Загрузка документа…
КӨК ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019 –жылдын 26-августу №30/1
Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы 2018- жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган иштери жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исмаиловдун 2018-жылы жана 2019-жылдын 6 ай аралыгындагы аткарган иштери боюнча отчетун угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VII чакырылыштагы кезектеги ХХХ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамиловдун 2018-жылдын 12-ай ичинде социалдык экономикалык тармактарында аткарган иштеринин отчету канаттандырарлык деп табылсын.
(Отчет 11 баракта тиркелет).
2. Көк-Жаңгак шаардын мэри У.Исамиловдун 2019-жылдын 6 ай аралыгында социалдык экономикалык тармактарында аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
3.Бюджеттик каражаттарды максаттуу жана үнөмдүү пайдалануу жана ички резервдерди изилдеп, кошумча киреше булактарды табууну шаардын мэри У.Исмаиловго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
4.Сырттан инвестиция тартуу жолу менен шаардын элин иш менен камсыздоо боюнча жаңы иш орундарды ачуу шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
5.Көк-Жаңгак шаарынын жерлерин сарамжалдуу пайдаланышы жана муниципалдык менчиктин обьектерин туура багытта пайдалануу боюнча иш-пландар иштеп чыгарылып кезектеги сессияга шаардык кеңешке бекитүүгө сунушталсын, аткаруу жагы шаардын мэри У.Исмаиловго милдетендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардык кеңештин мыйзамдулук, укук коргоо, этика жана мамлекеттик кызмат жана арыз маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
7.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | Б.Маткаримов. |
Көк-Жаңгак шаардык мэриянын 2018-жылдын 12-ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарылган
отчету
Жергиликтүү салыктар боюнча
2018-жылдын 12-айында Көк-Жаңгак шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 6566,6 мин сом план чегерилип , жеткирилген тапшырма 6654,3 мин сомго аткарылып, пландан ашыкча 87,7 мин сом көп түштү, 101,3%га аткарылды.
Атап айтканда салыктардын түрлөрү боюнча: -Милдеттүү салыгы жеткирилген план 14,0, аткарылды 18,6 мин сом же болбосо 132,9%
-Ыктыярдуу патент салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 513,0 мин сом болсо, аткарылганы 654,6 мин сом, 127,6%-га аткарылды.
-Сатуудан алынган салык боюнча бекитилген план-тапшырма 276,0 мин сом болсо, аткарылганы 125,1 мин сомго,же болбосо 45,3%
-Роялти салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 8,0 мин сом болсо, аткарылганы 4,9 мин сом,же болбосо 61,3% түздү.
-Жашоого ылайыкталбаган кыймылсыз мүлк салыгы 2-группа боюнча бекитилген план-тапшырма 67,0 мин сом болсо, 69,8 мин сомго аткарылды, ашыкча 2,8 мин сомго көп түшкөн, 104,2% түздү.
-Кыймылдуу мүлк (транспорт) салыгы боюнча бекитилген план-тапшырма 770,0 мин сом болсо, аткарылганы 913,8 мин сом, ашыкча 143,8 мин сомго көп аткарылган, же 118,7% түздү.
-Айыл чарба багытындагы жер салыгы план-тапшырма 50,0 мин сом болсо, аткарылганы 61,2 мин сом, 122,4%-га аткарылды.
-Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план-тапшырма 115,0 мин сом болсо, аткарылганы 124,3 мин сом, 108,1% аткарылды.
-Там арка жер салыгы бекитилген план-тапшырма 552,0 мин сом болсо, аткарылганы 693,4 мин сом, ашыкча 141,4 мин сомго көп түшкөн, 125,6%-га аткарылды.
-Жер ижарасынан түшкөн төлөм боюнча бекитилген план-тапшырма 444,4 мин сом болсо, аткарылганы 511,3 мин сом,ашыкча 66,9 мин сомго коп болду ,115,1% түздү.
