Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 7-сентябры №2
Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү жер комиссиясынын курмын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 22.06.2007-жыл № 243- токтому менен бекитилген «Айыл чарба кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби» тууралуу типтуу жобонун 22-пунктун жетекчиликке алып, Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерин ижарага берүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Арал айыл аймагындагы мамлекетик фондунун айыл чарба жерлерин пайдалануунун 2019-2024-жылдарга тузулгон келечек планы бекитилсин. Тиркеме № 1
2. Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун бош жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме № 2
3. Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун бош жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын ишинин регламенти бекитилсин. Тиркеме № 3
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арал айылдык кенешинин айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Мустапакулов
|
Бекитемин
Арал айылдык кеңештин төрагасы
А.Мустапакулов ______________
Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХIХ –сессиясы №2 токтомунун № 1 тиркеме:
Жалалабат облусунун Ноокен районундагы Арал айыл өкмөтү 1996- жылы түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Жалал- Абад областтык башкармасынан 1997- жылдын 29- январында катоодон өткөн.
ИНН № 02901199710270.
Код ОКПО № 04507807
Айыл өкмөтүн аймагында 5- калк конуш жайгашкан; Арал, Интернационал, Чертексай, Черемушка, Рассвет. Интернационал айылы айыл өкмөттүн борбордук чарбагы болуп эсептелет.Борбордук чарбактан Ноокен районуна чейин 12 км, облустун борбору Жалал Абад шаарына чейин 45 км. Айыл өкмөттүн калкынын саны 2019- жылдын 1-январына карата 6754 адамды же 1095 үйбүлөнү түзөт. Арал айыл аймагында төмөнкүлөр иштейт.
-2 мамлекеттик толук орто мектеп 1 мамлекеттик толук эмес орто мектеп 3 балдар бакчасы. – 1 айылдык амбулатория, 2 дарыкана, 1 ветлечебница, 1 Маданият үйү, 1 китепкана . – 3 тегирмен 1 АЗС, 1 коомдук мончо.
Ошондой эле айыл өкмөтүн аймагында төмөнкүлөр бар 3 менчик үрөнчүлүк чарба, 2 менчик асыл тукум чарба, 7 коллективдик чарба, 55 жеке кожо. 2 пахта тазалоочу жана 1 ташкесүүчу жоопкерчилиги чектелген коомдор (ЖЧК) иш жүргүзүшөт. Айыл өкмөттүн эканомикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк пахта, жүгөрү, күздүк буудай, күнкарама,коон, дарбыз ошондой эле жашылча, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө негизделген. Мөмө-жемиштерден алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кокон гилас өсөт. Мал чарбачылыкта майда жана ири мүйүздүү мал басымдуулук кылат.
Айыл өкмөттүн аймагы Кара – Үңкүр дарыясынын эки тарапка бөлүнүп аккан нугунун ортосунда жайгашкан жана Фергана өрөөнүнө тиешелүү болуп эсептелет.Бул аймак деңиз деңгээлинен 560- 630 метр бийиктикте жайгашкан жана рельефи жалпы түштүк батышты карай 0,01 жантайыңкы келет.Эрозиялык кубулуштардан улам кыртыштын күрдүү катмарын суу жууп кеткени байкалат.
Чополуу жана кумдуу кошумчалары менен түрдүү кубаттагы пролювиалдык –аллювиалдык майда кумдуу- таштуу катмарлар кыртыш түзүүчү тектер болуп эсептелет. Айыл өкмөттө кыртыштын бир эле тиби типтүү боз топурак басымдуулук кылат, бул топурак калыптанган механикалык курамына, жайгашкан тереңдигине, таштактыгына жараша ар кандай кыртыштарды түзүп турат.
