Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-марты №10
2019-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
2. Каргалык айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык Кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Айылдык Кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, бала бакчалардын башчыларына жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
Бекитем
Каргалык айылдык кеңешинин
төрагасы________________Р.Жунусакунов
2019-жылдын 29 - марты
Каргалык айылдык кеңешинин
(XXVII чакырылышынын) кезектеги
ХХIII сессиясынын № 10 токтомуна
№ 1 тиркеме 29. 03. 2019-ж.
2019-жылга Каргалык айылдык кеңешинин иш планы
№ | Туруктуу комиссиянын отуруму, сессия | ТК отуруму, сессия |
Каралуучу маселелер | Айыл өкмөтү нөн аткаруу чу жооптуу адам | Аталган маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы |
Натыйжа | Жарандар дын ЖӨБга катышуу сунун формалары (“ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
1 |
АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кенештин сессиясы |
1-квартал
|
1. 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча ФЭБ башчысынын отчету.
2. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Каргалык айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү.
4. 2018- жылы жайыттарды пайдалануунун жылдык планынын аткарылышы боюнча Жайыт комитетинин маалыматын угуу жана 2019-жылга жайыттарды пайдалануунун жылдык планын бекитүү.
5.МТС муниципалдык ишканасынын 2018-жылга карата жүргүзгөн иштери тууралуу отчетун угуу жана МТС муниципалдык ишканасынын 2019-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
6.Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчету. |
Каргалык айыл өкмөтү нүн башчысы
тиешелүү адистери |
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы.
Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы. | Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралу жоопту катчыга дайындоо. |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы | 2-квартал
| 1.Жазгы талаа жумуштарына даярдыктардын жүрүшү, айыл чарба шаймандарынын техникалык абалы тууралуу Каргалык айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуу жана МТС муниципалдык ишканасынын директорунун маалыматын угуу.
2.Макмал алтын комбинатында аткарылган иштер боюнча директорунун маалыматын угуу. | Айыл өкмөт башчысынын орун басары
| Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы. Өнөр-жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралу жоопту катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
|
|
АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кенештин сессиясы |
3-квартал
|
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын 2019- жылдын 6 айында бюджеттин чыгаша, киреше бөлүгүнүн аткарылышы тууралу отчуту.
2.Каргалык айыл өкмөт башчысынын 2019-жылдын алты айында аткарган иштери тууралуу отчету.
3. МТС муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу директорунун маалыматын угуу.
|
Айыл өкмөт башчысы
тиешелүүадистерименен |
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы.
|
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралу жоопту катчыга дайындоо |
АК сессияларына жарандардын жана башка кызыктар адамдардын катышуусу | ||
|
АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы |
4-квартал
| 1. Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысынын 2019- жылдын тогуз айында бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу маалыматын угуу.
2. Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын 2019-жылдын тогуз айында аткарган иштери тууралуу жана күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалыматын угуу.
3. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата бюджетин жана штат бирдигин бекитүү.
4.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.
|
Айыл өкмөт башчысы
тиешелүү адистери менен |
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
|
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга ММК аркылуу коомдук талкууга алып чыгуу тууралу жоопту катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу | ||
Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | Ж.Акматова |