-Имараттардын жана башка курулушттардын ижарасынан түшкөн төлөм бекитилген план-тапшырма 72,0 мин сом болсо, аткарылганы 100,4 мин сом болуп, 139,4% түздү.
-Кайра бөлүштүрүү фонду план тапшырма 42,2 мин сом аткарылды 44,8 мин сомго,106,2% түздү
-Жаратылыш байлыктарын колдонгондугу үчүн түшкөн төлөм-48,2 мин сом;
инвестиция тартуу боюнча аткарган иштери
1. Көк-Жаңгак шаарынын 23-кварталдагы Советский көчөсүндөгү сел сайды жалпы узундугу150 метр аралыгын механикалык жол менен тазалоо иштери СПЛМ аркылуу жүргүзүлдү
2.Көк-Жаңгак-Маркай автоунаа жолунун селден жана жер көчкүдөн жабыркаган участкаларын калыбына келтирүү боюнча СПЛМ аркылуу иштери жүргүзүлдү.
3.Көк-Жаңгак шаарына кире беришиндеги Көк-Жаңгак жазуусун оңдоп-түзөө иштерине,жаштар коому тарабынан 130миң сом акча каражаты сарпталып, толугу менен аткарылды.
4.Шаардын кире беришиндеги көпүрөдөн баштап борбордук базарга чейин Октябрьский көчөсүнө 640 метр асфальт төшөө иштерине 2662000 сомго келишим түзүлүп,жумуш аягына чыкты..
5.Шаардагы интернациональный көчүсүнө1200 метрге түнкү жарыктандыруу иштерине 35,0 мин сом акча каражатын демөөрчүлөр тарабынан бөлүнүп, жумуш толугу менен аткарылды.
6.23-кварталында Советский көчөсүнө 220 метр дренаждык канал СПЛМ проектиси аркылуу жүргүзүлдү.
7.Көлмө кварталында сибир кулгунасы жана жөө адам өтүүчү көпүрө СПЛМ проектиси аркылуу Коргон-Таш сайынын жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлдү
8.Шаардагы Октябрь көчөсүндөгү №45 көп кабаттуу үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн 800.0 миң сом акча каражаты демөөрчүлөр тарабынан сарпталып, чатыры толугу менен алмаштырылды.
9.Кооптуу аймакта жашаган 3 (үч) үй бүлөгө жер тилкеси бөлүнүп берилди.
10. Шаар ичиндеги жолдорго жол белгилерин орнотуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 80.0миң сом акча каражаты бөлүнүп,18 даана жол белгилери орнотулду.
11.Октябрь көчөсүндөгү борбордук базардын жанына жергиликтүү бюджеттен 112.9 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 100 метр аралыкка лоток орнотулду.
12.Шаар ичиндеги жолдоруна жергиликтүү бюджеттен 59.4 миң сом акча каражаты бөлүнүп Атаханов, Ленина, Спутник, көчөлөрүнө асфальт менен жамоо иштери жүргүзүлдү.
13.Шаар ичиндеги чуңкурларды жамоо иштерин 20.0 миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, жамоо иштери жүргүзүлдү.
14.№1 “Радуга” балдар бакчасына демөөрчүлөр тарабынан 40.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, өрт коопсуздугунан сактануу үчүн кошумча тепкич курулду.
15.Төрөт үйүнүн жана хирургия бөлүмүнө суу суу кампа жана душ кабиналар курууга демөөрчүлөр тарабынан 60.0 миң сом акча каражаты каралып, жумуш аягына чыкты.
16.Терапия бөлүмүнө суу чыгарууга демөөрчүлөр тарабынан 94.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп,суу толугу менен чыгарылды.
17.Төрөт үйүнүн чатырын алаштурууга ФОР-339,0миң,жер. бюд.44.0миң,КРӨКМ -30.0миң сом акча каражаты бөлүнүп,жалпысынан 413 миң сом акча каражаты сарпталып чатыры толугу менен алмаштырылды.