Негизги суу булагы ; Кара-Уңкүр сай жана Шайдан дарыясы, Карадарыя каналы.Жайында айдоо жерлерди сугарыш үчүн каналдарга бөлүнүп, дарыяда суу жок калат.Дарыядагы суу күз, кыш мезгилдеринде жана жазында суу кирген убакта гана болот.Жер алдындагы суулар 80- 120 метр тереңдикте жайгашып, кыртыш түзүүгө тасир этпейт.Жайкысын чарбалар үчүн сугат суу абдан таңкыс. Аймактын климаты кургак, континенталдуу, жайкысын жамгыр жаабай, ысык, жазгысын жана күзүндө нымдуу, кышында суук. Июлдагы орточо температура +30,3 С. Жылдык жаан-чачындын орточо көлөмү – 461 мм, эң азы август жана сентябрь айларына туура келет.
I Бөлүм. Арал айыл өкмөтүнүн жерлеринин жалпы курамы
Азыркы мезгилде айыл өкмөттүн аймагында 4089 га жер бар.Анын ичинен айыл чарба багытындагы жерлер 2026 га,калктуу конуш 242 га, жайыт 217 га, мелиоративдик даярдыктагы жер 514 га, бадал 4 га жана башка жерлер 1086.
1. АКФнын жерлеринин курамы. Арал айыл өкмөтүнүн АКФсынын жерлеринин жалпы аянты 655 га сугат айдоо жер.
2. АКФнын жерлерин пайдалануу.
2012-жылы АКФнын 655 га жерлери 2019 жылга чейин ижарага берилген.
Айыл өкмөтүндө АКФнын жерлерин ижарага берүү аукцион,конкурс өткөрүү жана түз берүү жолдору менен ишке ашырылып келет.
Түз берүү аркылуу Арал айыл аймагындагы аз камсыз болгон уй- бүлөөлөргө жана жарандар, социалдык багыттагы субьектилер, мамлекеттик асыл тукум,үрөөнчүлүк, тажрыйба – селекциялык жана эксперименттик чарбаларга ижарага берилет.
Арал айыл аймагындагы аз камсыз болгон үй- бүлөөлөргө жана жарандарга,социалдык багыттагы субьектилерге, мамлекеттик фондунун экономикалык жактан кызыктырган жерлерден жалпысы 20 % - 130,65 га жер аянты ижарага түз берилет.
Арал айыл аймагынын калктуу конуштарды кеңейтүү үчүн резервке коюлган мелиоративдик жер участкаларынан № 197 контурунан 15,0 га жертилкеси жана № 5 контурдун ылдый жагынан 20,0 га жертилкелери калтырылган. Эскертүү ; Кыргыз Республикасынын 2009- жылдын 31- июлундагы № 257 сандуу «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) маратория киргизүү жөнүндө» мыйзамына ылайык аталган жер аянтары клктуу конуштарга которулбайт (трансформацияланбайт).
АКФнын жерлеринин ижарачыларынын саны -233 субьект.Анын ичинен 3- үрөнчүлүк чарба жана 120 жеке жак. Ижара мөөнөтү төмөнкүдөй.
2012 жылы 7 жылдык мөнөт менен 233 ижарачыларга ижарага берилген.
2012 жылы 53 келишим аукцион аркылуу ижара укугун алышкан.
2015 жылы конкурс өткөрүлүп 28 ижарачылар ижара укугун алган.
2016 жылы 5 жылдык мөнөт менен 16 ижарачыга 2021 жылга чейин ижарага берилген.
2016 жылы конкурс өткөрүлүп 11 ижарачы менен 2021 жылга чейин келишим түзүлгөн.
