Загрузка документа…
АКМАН АЙЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 07-майы №21
Жараке айылынын көчөсүнө Раимбердиев Садыктын атын коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Акман айылдык кеңешинин социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы N 467 Токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОну” жетекчиликке алып, Акман айылдык кеңешинин 2013-жылдын 6-августундагы “Акман айылдык аймагындагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү тартиби” жөнүндө Жобонун негизинде Жараке айылынын көчөсүнө Раимбердиева Турсунхандын үйүнөн Сатыбалдиев Сабырбектин үйүнө чейин эмгектин ардагери Раимбердиев Садыктын аты ыйгарылсын.
2. Эмгектин ардагери Раимбердиев Садыктын аты коюлгандыгы жөнүндө жергиликтүү калкка жана тиешелүү мекеме уюмдарга маалымдоо жана үй белгилерин коюу боюнча уюштуруу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы М.Коконовго милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү социалдык саясат, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Акман айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Сопуев . |