18.Шаардагы“Көлмө”кварталындагы”Ленин”көчөсүнө,”Черемушки” кварталындагы Комсомол көчөсүнө жана 23-кварталындагы Артык Ажы көчөлөрүнө жаштар коому тарабынан түнкү жарыктандыруу орнотулду.
19. Жеке ишкер Э.Мурзалиев тарабынан 200.0 миң сом акча каражаты сарпталып, кичи цех курулду.
20.40-кварталындагы темир жол астындагы көпүрөдөн жергиликтүү бюджеттен 20.0 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Көлмө кварталына сугат суу чыгарылды.
21.Шаардагы №4 Ю.Гагарин атындагы орто мектебинин отканасын оңдоого жана терезе, эшиктерин жаңылоого Руслан Жумабаев жана 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 300,0миң сом акча каражаты сарпталды.
22. А.С Макаренко атындагы №2 инновациялык мектеп гимназиясына 1-4 класска чейин ысык тамак берүү үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 60,0 миң сом Жалпысынан 444,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
23.Ю.А Гагарин атындагы №4 орто мектебинин 1-4 класска чейин ысык тамак уюштурууга үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 70,0 миң сом Жалпысынан 454 миң сом акча каражаты сарпталды.
24.М.В Ломоносов атындагы орто мекебинин 1-4 класска чейин ысык тамак берүү үчүн Мерсико тарабынан-324,0 миң сом, Жер.бюджеттен 60,0миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 55,0 миң сом Жалпысынан 439,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
25.Т.Сатылганов атындагы №3 орто мектебинин короосуна 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 100,0 миң сом акча каражаты сарпталып асфальт төшөө жана эки темир эшик орнотулду.
26. Эркин Сарбашов тарабынан 141,6 миң сом акча каражаты сарпталып, шаарга таштанды таштоо үчүн 24 даана контейнер алынып келинди.
27.М.В.Ломоносов атындагы №6 орто мектебинин терезелерин оңдоого 20-жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 200,0 миң сом акча каражаты сарпталды.
Социалдык өнүгүү башкармалыгы
2018- жылдын башынан тартып Көк-Жаңгак шаардык мэриясы тарабынан экономикалык-социалдык өнүгүү тармактарында, жалпы элибиздин социалдык жактан камсыздоо, турмуш денгээлин жакшыртуу жана жакырчылыкты жоюу багыттарында бир топ уюштуруучулук иштерди алып барды.
01.01.2019 жылга карата жалпы кожолуктун саны 2350 түзүп, калктын саны-11581 адамды түзөт. Өтө жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 328, же 13,95% түзөт. Бардыгы жакыр үй- бүлөлөрдүн саны -361, же 15,36% түзөт. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилген жөлөк пул алуучулар 12 айга 328 үй-бүлөдө 1176 баланы түзүп, 13165,3м.с. төлөндү. Социалдык жөлөк пул алуучулар 209 адамды түзуп, 6 млн 445,0 м.с. төлөндү. Компенсация алгандар 77 адамга 77,0 м.с. түздү.
Советтик жоокерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 29 жылдыгына карата 6 адамга ЖБ 11,220 м.с. каражаты бөлүндү. Анын ичинде Сузак районунда уюштурулган сый тамакка 5,2 м.с. жана акчалай түрүндө 6,0 м.с.
Социалдык адилеттүүлүктү н бир айлыгынын алкагында ДМЧА 1-топтогу майып 8 адамга 4,8 м.с. азык-түлүк продуктылары берилди.
Чернобыль апаатынын 3 катышуучусуна 6,0 м.с. ЖБ бөлүнүп берилди.
Аялдардын эл аралык күнүн белгилөөдө ЖБ 34,5 м.с. бөлүнүп, 69 Баатыр энелерге баалуу белектер тапшырылды.
Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеништин 73 жылдыгына карата 6 а дамга материалдык жардам көрсөтүлүп, 12,0 м.с. сарпталды.
Энелер кунун белгилөө үчүн ЖБ 10,0 м.с. акча каражаты 40 энеге майрамдык белек берүү учун сарпталды.
Акыркы коңгуроо майрамын белгилөөдө 15 жетим, жарым жетим балдарга 3,0 м.с. акчалай таркатылды.
Балдарды коргоо күнүндө 63 жетим, жарым жетим , майып балдарга 20,0 м.с. акчалай таркатылды.
Карылар күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 44,5 м.с. бөлүндү. Бул акча каражаты акчалай таркатылды жана кээ бирлерине азык-түлүк продуктылары алынып берилди.
Кургак учукка кабылган 5 үй-бүлөгө 2,0 сомдук көмүр отуну алып берилди жана ЖБ 10,0 сарпталды.
Майыптар күнүнө карата 47,5 м.с. жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, акчалай берилди.
Кыргызстандагы Кызыл Жарым Ай коому аркылуу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар 10 жалгыз бой энелерге 3,4 м.с. акчалай берилип, жалпы 34, 0 м.с. сарпталды.
Жаны жылдык балаты майрамына 60 тоголок жана жарым жетим балдар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары чакырылып, жергиликүү бюджеттен 24,0 м.с. жана демөөрчүлөрдөн 15,0 м.с. сарпталды.
Коомдук акы төлөнүүчү жумуштар жөнүндө.
№6 М. В. Ломоносов орто мектебинин ашканасына иүүчү таза суу чыгаруу жана ысык суу менен камсыздоо үчүн 10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 20820 сомду түздү.
№4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин ашканасына электр тогун тартуу жана орноштуруу жана канализацияга септик куруу үчүн 12 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 39944 сомду түздү.
№4 Ю. А. Гагарин орто мектебинин ашканасын ремонт жасоо үчүн 12 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 39944 сомду түздү.
Шаардын ичин жашылдандыруу жана таштандылардан тазалоо үчүн 8 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды. Проекттин суммасы 26592 сомду түздү.
Коомдук акы төлөнүүчү агенттери болуп 4 жумушсуз жаран тартылды. Проекттин суммасы 28220 сомду түздү.
Шаардын ичин тазалоо жана көрктөндүрүү проектине 8 жумушсуз жаран тартылып, 26592 сомдук проект ишке ашырылды.
ЧП “Дакыповго” берилген мурунку котельныйдын имаратын супермаркет кылып реконструкциялоо жана ичин ремонт жасоо үчүн проект ишке ашырылып, 49930 сомду түздү. 15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
Билим берүү бөлүмүнүн ажаатканасын ремонттоо жана эсепчинин кабинетин ремонт жасоо үчүн 26546 сомдук проект ишке ашырылды.8 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
Шаардык төрөт үйүнүн чатырын алмаштыруу үчүн 49860 сомдук проект аткарылды.15 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
“Ромашка” балдар бакчасынын котельныйын оңдоо үчүн 33240 сомдук проект аткарылды.10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
“Радуга” балдар бакчасынын өрт коопсуздугунан сактануу үчүн кошумча чыгуу тепкичин жасоо үчүн 33240 сомдук проект аткарылды.10 жумушсуз жаран коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды.
№1 М. В. Фрунзе орто мектебинин айланасына тосмо орнотуу үчүн 12 жумушсу коомдук иштерге тартылып, 19944 сомдук проект ишке ашырылды.
ЧП “Дакыповго” 4 бутик куруу үчүн 49930 сомдук проект ишке ашырылды жана 15 жумушсу коомдук иштерге тартылды.
2018 жыл ичинде 140жумушсуз жарандар коомдук акы төлөнүүчү иштерге тартылды, проекттердин баасы 479738 сомду түздү.
