөлсүн.
Төрага | БекботоевТ.М. |
Борбаш айылы 2019-жылдын 12-майы
Чогулушка катышкандар:
1.Мектеп директору,. жамааттын мүчөлөрү. аксакалдар,аялдар кенешинин мүчөлөрү. айыл өкмөтүнүн кызматкерлери ,. мечиттердин имамдары болуп ,баары 126 адам катышты
Чогулушту Бел айыл өкмөтүнүн башчысыс К.Казначиев алып барды.
Күн тартибинде:
Күн тартибиндеги маселе боюнча Бел айыл аймагынын башчысы К.Казначиев сөзгө чыгып төмөнкүлөргө токтолду.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамдын 7-главасынын негизинде биздин айыл аймактагы айылдарда аймактык коомдук өз алдынча башкаруусун түзүү белгиленген.
Бул боюнча айылдык Кенештин 2009-жылдын 14-октябрындагы сессиясында каралып токтом кабыл алынган.7-главанын 51-беренесинде аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдары катары айылдык, поселканын аймагынын бөлүгүндө жашаган жерлери боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүү жана өздөрүнүн демилгелерин өз жоопкерчилиги менен жүзөгө ашыруу үчүн жарандардын өз уюму белгиленет деп белгиленген.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жактан статусун алууга укуктуу .Бул маселе боюнча 2009-жылдын 19-мартында Араван районунда андан кийин Кыргыз-Ата айыл аймагында өткөрүлгөн семинарлардан көрдүк.Биз дагы Бел айыл аймагынын айылдарында аймактык коомдук өз алдынча башкаруусун түзүү боюнча маселе көтөрүп жатабыз.
Сиздердин бул багытта ой-пикирлериниздерди билели деп чогулуп отурабыз Андан кийин сөзгө чыккан ардактуу пенсионер Бакиров Камчы аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун уставын уксак,андан кийин талкуулап,сунуштарды айтсак деп белгиледи.
Жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр:
1. Тагаев.Камал –Аксакалдар сотунун төрагасы
-жогоруда аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун уставы менен тааныштык.Бул уставда аткара турган иштер көп экен.Ал үчүн айылыбыз боюнча ынтымак болуп,айылдын социалдык- экономикалык, көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин аткарсак болот экен.Кээ бир маселелер боюнча айыл өкмөтүнө бара бербей өзүбүз чечет экенбиз.
2. Бегматов Гапыр- Борбаш мечитинин имамы:
Уставдын долбоорун толук уктук.Албетте уставдын долбоорунда көп иштерди аткаруу белгиленген.Өзүбүздүн айылдагы маселелерди өзүбүз чечет экенбиз.Мурдагыдай айыл өкмөт бүтүрүп берет деп отурбайт экенбиз.Негизинен уставды бекитилсин деп сунуштаймын.
3 . Баймурзаев Мамазия –дыйкан чарбанын мүчөсү.
- Жогорудагы чыгып сүйлөгөндөр туура деп колдошту,мен дагы колдоймун.Менин кошумча айтаарым аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун башкармасынын мүчөлөрүнө аялдардан да кошулсун,мүчөлөр бардык маселелерди уюштура турган,калыс адамдар болсун деп сунуш кыламын.Уставды бекитилсин деп колдоймун.Андан кийин жарыш сөзгө жарыш сүйлөгөндөр Осмонова Майрамхан,Бегматова Разия Жунусова Шакарлар аймактык коомдук өз алдынча башкарууну туура деп айтышты жана уставды бекитүүнү кубатташты.
Күн тартибиндеги биринчи маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1. Бел айыл аймагындагы “Кайрагач- Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусу тузүлсүн.
Күн тартибиндеги экинчи маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1. Кайрагач-Борбаш аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун Уставы бекитилсин.
Күн тартибиндеги үчүнчү маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1 . Борбаш аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун курамы
15 кишиден болсун жана төмөнкүлөр шайлансын:
1. Ураимов Медер –Борбаш айылынын айыл башчысы
2. Шамасиров Алымкул- айылдык кеңештин депутаты
3. Толубаев Жармамат-Толубай дыйкан чарбасынын мүчөсү
4. Бакиров Камчы – ардактуу пенсионер
5. Бегматова Разия - аялдар кеңешинен
6. Шакиров Маматазим –Борбаш айылынын тургуну
7. Жолдошова Майрам –“Күн- Балдары”бала бакчанын жетекчиси
8. Сулайманов Шарабидин -айылдык кенештин депутаты
9. Примбердиев Абдикалык –фельдшер
10. Мойдунов Анарбай – айыл тургуну пенсионер
11. Раимбеков Асанбай – Ой-Талаа орто мектебинин директору
12. Бегматов Шамшидин- Беш- Тал жааматынан
13. Сапаров Абдиллаким- Кеңеш орто мектебинин мугалими
14. Жунусова Нүргүл – медайым
15. Миңбаев Абдрахман – Аксакалдар кеңешинин төрагасы
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе боюнча “Кайрагач- Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруучусунун башчысынын шайлоо боюнча кабыл алынган уставынын негизинде Бел айыл аймагынын башчысы К.Казначиевдин сунуш-пикирин эске алып,жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1. “Кайрагач- Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун башчысы болуп Уримов Медер шайлансын.
2. “Кайрагач- Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун текшерүү комиссиясынын курамы 3 адамдан болсун деп белгилешти.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1. Тагаев Камал -айылдык кенештин депутаты-төрагасы
2. Махмудов Аширбай- айыл тургуну -мүчөсү
3. Шералиев Абдусалам -Борбаш жамаатынан-мүчөсү
Күн тартибиндеги бешинчи маселени угуп жана талкуулап жалпы чогулуш
Токтом кылат:
1. “Кайрагач- Борбаш” аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун Уставын каттоодон өткөрүп берүү айылдык кенештен жана Ош областык Юстиция башкармасынан суралсын.
Чогулуштун башчысы: Казначиев К
Чогулуштун катчысы; Примбердиев К