Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
(Кара-Буура айылдык кеңешинин
VIII чакырылышынын II сессиясынын 2021-жылдын 3-июну № 2 токтомунун редакциясына ылайык)
2018-жылдын 18-июну № 1
Б.Өмүрбековдун арызын карап Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 27-статьясынын 1, 2-пунктарына ылайык Кызыл-Адыр айылынын түндүк-батыш тарабынан мал базар курууга Кара-буура айылыдк кеңешинин VI-чакырылышынын XXIII-сессиясындагы № 6 токтомуна өзгөртүү киргизүүгө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык аймактык кеңештин VI-чакырылышынын XXIII-сессиясындагы, № 6 токтомунун 1-пунктуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Мал базар ачуу үчүн бөлүнүп берилген 15,00 га жер аянты 7,00 га жер аянтына өзгөртүлсүн.
3. Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылына мал базар куруу үчүн 7,0 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Жайыт” жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
4. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы А.бекболотовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Осмоналиев
|