Спорт тармагы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017 ж.ж. карата Программасын аткаруу боюнча Көк-Жангак шаардык мэриясы тарабынан 2018 жылы төмөндөгүлөр аткарылды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн 2014-2017 ж.ж. карата Программасын аткаруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы 2018-жылга карата төмөндөгүлөр аткарылды.
«Көк-Жангак кыймылы» коомдук бирикмеси аркылуу борбордук стадиондогу көрүүчүлөр үчүн отургучтарды ондоп жана үстүн жабуу иштери 2017- жылдын апрель айында башталып, 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата ачылуу аземи болуп өттү. Бүгүнкү күндө көрүүчүлөр отурган жери ремонттолуп, шарттар түзүлдү. Ошондой эле, стадиондун айланасына тосмо орнотулду.
№6 М. В. Ломоносов орто мектебине демөөрчүлөр тарабынан мини- футбол спорт аянтчасы курулуп, 630,0 миё сом жана 16,0 миң Америка доллары сарпталган. Бир гана мектеп окуучулары үчүн спорт менен машыгууга шарт түзүлбөстөн, шаардын тургундарына дагы спортко кызыгып, сергек жашоосуна өбөлгө түзүлдү. Келечек муундар жана жалпы тургундар үчүн спорт менен машыгууга курулган спорт аятчасы- шаардын жетишкендиги болуп эсептелет.
Ушул эле мектептин мурунку устаканасынын авариялык имараты оңдолуп, спорт менен машыгууга зал уюштурулуп, спорт чебери Ж. Каиповдун ысмы берилди. Демөөрчүлөр тарабынан 360,0 м.с. сарпталды, ачылуу аземи 2017-жылдын 01-сентябрында болуп өттү.
Шаарда ДЮСШ-1 жана ДЮСШ -2 иштеп, өспүрүмдөр бокс, футбол, грек-рим күрөшү менен машыгышат.
ДЮСШ-1 (Ермекбаев М. У.)футбол жана грек-рим күрөшү боюнча ийримдер иштеп жатат. 19 группада 142 окуучу спорт менен машыгууда. 8 тренер эмгектенет: 5 тренер грек-рим күрөшү боюнча, 3 тренер футбол боюнча тайпаларда машыгууларды жүргүзүшөт.
27-29.09.2018 жылы Ош шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирде 12 спортчу катышты. 48 кг салмакта 2-орунду Алтынбек уулу Бекзат ээледи. 45 кг 3-орунду Маратбек уулу Искендер, 30 кг 3-орунду Кимсанов Нуржигит ээлешти.
ДЮСШ- 2 (Рыскулов Б. Д.) спортчулары дагы көптөгөн турнирлерге катышып келишет. 8 тренер 16 группада 222 баланы грек-рим күрөшү жана бокс менен машыктырышат.
Балыкчы шаарында өспүрүмдөрдүн арасында бокс боюнча өткөн эл аралык турнирде 12 спортчу катышып, 1 спортчу 3-орунду ээледи.
Каракол шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген тренери Б. Сабатаровдун призине карата өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 12 спортчу катышып, 1-орунду 1 спортчу, 2-орунду 4 спортчу, 3-орунду 1 спортчу ээледи.
Балыкчы шаарында Эл аралык класстагы спорт чебери К. Апельбаевдин призине карата өткөн бокс боюнча эл аралык турнирде 10 спортчу катышып, 1 спортчу 2-орунду, 4 спортчу бала 3-орунду ээлешти.
Чолпон –Ата шаарында ден-соолукту чыңдоочу республикалык сбордо ДЮСШ-2 тарбиялануучулардан 25 спортчу бала катышып келди.
Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларды болтурбоо максатында «Спорт- ден-соолуктун булагы» деген ураандын алдында мектептердин арасында футбол, волейбол, грек-рим күрөшү боюнча таймаштар, мелдештер уюштурулуп турат. 26-июнь Бүткүл дүйнөлүк баңгизаттаргка каршы күрөшүү күнүн белгилөөдө мини-футбол боюнча турнирди абдан кызыктуу өткөрүштү. Андан сырткары, ДЮСШ-1,2 спортчулары райондук, областтык жана эл аралык турнирлерге катышып, байгелүү орундары алып келүүдө.
Саламаттыкты сактоо тармагы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стартегиясын» («Ден соолук-2020») №100 буйругун ишке ашыруу боюнча Көк-Жаңгак шаардык мэриясы төмөндөгүлөрдү аткарды.
Көк-Жаңгак шаарындагы жалпы дарыгерлердин практикалык борборунун «Ден соолук-2020» программасын аткаруу боюнча иш-чарасы иштелип чыгып, кабыл алынган жана 2018-жылга карата төмөндөгүлөрдү ишке ашырылды.
Диспансердик учетто жүрөк кан тамыры оорулары менен 490 жаран каттоого алынган. Жогорку кан басымы менен учетко алынгандар-416, алардын ичинен өтө оору-21 жаран. 18 жаштан жогорку курактагы артериалдык кан басымы текшерилгендердин саны -4112. Биринчи жолу жогорку артериалдык кан басымы аныкталгандарын саны-10 жаран. Инсульт болгондор-9 жаран. Жогорку кан басымы менен госпитализация болгондор-67 жаран. ЭКГ-1303 адам өткөрүлдү. Клиникалык эффектке жеткен өтө жогору кан басымы 8 жаранда аныкталды. ОМСтен жогору кан басымы учурунда 1234 дары-дармек жазылды, 28-/ДТ тарабынан-211 рецепт жазылды.
Эненин жана ымыркайдын ден-соолугу боюнча. 254 кош бойлуу аялдар учетко алынган. Йодид-калий препаратын алып жаткан кош бойлуу аялдардын саны-184, фолиевая кислотаны алып жаткандар- 254, канында темир заты аз кош бойлуу аялдардын саны-153 түзөт. Ошондой эле, 98 аял фолиевая кислотаны алып, бүгүнкү күндө ден соолугун оңдошту. Учетто турган 3 кош бойлуу аялдын кан басымы жогору. ВИЧ илдетин аныктоого 254 кош бойлуу аялдан кан анализге алынды. 475 аялга бойго бүтүрбөөчү контрацептивдер коюлду. 2018-жылы 229 бала төрөлдү, шаарда эненин жана баланын өлүмү жок.
Балдардын ден соолугун чыңдоо боюнча. Шаарда жалпы 14 жашка чейинки балдардын саны 3686 түзөт. Анын ичинде, 1 жашка чейинкилер-254 баланы түзөт. Эмчек сүтү менен гана багылып жаткан балдардын саны-126. Түрдүү жугуштуу ооруларга каршы эмделген балдардын саны 1 жашка чейинкилер-225 түзсө, 1 жаштагылар- 226 түзөт. Анемия менен ооруган 14 жашка чейинки балдардын саны- 130 түзөт. Балдардын ъл\м\ 2 жолу болуп, алар Жалал-Абад шаарында катталды. Алар: Мамирова Сумая, 26.11.2017 ж.т. (тубаса ж\рък оорусу, сепсис) жана Таджибаева Айпери, 14.03.2018 ж.т. (ателектатикалык пневмония, ДН-4, ДВС синдрому).
5 жашка чейинки балдардын стационарда дарыланганы-548 баланы түзсө, алардын ичинен пневмония-221, ОРИ-286, диарея- 20, тубаса майыптыгы бар-4 бала.
Кургак учук боюнча. Жаңы төрөлгөн 229 баланын ичинен, 228 ымыркайга БЦЖ жасалды. Шаарда кургак учук илдетине кабылгандардын саны -12 жаранды түзөт, жаңы аныкталгандардын саны-6 жаран. Өпкөдөгү кургак учук- 8, өпкөдөн башка органдарда- 1. Алардын ичинен БК+ 1 жаран. Флюорографиядан өткөндөрдүн саны- 881 адам Кургак учуктун өтүп кеткен формасы катталган жок жана кургак учуктан өлгөн жаран дагы жок.
