Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-майы 32/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесинин стандарттарын бекитүү жөнүндө
Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүү арттыруу,жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө","Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кызмат көрсөтүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын негизинде Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин жана көргөзүлгөн кызматтардын стандарттары бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Дѳбѳлү айыл аймагынын жоопту катчысына милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Дөбөлү айылдык кеңешинин торагасына милдеттендирилсин.
Тѳрага: | Уланбек уулу Жолдошбе |
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин
ХХVII-чакырылышынын кезексиз 32- сессиясынын
2019-жылдын 22-май 32/3 токтомуна тиркеме
Кошумча кызматтардын тизмеси
№ | Кызмат көрсөтүүлөрдүн аталышы | Кызмат көрсөтүүлөрүн стандартташ тырууга жооптуу органдардын аты | Муниципал дык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучунун аты | Кызмат көрсөтүүнүн шарттары (акылуулук же акысыз дык) |
1. | Жарым жана тоголок жетим балдарга жылына бир жолу "балдар күнүнө" карата материалдык жардам менен камсыздоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
2. | Аз камсыздалган, жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алуу жайларга жолдомолор менен камсыздандыруу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
3. | Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
4. | Афган согушунун ардагерлерине материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
5. | Баткен согушунун катышуучуларына материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
6. | ДМЧЖ, улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү. | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
7. | Ден-соолугунан мумкунчулугу чектелуу балдарга материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
8. | Аз камсыз жалгыз бой кары адамдарга, материалдык жардам көрсөтүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
9. | Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө сөөк койууда отун жагынан жана башка жардамдарды берүү | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
10. | Көп балалуу жалгыз бой энелерге материалдык жардам корсотуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
11. | Спорттук беттештердин жана мектеп олимпиадаларынын катышуучуларынын транспорттук чыгымдарын каржылоо | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
12. | Тоголок жетим балдарга мектеп формасы менен камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | акысыз |
13. | Мектеп окуучуларын коомдук транспорт меен камсыз кылуу | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт |
|
Тѳрага: | Уланбек уулу Жолдошбе |