Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-августу № 3
Калкты муниципалдык жактан тейлөөнү жакшыртуу, айылдарды, көчөлөрдү, мекеме, ишканаларды, коомдук жайларды санитардык жактан тазалоо, жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу максатында Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын Достук айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл өкмөтүнүн алдындагы жаңы түзүлүп жаткан “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Ушул токтомдун массалык маалымат булактарына жарыяланышы жана юстиция министирлигинен каттоодон өткөрүү иштери Достук айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө иши Достук айылдык кеңешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Э. Мансиркулов
|
Эл депутаттарынын XXVII чакырылышынын
Достук айылдык кеңешинин
кезектеги XXIII сессиясынын
№ 1 токтомуна тиркеме
Жалпы жобо
1.1. “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын Уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыгып, муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүн аныктайт.
1.2. “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын өз алдынча эсеби бар, муниципалдык ишкана болуп саналат. Негизги милдеттери – айыл өкмөтүндө жайгашкан айылдарды, көчөлөрдү, мекеме, ишканаларды, коомдук жайларды санитардык жактан тазалоо, жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу. Ишкананын аталышы: “Достук тазалык”,
- мамлекеттик тилде: “Достук тазалык” муниципалдык ишканасы, кыскартылып аталышы: МИ “Достук тазалык;
- расмий тилде: муниципальное предприятие “Достук тазалык”, кыскартылып аталышы: МП “Достук тазалык” .
1.3. Муниципалдык ишкана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормативдик - укуктук актыларынын негизинде жана белгиленген тартипте Уставына ылайык иш алып барат.
1.4. Муниципалдык ишкана мамлекеттик каттоодон өткөндөн баштап, юридикалык жак болуп саналат, анын иш жүргүзүүгө, мамлекеттик тилде жана расмий тилде аталган мөөрү, штампы, эмблемасы жана өзүнүн бланкасы болуусу керек.
1.5. Муниципалдык ишкана түзүүчүсү болуп Достук айыл өкмөтү саналат.
1.6. Достук айыл өкмөтү муниципалдык ишкананын милдеттерине жоопкерчиликтүү эмес, ошондой эле муниципалдык ишкана Достук айыл өкмөтүнүн милдеттерине жооп бербейт.
1.7. Чарбалык субьектилер жана жеке жактар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасы, Уставда көрсөтүлгөн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде иштерди алып барууга укуктуу.
1.8. Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасынын структураларынын түзүлүшү же жоюлушу Кыргыз Республикасынын белгиленген тартиптеги мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат.
1.9. Достук айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген жана негизги аткарылуучу милдеттерине жараша профсоюздук уюм түзүлүшү мүмкүн.
1.10. Достук айыл өкмөтунүн муниципалдык ишканасынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Шамалды-Сай айылы Н.Рыскулов көчөсү – 21/3.
2. Муниципалдык ишкананын максаты жана иштери
2.1. Муниципалдык ишкананын негизги иштери болуп: - муниципалдык ишкананын милдети жана иш аракети, муниципалдык ишкананын түзүүчүсү жана ишкананын түзүлүшүнө чечим чыгарган укуктук орган тарабынан аныкталат.
-Айыл өкмөтүндө жайгашкан айылдарды, көчөлөрдү, мекеме, ишканаларды, коомдук жайларды тазалоо, жакшыртуу, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу.
-Жолдорду, тратуарларды, жол чырактарды, көчөнүн түнкү чырактарын, аянттар, аялдамалар, көлөкөлөөчү чатырчалар, аялдамалардагы отургучтарды, жолдордогу көпүрөлөрдү кармоо.
-Кыш мезгилиндеги жолдорду тазалоо.
-Жолбун жаныбарларды атуу, алардын сөөгүн атайын жаныбарларды көмүүчү жерлерге көмүү (Беккари чуңкуру).
-Мектеп, бала-бакчалардын, ооруканалардын жана үйлөрдүн айласындагы таштандыларды жок кылуу .
-Тигилип көгөрүп турган бак-дарактарды багуу.
-Достук айыл өкмөтүнун санитардык абалын бузуучуларын аныктап, тиешелүү иш кагаздарды түзүү.
-Ишкананы материалдык техника менен камсыз кылууну уюштуруу.
-Бекитилген норма жана тартиптин негизинде Достук айыл өкмөтүнүн балансындагы техникалык унаа механизмдери боюнча талаптарды камсыз кылуу жана кармоо.
-Жарнамаларды көркөмдөп жасалгалоо
-Муниципалдык ишкана иш жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы турбаган иштердин түрлөрүн аткарууга укуктуу.
-Ар кандай максаттагы аткаруу иштердин түрлөрүн ишке ашырууга тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына ылайык уруксаат кагазын (лицензия) алуусу талап кылынат.
3. Муниципалдык ишкананын милдети жана укуктары
3.1. Муниципалдык ишкана өзүнүн милдеттерин ишке ашырууда, муниципалдык ишкана кайсыл укуктук органдын карамагында баш ийүүсү менен, өзүнүн милдетин ишке ашырууга укуктуу:
- Белгиленген тартипте эсебин өндүрүп чыгаруусу, ошону менен бирге башка юридикалык жана физикалык жактардан атайын эсептерди ачып алууга;
-Сотто доочу жана жооптуу болууга;
- Муниципалдык ишкананын функцияларынын милдеттеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди түзүүгө;
- Муниципалдык ишкананын иштерин аткарууга жарандарды тартуу, эмгек келишими жана башка жарандык укуктук келишимдердин негизинде ишке алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормасынын негизинде (колькуляция) өзүнчө иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө;
- Муниципалдык ишкананын керектелүүчү иштерине ылайык, юридикалык жактардан атайын авто унааларды, күйүүчү майларды алууга;
3.2. Муниципалдык ишкананын иши жана эс алуу режими, социалдык камсыздоосу, социалдык коргоосу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамынын негизинде туураланып жүргүзүлөт.
3.3. Муниципалдык ишкана төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
-Ишкананын ичиндеги бекитилген сметанын негизинде, курулуш, капиталдык жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерине реконструкция жүргүзүүгө;
-Бардык кызматкерлердин коопсуздугуна, бардык шарттарды түзүп, белгиленген тартипте алардын ден-соолугуна жана эмгектенисүүнө тосколдуктарын жоопкерчилигине алууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана бекитилген келишимдин негизинде өзүнүн милдеттерин аткарууга;
- Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине социалдык жактан колдоо көрсөтүү.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде тиешелүү органдарга отчет, белгиленген тартипте салыктарды төлөөгө, эсептерди өз убагында өткөрүү.
Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, кызмат учурунда болгон иштерди, мамлекеттик кызматтык сырларды чыгарбай жашырууга милдеттүү.
4. Муниципалдык ишкананын мүлкү жана каржы булагы
4.1. Муниципалдык ишкананын материалдык-техникалык базасын, аларга бекитилип берилген иш жүргүзүлүүчү чарбасы, негизги өндүрүүчү фондусунун айлануу каражаты, материалдык баалулугу жана каржы булактары түзөт.
4.2. Муниципалдык ишкана максат кылган иштерди, берилген таршырмаларды аткарууга мүлктү колдонууга укуктуу.
4.3. Муниципалдык ишкана, чарбалык иштерди жүргүзүүгө түзүүчү бекитип берген мүлктөргө кожоюндук кылууга укуктуу.
4.4. Муниципалдык ишкананын негизги каражаттарын, жабдыктар, орнотуулар, аппаратура, унаа, акча каражаттары ж.б. мүлктөрдү түзөт.
4.5. Муниципалдык ишкананын каржы базасынын жайлуулугу башка эсептик булактардан да түзүлөт.
4.6. Муниципалдык ишкананын өздүк фондусу, айландыруучу каражаттары жана мүлктөрү, Достук айыл өкмөтүнүн чечими менен же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына туура келбеген жагдайда, соттун чечими менен гана алууга жол берилет.
5. Муниципалдык ишкананы башкаруу
5.1. Муниципалдык ишкананын башкы органы болуп түзүүчү саналат.
-Түзүүчүнүн компетенциясына муниципалдык ишкананы түзүү боюнча суроолор, Уставга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жана анын түзүлүшү же жоюлушу боюнча суроолор кирет.
5.2. Муниципалдык ишкананын күндөлүк ишин, ишкананын жетекчиси (мүдүрү) жетектейт.
5.3. Муниципалдык ишкананын жетекчисин ишке алуу жана иштен бошотуучусу Достук айылдык кеңешинин макулдугу менен жана Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзамдарынын негизинде мекеменин түзүүчүсүнөн аныкталат.
5.4. Муниципалдык ишканын жетекчиси ишеним кагазы жок эле, муниципалдык ишкананын атынан келишимдерди түзүүгө, анын ичинен эмгек келишимин, ишеним каттарды берүүгө, банктарда эсебин ачууга, каражаттарды бөлүштүрүүгө, бекитилген мыйзамдардын негизинде буйрук берип, буюрууга, кызматкерлерди ишке алууга жана материалдык колдоо көргөзүү укугуна ээ.
5.5. Муниципалдык ишкананын кызматкерлери, адистери кызматка алуусу жана иштен бошотулушу жетекчи аркылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмгек келишиминин негизинде жүргүзүлөт.
5.6. Муниципалдык ишкананын түзүмү жана штаттык бирдиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса Достук айылдык кеңеши тарабынан бекитилет.
5.7. Муниципалдык ишкананын жеке жана юридикалык жактардан бардык чарбалык иш чөйрөсүндө иштери келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
5.8. Муниципалдык ишкананын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кадр маселелерин чечүүгө, тартипти, эмгек төлөмдөрүнүн формасын жана ыкмасын уюштурууга, төлөнүүчү айлык акыга кошумча төлөмдү түзөт, сыйлоолорду аныктайт, иш күнүнүн жана жуманын улануусун, эмгек өргүүсүн жана эс алуу күндөрүн тартип боюнча берүүгө укуктуу.
5.9. Муниципалдык ишкананын каржы жана материалдык активдери муниципалдык ишкананын түзүүчүсүнүн муниципалдык мүлкү болуп саналат.
6. Муниципалдык ишкананын эсеби жана отчету
6.1. Муниципалдык ишканада түзүүчү тарабынан иштелип чыккан Достук айылдык кеңеши бекитип берген иш планынын негизинде иш жүргүзүлөт.
6.2. Муниципалдык ишкана аткарган иштеринин жыйынтыктарын бухгалтердик эсеби менен жүргүзөт жана статистикалык отчетун Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзамдарынын негизинде тапшырат.
- Керектелүүчү оперативдик башкарууга жана жетектөөгө муниципалдык ишкананын түзүлүүсүнүн чарбалык чөйрөдөгү аткарган иштерин жыйынтыктайт жана маалымдайт.
- Норма жана нормативдик сметанын негизинде каражат колдонулган мүлктөрдүн жүрүүсүнө, эмгек жана каржы ресурстарынын чыгышын текшерүүнү камсыз кылат.
- Чарба ичиндеги каржы иштери боюнча туура эмес учурларды тезинен өз убагында чечүүгө, билдирүүгө милдеттүү.
6.3. Муниципалдык ишкананын ишин текшерүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын тиешелүү текшерүүчү органдары аркылуу ишке ашырылат.
7. Муниципалдык ишкананы кайрадан түзүү жана жоюу
7.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын негизинде муниципалдык ишкананы кайрадан түзүүсү жана жоюсу түзүүчүнун чечими менен, ошондой эле кокустук учурларда соттун чечими менен жүргүзүлөт.
7.2. Ишкананын жоюлусуна комиссия курамы активдерин баалап, дебитор, кредиторлор менен эсептешип, жоюлуучу балансын түзүп, ишкананын Түзүүчүнүн кароосуна жиберет.
7.3. Муниципалдык ишкана жоюлуп кеткен учурда иштен бошотулган кызматкерлерге компенсация төлөнүп берилет, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка жеңилдиктер жана кепилдиктер берилет.
7.4. Муниципалдык ишкананын түзүлүүсү же жоюлушу юридикалык жактан мамлекеттик реестрге катталгандан кийин гана түзүлдү же жоюлду деп эсептелинет.
7.5. Муниципалдык ишкана жоюлгандан кийин, анын тиешелүү жана тиешесиз мүлкү, укуктары жана милдеттери келип чыгуучу юридикалык жакка же түзүүчүгө биригүүгө өткөрүлүп берилүүчү актынын негизинде бөлгүч балансына ылайык берилет.
8. Жыйынтыктоочу жобо
8.1. Муниципалдык ишкананын Ушул Уставында көрсөтүлбөгөн маселелер Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарынын негизинде жөнгө салынат.
8.2. Ушул Уставдын чегиндеги муниципалдык ишкананын башчысы ыйгарым укугуна ылайык, чыгарылган буйруктар жана башка нормативдик укуктук актылары ушул Уставга майда карама - каршылыктар келип чыкса, ал учурда Устав юридикалык күчкө ээ болот.
8.3. Ушул Уставдын жоболорунун бири жараксыз болуп калса, анда ал башка жоболорго залал келтирбейт.