Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-августу №2
Айыл аймагындагы ысымы жок көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №690-токтомун турмушка ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 27-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Б.Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Чек айылындагы мурдагы №12-бригаданын шыйпаӊынын батыш тарабынан жогору карай кеткен көчөнүн эски аталышы боюнча Чек көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Мавлянов Көкүмбайдын ысымы жокко чыгарылсын.2019-жылдын 19-декабры №2
Жазгак айылындагы эски саан короонун ичи эски аталыштагы Жазгак -2 көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Шакиров Тагайдын ысымы жокко чыгарылсын 2019-жылдын 19-декабры №2
, эски саан короонун түндүк-чыгышындагы көчөгө Гапуров Салинин ысымы, жаӊы курулган мечиттин жогору жагындагы айылдын жогору жагындагы жаӊы түшкөн конушка Кыла, Орозбеков көчөсүнүн түндүк тарабындагы Проектная, Проектная-1,2 көчөлөрүнө Насирдин Исанов ысымы, Кыла айылындагы КНГ ААКнун башкы мунайзатты топтоо ишканасынын түндүк тарабындагы Проектная, Проектная-1 көчөлөрүнө Сатыбалдиев Төлөштүн ысымы, Проектная-2 көчөсүнө Нышанов Абдраимдин ысымы, Проектная 3-4 көчөлөрүнө Мамасыдыков Батырдын ысымы, Бостон айылындагы мазардын жогору жагындагы Проектируемая, Проектируемая-1,2,3-көчөлөрүнө Маматибраимов Жалилдин ысымы, саан короонун ичиндеги көчөгө Бостон-1, Бостон-2, саан короонун үстү жагындагы көчөгө Бостон-4, Ош-Бишкек жолунан жогору көздөгөн көчөгө Бостон-3, Курулуш айылындагы мал базардын жогору жагындагы Курулуш, Курулуш-1 көчөлөрүнүн эски аталыштары калтырылсын жана жаӊы коюлган Осмонов Тургуналынын ысымы жокко чыгарылсын.2019-жылдын 19-декабры №2, Проектная, Проектная-1 көчөсүнө Анарбаев Акимдин ысымы, Проектная-2,3,4,5 көчөлөрүнө Качикеев Жолдошматтын ысымы ыйгарылсын.
3. Жогорудагы ысымы ыйгарылган атуулдардын балдарына тез араныничинде жаӊы түшкөн көчөгө шит жасатып, табличкаларды илдирүү менен бирге ошол көчөнүн социалдык маселелерин такай чечүү менен инфраструктурасына жардам көрсөтүп, көчөнүн тазалыгын, жолдун нугун чыгарып, көрктөндүрүп, иретке келтирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы жаӊы ат ыйгарылган көчөлөрдү Ноокен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан жана райондук статистика комитетинен катоодон өткөрүү жагы жогорудагы ысымы ыйгарылган атуулдардын балдарына жана айыл өкмөт башчысынын орун басары Б.Раманкуловго, жер боюнча башкы адиси Б.Жакыбалиевага, статист-экономист А.Кадировго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары Б.Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Стамбаев |