Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-июлунан тартып КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаары, 2001-жылдын 12-майы № 43

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-жыл, N 3, 158-ст.) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

358-статьянын 3-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна Жогорку соттун отурумунда төрагалык кылуучу, ошондой эле Жогорку соттун катчысы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун баяндамачы - судьясы кол коет.".

2-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

3-статья.

Ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси колдонууга кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан көзөмөл тартибинде каралган иштерге да жайылтылат.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А.Акаев

 

 

 

2001-жылдын 13-апрелинде

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган