Загрузка документа…
СУУ БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-июлу №27
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Кызмат көрсөтүү борборунун Жобосунун долбоорун талкуулап, депутаттардан түшкөн сын-пикир , сунуштарын эске алып , Суу-Башы айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 17-пунктуна таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы Кызмат көрсөтүү борборунун Жобосу тиркемедеги редакцияга ылайык беитилсин.
2. Суу-Башы айыл өкмөтү Кызмат көрсөтүү борборунун иштеши үчүн жарактуу жана ошого ылайыкталган өзүнчө жайды бөлүп берип, калкты кабыл алууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурсун.
3.Ушул токтомду жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кеңештин Укук тартип жана мыйзамдуулук боюнча комиссиясынын
төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага: | Р. Артыкбаев |
«БЕКИТИЛДИ»
Баткен областынын Баткен районунун
Суу-Башы айылдык кеңешинин
_____ чакырылышынын кезектеги_________
сессиясынын 20__ -жылдын ____ __________
№ ____токтому
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн алдындагы
Кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. ККБнын түзүүнүн максатары жана милдеттери
3. ККБнын уюштуруу ишмердиги
4. ККБда маалыматтык - сурап билүүнү камсыздоо
5. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
6. Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
7. Кошумча кызматтар
8. ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп айыл өкмөттөргө караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчу борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат.
«Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы №01-18/38 буйругу менен бекитилген ККБнун типтүү жобосуна ылайык иштелип чыккан.
1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.
1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.
ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери
2.1. Борбордун түзүү максаты болуп, жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду (балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысын кыскартуу, коррупциялык механизмдерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды түзүү эсептелет.
2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн уюштуруунун астында кайрылуучу субөектилердин кайрылуу санын минималдык өлчөмдө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;
б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;
в) ККБнын жооптуу өкүлү (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;
г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана ооз эки кайрылууларын же сунуштарын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммуналдык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун негизинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт;
д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомстволук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кызматташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу.
3. ККБнын уюштуруу ишмердиги
ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн имаратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, компьютерлер, принтерлер, маалыматтык стендтер, TV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүккө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.
ККБда белгиленген графиги боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары райондо жайгашкан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан калкка маанилүүрөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүүчү келишимди, кайрылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.
Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ. Кабыл алууга баш тартуу мүмкүн эмес.
Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмөлөргө жайгаштырууну жана жарыяланууну ККБ камсыздайт.
ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көрнөк) менен жабдылат:
а) иш режими жөнүндө;
б) телефондор жана даректер, анын ичинде –мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилеринин жана адистеринин электрондук почта даректери;
в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн шартын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-феврылындагы № 80 токтому менен бекитилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.
Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтык стенддерге жана жарыктандырылуучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматык-коммуникативдик технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ММКтарды кеңири колдонуу зарыл.
4. Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык сурап билүүнү камсыздоо
4.1. Маалымат такталары муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсылдалышы керек, атап айтканда:
а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;
б) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу же мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;
в) көбүрөөк берилген суроолор жана аларга жооптор (1 айда 1 жолудан жаныланып туруусу зарыл);
г) Муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок схемалар жана графикалык сүрөттөр;
д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм, текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;
е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;
ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда муниципиалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүргүзгөн кызматкерлердин телефондору.
4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:
а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;
б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;
в) кызмат көрсөтүү процесстери.
Маалыматтар ар дайым жарык көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарык көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субөектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:
а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшерет жана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;
б) Кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерди жеткирүүнү уюштурат, анан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүсүн уюштурат;
в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана документтердин пакетин берет;
г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арыз берүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдоо көрсөтөт.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары:
а) тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда, арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип алуудан баш тартат;
б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат: эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомстволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.
ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери белгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:
а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу үчүн зарыл болгон учурда, ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;
б) Келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык, кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөөлүү баш тартат.
в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ошол эле учурда электрондук түрдөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
г) ККБга даярдалган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;
д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнү толук камсыздайт.
Документтерди кароо жана берүү ведомстволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.
Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги
Айыл өкмөт башчысы ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.
Айыл өкмөт башчысы ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты жергиликтүү кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.
7.Кошумча кызматтар
7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субөекттердин убактысын чыгымдарын жана материалдык чыгымдарын төмөндөтүү камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субөектилер менен кошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.
7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.
ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу
8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жаамат менен бирге жүргүзөт.
8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мониторингдөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.
8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.
Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы: | А.К.Сыдыков |