ВИЧ- инфекция боюнча. ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча 28-/ДТ дарыгрелери тарабынан 17 жолу лекция окулду, 94 жолу баарлашуу болуп өттү. Шаарда ВИЧ илдетине кабылган жарандардын саны-5, алардын ичинен балдар-1. ВИЧ илдетине кабылган 3 жаран Көк-Жаңгак шаарында жашабайт. Шаардагы 2 жаран АРВ –терапиясын Жалал-Абад шаарында алып турушат. Ушул 2 жарандын бирөө Жалал-Абад шаарында такай жашайт, бирок Көк-Жаңгак шаарына катталып калган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 16.03.2015 жылдагы «Кыргыз Республикасынын калкынын ден-соолугун сактоонун жана чыңдоонун 2020-жылга чейинки стартегиясын» турмушка ашыруу дайыма көзөмөлдө турат.
Шаардык билим берүү бөлүмү боюнча
Жалпы билим берүүчү мектептердин инфраструктурасы боюнча: шаарда 5 мектеп, 5 балдар бакчасы, 1 балдардын чыгармачылык борбору бар. Имараттары типтүү.
Кадр маселеси:
- мугалимдер 118 : алардын ичинен эркекетер-18, аялдар-100; жогорку- 92, бүтпөгөн жогорку- 3, атайын орто- 22, орто-1.
- пенсионерлер- 38 адам;
- Эл агартуунун отличниги- 33 адам;
- жаш адистер- 23 адам;
- жетишпеген кадрлар-5
- балдар чыгармачылык борборунда 16 ийрим бар, 270 окуучу окушат;
Жетишпеген педкадрлар: орус тилдүү мектеп үчүн химия, биология, англис тили, башталгыч класстын мугалими. Кыргыз тилдүү мектептер үчүн: математика, физика, музыка мугалимдери.
Балдар бакчалары боюнча:
-балдар бакчалары- 5, тарбиячылар- 22: жогорку билимдүүлөр- 12, бүтпөгөн жогорку- 0, атайын орто- 9, орто-1. Тарбиялануучулар- 525 бала;
Мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча 12мугалим Жалал-Абад шаарындагы методикалык борбордон курстан өтүштү.
Окуучуларга анализ жүргүзгөндө тоголок жетимдер-4, жарым жетимдер-120, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары- 53, майып балдар- 11, мигранттардын балдары- 455 окуучу.
Көк-Жангак шаардык билим берүү бөлүмү боюнча 2018-2019 окуу жылында 01.01.2019 жылга карата:
Билим сапаты
2018-2019 окуу жылында 80 класс комплект менен 1965 окуучу окуйт: 1-чейректе 241 «отличник», 416«ударник»; билим сапаты 45,49% түздү(2040 окуучу).2-чейректе 246 «отличник», 403 «ударник»; билим сапаты 45,2% түздү(2019 окуучу).
Шаардык олимпиада 12 предмет боюнча өттү. Шаардагы олимпиаданын 1-туруна мектептердин 9-11 класстардын окуучуларынын арасынан 70 окуучу катышты. 2019-жылдын февраль айында өтүүчү областтык олимпиадага 10 окуучу жолдомо алышты.
Шашке тамак
Шаардагы 5 мектептин ичинен 3 мектеп ал аралык Мерсико уюмунун «Ысык тамак менен окуучуларды камсыздоо» долбооруна кирип, 01.10.2018 жылдан тартып 1-4 класстардын окуучуларына ысык таамк берилип жатат: №2 А. С. Макаренко инновациялык мектеп-гимназиясы, №4 Ю. А. Гагарин жана №6 М. В. Ломоносов орто мектептери.
