Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Момбеков айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы

 

2019-жылдын 19-декабры №2

Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” № 690-токтомуна таянып, Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган айрым токтомдорду жокко чыгаруу жана айрым токтомдорго толуктоо жана өзгөртүү киргизүү максатында Момбеков айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 29-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 27-апрель 2018-жылдагы Бостон айылына Кудайназаров Салинин, Жаӊы-Кыштак айылындагы жаӊы конушка Эгембердиев Садиштин, Чамашов Апсаматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү № 2- токтому жокко чыгарылсын.

2. Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеӊеши тарабынан кабыл алынган 21-август 2019-жылдагы № 2-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:

3. Чек айылындагы мурдагы №12-бригаданын шыйпаӊынын батыш тарабынан жогору карай кеткен көчөнүн эски аталышы боюнча Чек көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Мавлянов Көкүмбайдын ысымы жокко чыгарылсын.

-Жазгак айылындагы эски саан короонун ичи эски аталыштагы Жазгак -2 көчөсү калтырылсын жана жаӊы коюлган Шакиров Тагайдын ысымы жокко чыгарылсын.

-Курулуш айылындагы мал базардын жогору жагындагы Курулуш, Курулуш-1 көчөлөрүнүн эски аталыштары калтырылсын жана жаӊы коюлган Осмонов Тургуналынын ысымы жокко чыгарылсын.

4. Кабыл алынган токтом Акыйкат гезитине жарыялансын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн статист-экономисти А Кадировго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Стамбаев