2019- жылга Келечек план түзүлгөн күнгө карата Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануучулардын тизмеси
Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлерине Арал айыл өкмөтү тарабынан аткарылуучу иш чаралар
Арал участогу
№ 134 контурунан.Аянты 32,60 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019-жылы мөнөтү бүтөт, 3,0 га жертилкеси түз берүү жолу менен берилген. (Мектептин асты)
№ 140 контурунан.Аянты 25,1 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019-жылы мөнөтү бүтөт, 5,0 га жер тилкеси түз берүү жолу менен берилген. (Ылдый жагы)
№ 143 контурунан. Аянты 6,30 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 - жылы мөнөтү бүтөт.(Жамбаш жагы
№ 135 контурунан.Аянты 9,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.(Терек зар)
№ 426 контурунан.Аянты 10,80 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.( Жогорку мааланын ичи)
Конкурс аркылуу берилүчү контурлар
№ 150 контурунан. Аянты 42,60 га Фархад ,Адыл.
№ 153 контурунан. Аянты 31,1 га Береке кылым.
Чертек – Сай. участогу
№ 131 контурунан.Аянты 23,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.(весавойдун үстү)
№ 96 контурунан.Аянты 6,80 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (маланын асты Чертек- Сай). № 127 контурунан.Аянты 29,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Калмамат).
Конкурс аркылуу берилүчү контурлар
№ 130 контурунан.Аянты 42,60 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт.8,5 га жертилкеси элге түз берилген.
(Калмаматын этеги).
№ 22 контурунан.Аянты 40,30 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Аширдин жерин этеги). 4,0 га жер тилкеси түз берилген.
№ 16 контурунан.Аянты 39,1 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Аширдин жамбашы)
Черемушка участогу.
№ 33 контурунан.Аянты 18,90 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Мечиттин асты)
№ 62 контурунан.Аянты 25,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт. 9,0 га жер тилкеси аукцион аркылу берилген. (Жанардын картасы )
№ 64 контурунан.Аянты 32,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Раим) 10,0 га жер тилкеси аукцион аркылу берилген.
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар.
№ 6 контурунан.Аянты 21.60 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 58 контурунан.Аянты 6,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Жолдун бою)
№ 58 контурунан.Аянты 12,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Казим)
№64 контурунан.Аянты 6,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Орто-Сай участкасы.
№ 1 контурунан.Аянты 22,0 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Даниярдын жери)
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар
№ 5 контурунан.Аянты 40,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт (Адыл кафесинин асты таштак жерлер)
№ 19 контурунан.Аянты 7,0 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 17 контурунан .Аянты 17 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Кең- Сай участогу.
№ 7 контурунан.Аянты 7,5 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 16 контурунан.Аянты 8,30 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 17 контурунан.Аянты 21,40 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 18 контурунан.Аянты 22,20 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 19 контурунан.Аянты 6,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
№ 20 контурунан.Аянты 6,70 га жер тилкеси аукцион аркылуу берилген 2019 жылы мөнөтү бүтөт
Конкурс аркылу берилүүчү контурлар
