Загрузка документа…
КАРА АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-декабры №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү Жобону жана укук бузуулар боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерин кароо боюнча комиссиялары тууралуу 2018-жылдын 27-декабрдагы № 236 буйругу менен бекитилген Типтүү жобонун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Назановдун маалыматын угуп, талкуулап Кара-Алма айылдык Кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районундагы Кара-Алма айыл өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиялар жөнүндөгү Жобо бекитилсин. Тиркеме 3 барак.
2. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерин кароо жана протокол түзүү боюнча ыйгарым укук берилген кызмат адамдарынын комиссия курамы бекитилсин. Тиркеме 1 барак.
3. Бул токтом Кара-Алма айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялангандан күндөн тартып, күчүнө кирет .
Кара-Алма айылдык Кеңешинин төрагасы: | Сооронбаев К.К. |
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн
администрациясынын
“_____”____________ 2018-ж
№ ________ буйругу менен
бекитилген
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу
ТИПТҮҮ ЖОБО
1. Жалпы жоболор.
1. Ушул типтүү жобо айыл өкмөттө түзүлүп жана алардын ишинин тартибин аныктайт.
2. Комиссия жергиликтүү кенеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчү коллегалдуу орган болуп эсептелет.
3. Комиссия жөнүндө жобо, анын курамы жергиликтүү кенештин чечими менен бекитилет.
4. Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана ушул Жобону жетекчиликке алат. Ошондой эле ыйгарым укуктарга ээ.
5. Комиссия жыл сайын 15-январдан кеч эмес аткарган иштери боюнча жергиликтүү кенештин алдында отчет берет.
6. Комиссиянын ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
2. Комиссияны түзүүнүн жана анын ишмердүүлүгүн токтотуунун тартиби.
7. Комиссия так санда, 5-11 адамдан; комиссиянын төрагасы, орун басары, катчысы жана мүчөлөрүнүн курамынан түзүлөт.
8. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн 21 жашка толгон атайын орто жана жогорку билимдүү КР жараны комиссиянын мүчөсү боло алат.
9. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары жергиликтүү кенеш Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан тартып токтотулат.
10. Комиссиянын мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле;
- Комиссия мүчөсү өзү жазуу жүзүндө арыз берген учурда;
- Комиссия мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;
- Комиссиянын мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;
- Комиссия мүчөсү болуп эсептелген адам намысты жана кадыр-баркты кетирүүчү жосун жасаган учурда;
- Комиссия мүчөсү Кыргыз Республикасынан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;
- жергиликтүү кенештин депутаты катары ыйгарым укук-нын мөөнөтү аяктаганда;
- жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра чакырып алганда токтотулат.
11.Комиссиянын ыйгарым укуктарын талаптагыдай эмес аткарганда жергиликтүү кенештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
12. Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн кеч эмес түзүлөт.
3. Комиссиянын ишинин тартиби.
12. Комиссиянын ыйгарым уккутары Кодексте аныкталган.
13. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт. Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдардын түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
14. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган тартипте карайт.
15. Комиссия чечимди аныктама же токтом түрүндө чыгарат.
16. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгып, төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:
1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө
2) айып пул салуу жана туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси)
17. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби,анын чаралары жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун тартиби Кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
4. Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери.
18. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасы уюштурат.
19. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
20. Комиссиянын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү;
- Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин материалдары менен таанышууга,
- бузуу жөнүндө иштер боюнча иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга,
- Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш берүүгө катышууга,
Төмөнкүлөргө укуктуу:
- бузуу жөнүндө иштерге катышып жатан адамдарга суроолорду берүүгө,
- бузуу жөнүндө иштер боюнча кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча сунуштарды кийирүүгө,
21. Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;
- Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу жана күн тартибин бекитүү,
22. Комиссиянын төрагасы,Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- өз компетенциясынын чегинде Комиссиянын атынан ишеним катсыз аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен болгонмамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө,
- Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча тапшырмаларды берүүгө,
- Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.
23. Комиссиянын төрагасынын орун басары жана катчысы комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен сырткары;
- бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала даярдоону уюштурат жана ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.
- өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында ишке ашырат,
- Комиссиянын төрагасынын апшырмаларын аткарат,
- келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү, арыздарды жана бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн кабарларды кабыл алат жана каттайт.
- бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорду жана аныктамаларды ушул Жобонун жана Кодекстин талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат,
- Комиссиянын отурумдарынын протоколдорун, токтомдорун жүргүзөт жана тариздейт, аларга кол коет.
- аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү адамдарга блгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат.
- Эгерде комиссия мүчөлөрү бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдын тууганы болсо, иштин чечилишине тике же кыйыр кызыкдар болсо, анда бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.
5. Кабыл алынган иш кагаздарын жүргүзүү
24. Иш кагаздарын жүргүзүүдө жалпы жетекчилик, Комиссиянын төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн жоопкерчилик тартат.
25. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында жана так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын катчысы тартат.
26. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламаны адресатка өз убагында жеткирүү камсыз кылынышы зарыл.
Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын айырма бөлүгү ишке тигилет.
27. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам салынган айып пулду ыктыярдуу төлөөгө макулдугун билдирип айып пул дүмүрчөгүнүн биринчи нускасына кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга берилет.
28. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, тартиби менен топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:
- бузуулар ж-дө протоколдор жана ишке байланыштуу башка материалдар
- отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде жайгаштырылган бардык документтер.
- белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу,
29. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын келип түшүшүн казначылыктын бөлүмү менен салыштырып текшерип турат.
30. Комиссия төмөнкүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат:
- бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу,
- айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы,
-бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга жиберилген кабарламаларды эсепке алуу журналы.
31. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр басылган болууга тийиш. Журналдарды сактоо мөөнөтү 5 жыл.Мөөнөтү бүткөндөн кийин архивге тапшырылат.
№ 1-тиркеме
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн
администрациясынын
“_____”____________ 2018-ж
№ ________ буйругу менен
бекитилген
Бузуулар жөнүндө протокол түзүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын ТИЗМЕСИ
К.Алимжанов –Урумбаш а-н айыл башчысы – комиссиянын төрагасы
М.Турусбекова – аялдар кенешинин төрайымы – комиссия катчысы
Ж.Таштанбеков – Орток а-н айыл башчысы – комиссиянын мүчөсү
М.Исабеков – жаштар кенешинин төрагасы – комиссиянын мүчөсү
Ч.Анаркулов – аксакалдар кенешинин төрагасы – комиссия мүчөсү