Маданият тармагы боюнча
Афган согушунун катышуучуларынын күнүнө карата борборлоштурулган китепканада сый тамак уюштурулду, шаардык мэриянын залында салтанаттуу азем жана майрамдык концерт уюштурулду.
Мекенди коргоочулардын күнүнө карата №4 Ю. А. Гагарин о-м спорт залында «Эр жигит» аттуу кароо-сынак болуп, аталган мектептин командасы баш байгеге ээ болду. Аялдардын эл аралык күнүнө карата «Аял зат- асыл зат» аттуу майрамдык кече Искусство мектебинде болуп өттү. Нооруз майрамына карата театрлаштырылган оюн-зоок программасы шаардын борбордук аянтында уюштурулду.
Конституция күнүнө карата Искусство мектебинде маданият бөлүмүнө караштуу мекемелердин кызматкерлери, ата- энелердин катышуусунда чогулуш болуп өттү. Акырында окуучулар концерт коюп беришти.
Жеёиш күнүнө карата салтанаттуу иш-чаралар шаардык мэриянын жетекчилиги алдында даярдалып, өткөрүлдү. Социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан ооруктун эмгекчилерине жана жесирлерге арналып сый-тамак уюштурулду.
Балдарды коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнү демөөрчүлөрдүн жардамы менен жогорку денгээлде өттү. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Шахтерлор күнү борбордук паркта театрлаштырылган оюн-зооктор менен коштолуп өттү.
Көк-Жаңгак шаарынын 75 жылдыгы 22.09.2018 жылы областтык денгээлде жогорку даражада белгиленди. Шаардын мурун иштеп кеткен жетекчилери, маданият кызматкерлери келишти. Спорттун түрү боюнча мелдештер уюштурулду.
Карылардун күнү, мугалимдердин, энергетиктердин жана маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Жаны жылдык бал –маскарад оюн-зооктор менен коштолгон программады жогорку даражада өттү.
Статистика жана экономика аткарылган иштер боюнча
Өнөр жай
2018-жылда өнөр жай боюнча 19109,3 миң сом продукция өндүрүлдү
Өткөн жылдын ушул мезгилине карата салыштырмалуу баада 102,1% өстү жана 395,9 миң сом көп өндүрүлдү. Анын ичинде ОсОО “Горное Богадства” 16560тонна -167,3%+664тонна өндүрүлдү.
ХРУ “Шар-Булак” 111,2% +107,5 миң сомго көп элге суу камсыздандырылды.
АО “Жетиген” 2018-жылда 42,1 миң сом өнөр жай продукция чыгарылды.
Элге кызмат кылуу
Элге кызмат кылуу боюнча 2018-жылда 39750,0 миң сомго аткарылды.2017-жылга карата салыштырмалуу баада 106,1% +2275,0 миң сомго көп элге кызмат көрсөтүлдү.
Искусство мектеби 110,5% +17,5 миң сом, жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 112,6% +440,0 миң сомго аткарылды
Айыл чарба
Шаар боюнча 2018-жылдын 12-айында эт өндүрүү 357 тоннага жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 1 тонна көп өндүрүлүп же 100,3% аткарылды
Сүт өндүрүү 2112,0 тоннага жетип, 2017-жылга салыштырмалуу 100,4% жетип же 8 тоннага көп өндүрүлдү.
Жумуртка 2018-жылдын январь, декабрь айларында 383,0 миң даана өндүрүлүп, 2017-жылга салыштырмалуу 5000,0 даана көп өндүрүлүп же101,3 % түздү.
Жүк ташуу шаар боюнча 2018-жылдын 12-айында 29,6 миң тонна жүк ташылып, 130,0 % аткарылды.
Жүргүнчүлөрдү ташуу
Шаар боюнча 2018-жылдын январь, декабрь айларында 2218,0 миң жүргүнчү /км түзүп өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 160,0 жүргүнчү/ км өсүү темпи 102,3% түздү.
Көк-Жаңгак шаарынын мэри: | У. Исмаилов. |