№ 2 контурунан.Аянты 11,20 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2021 жылы мөнөтү бүтөт
№ 3 контурунан.Аянты 16,80 га жер тилкеси конкурс аркылуу берилген 2021 жылы мөнөтү бүтөт
№ | Контур № | Жер аянты,га | Жердин турлөрү |
|
1 | № 426 | 10,80 | Сугат айдоо | . |
2 | № 135 | 9,70 | Сугат айдоо |
|
3 | № 134 | 32,60 | Сугат айдоо |
|
4 | № 140 | 25,10 | Сугат айдоо |
|
5 | № 143 | 6,30 | Сугат айдоо |
|
6 | № 153 | 31,10 | Сугат айдоо |
|
7 | № 150 | 42,60 | Сугат айдоо |
|
8 | № 64 | 38,0 | Сугат айдоо |
|
9 | № 131 | 23,0 | Сугат айдоо |
|
10 | № 96 | 6,80 | Сугат айдоо |
|
11 | № 127 | 29,0 | Сугат айдоо |
|
12 | № 130 | 40,70 | Сугат айдоо |
|
13 | № 111 | 5,60 | Сугат айдоо |
|
14 | № 22 | 40,30 | Сугат айдоо |
|
15 | № 16 | 39,10 | Сугат айдоо |
|
16 | № 33 | 18.90 | Сугат айдоо |
|
17 | № 58 | 18,0 | Сугат айдоо |
|
18 | № 62 | 26,0 | Сугат айдоо |
|
19 | № 19 | 5,0 | Сугат айдоо |
|
20 | № 6 | 21,60 | Сугат айдоо |
|
| Орто-Сай |
| ||
21 | № 22 | 22,10 | Сугат айдоо |
|
22 | № 5 | 40,0 | Сугат айдоо |
|
23 | № 19 | 7,0 | Сугат айдоо |
|
24 | № 17 | 14,40 | Сугат айдоо |
|
Кең-Сай |
| |||
25 | № 7 | 7,50 | Сугат айдоо |
|
26 | № 17 | 21,40 | Сугат айдоо |
|
27 | № 18 | 22,20 | Сугат айдоо |
|
28 | № 16 | 8,30 | Сугат айдоо |
|
29 | № 19 | 6,70 | Сугат айдоо |
|
30 | № 20 | 6,70 | Сугат айдоо |
|
31 | № 2 | 14,0 | Сугат айдоо |
|
32 | № 3 | 16,80 | Сугат айдоо |
|
Баардыгы | 655 |
|
Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХIХ –сессиясы №2 токтомунун № 2 тиркеме:
Арал айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун бош жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы төмөндөгү курамда түзүлсүн.
1. Мамадалиев Болотбек Омошович – айыл өкмөттүн башчысы
2. Акматова Гулшайыр Жорошевна – жооптуу катчы
3. Жалалов Ганыжан Абдалимович – депутат
4. Аскаров Икрамжан Халматжанович- депутат
5. Кадырбеков Маратбек Жолдошбекович – депутат
6. Нурматова Окмтөмкан Эргешбаевна – аялдар комитетинин төрайымы
7. Омурзаков Нурбек Абдикаримович- “Арал элим барсымбы” коомдук бирикменин жетекчиси
8. Берикбаев Сабыр – коомдон
9. Юнусова Гулчехра – коомдон
10. Абдыкадыров Асылбек - коомдон
11. Субанкулов Мирзат Мавлянкулович – айыл башчы
12. Айдаров Маматкул – айыл башчы
13. Камилов Калхозу – айыл башчы
14. Кавланов Абдиришит – айыл башчы
15. Сулайманов Кадырали – айыл башчы
Жооптуу катчы Г.Акматова
Арал айылдык кенешинин ХХ -чакырылышынын ХIХ –сессиясы №2 токтомунун № 3 тиркеме
1. Жалпы жоболор
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
3. Жер комиссиясынын кызматтары
4. Жер комиссиясынын отурумун уюштуруу жана өткөрүү тартиби
1.1. МФ-нун жер участокторун берүү боюнча жер комиссиясы өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243-токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекиген МФ-нун жерлерин берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү жобого, ушул Регламентке жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырат.
2. Жер комиссиясын түзүү тартиби
2.1. Жер комиссиясы Арал айыл кеңеште депутаттардын сунушу менен түзүлөт жана айылдык кенеши тарабынан бекитилет.
2.2. Жер комиссиясынын ишмердигин уюштуруу жагынан камсыз кылууну Арал айыл өкмөтү ишке ашырат.
2.3. Жер комиссиясы 7 адамдан кем эмес санда түзүлөт, анын курамына жергиликтүү кеңештин 3 төн аз эмес депутаттары кирет.
Айыл өкмөт башчысы Комиссиянын курамына кызматы боюнча кирет.
Жер комиссиясынын курамына ошондой эле айыл башчылар, коомчулуктун жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү кириши мүмкүн.
Жер комиссиясынын курамына кирген депутаттардан комиссиянын төрагасы шайланат.
