Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын II сессиясы
2021-жылдын 3-июну № 2
Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын
2018-жылдын 18-июнундагы XIII сессиясынын №1 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамынын 17-беренесине ылайык Кара-Буура айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XIII сессиясынын №1 токтому төмөндөгүдөй тексттеги 3-пункт менен толукталсын:
-Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылына мал базар куруу үчүн 7,0 гектар жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Жайыт” жерлер түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынын курулуш алдындагы жерлерге которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун 3-пункту 4-пункт деп табылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | А. Осмоналиев
|