Жер комиссиясынын катчысы болуп айыл өкмөттүн катчысы дайындалат.
Агрардык өнүктүрүүнүн райондук башкармалыгынын өкүлү Жер комиссиясынын отурумуна байкоочу катары катышканга укуктуу.
3. Жер комиссиясынын кызматтары
3.1. Жер комиссиясы төмөнкү кызматтарды аткарат:
- аукционду өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт;
- лотторду түзөт;
- ижара акысынын баштапкы же такталган (фиксированный) өлчөмүн аныктайт;
- конкурстун шарттарын аныктайт;
- кепилдик төлөмүнүн өлчөмүн аныктайт;
- лоттордун чек араларын аныктайт;
- ар бир лот боюнча баштапкы ижара акысынын өлчөмүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча ижара мөөнөтүн аныктайт;
- ар бир лот боюнча аукциондун «арымынын» өлчөмүн аныктайт;
-тооруктардын жыйынтыктарынын протоколуна кол коет;
- конкурсту өткөрөт;
- талапкерлерди аукционго катыштыруу (же катыштырбоо) тууралуу чечим кабыл алат;
- кабыл алынган арыздардын жана аларга тиркелген документтердин КР аракеттеги мыйзамдарына ылайык ижарачыга коюлуучу талаптарга жооп берерин текшерет;
- сооданы өткөрүү жол жобосу менен байланышкан бардык талаш маселелерди чечет;
- КР мыйзамдары менен аныкталган башка кызматтарды аткарат.
3.2. Жер комиссиясы төмөнкүлөргө:
- мамлекеттик администрациянын тиешелүү кызматтарынан, түзүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъектилерден документтерди, бүтүмдөрдү, экспертиза актыларын жана отурумдарда каралуучу маселелерге тиешеси бар башка материалдарды алганга;
- эксперттерди, анын ичинде көз каранды эмес эксперттерди, тиешелүү бүтүмдөрдү даярдоо боюнча ишке тартканга;
- өз ишмердиги жөнүндөгү материалдарды массалык маалымат каражаттарында жарыялаганга укуктуу.
4. Жер комиссиясынын отурумун
уюштуруу жана өткөрүү тартиби
4.1. Жер комиссиясы өз ишмердигин отурум түрүндө ишке ашырат. Отурумдардын жыйынтыктарына протокол толтурулат, ага Жер комиссиясынын катчысы, төрагасы жана башка бардык катышкан мүчөлөрү кол коет.
4.2. Жер комиссиясынын отуруму Комиссиянын төрагасы аныктаган күндөрү өткөрүлөт.
4.3. Жер комиссиясынын отурумун Жер комиссиясынын төрагасы алып барат. Төрага жок болуп калганда отурумду Комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен шайланган Жер комиссиясынын төрагасынын орунбасары өткөрөт.
4.4. Эгерде отурумга Жер комиссиясынын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен көбү катышкан болсо, Жер комиссиясы өз компетенциясына тиешелүү чечимдерди кабыл алганга укуктуу.
4.5. Жер комиссиясынын чечими ачык добуш берүү жолу менен, катышкандардын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калганда, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болот.
4.6.Жер комиссиясынын мүчөсү түздөн түз каржылык жактан кызыкдар же арызы каралып жаткан адамга тууган болсо, Комиссиянын мындай мүчөсү бул маселени караганга жана ал боюнча чечим кабыл алганга укуктуу эмес.
4.7. Жер комиссиясынын мүчөлөрүнө, райондук Агрардык өнүктүрүү департаментинин өкүлүнө боло турган отурум жөнүндө аны өткөргөнгө 3 күн калганга чейин кабарланат.
4.8. Отурумдун башында Жер комиссиясынын төрагасы талкууланып жаткан маселенин мүнөзүнө жана ыйгарым укуктуу органдардан жана эксперттерден түшкөн расмий бүтүмдөргө жараша иштөө тартибин аныктайт.