Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №6
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кенешинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын аялдар кеӊешинин кайрылуусун Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кенешинин Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кеӊешине бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүүнү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
30-сентябрь 2019-жылдагы кезексиз XVII сессиясынын 6-токтомуна
1-тиркеме
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кенешинин
Жобосу
Жалпы жобо.
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аялдар коомдук-консультативдик кенеши (мындан ары Аялдар кеӊеши) Жалал-Абад шаардык мэриясынын жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу органдары менен тыгыз байланышта иш алып баруучу ыктыярдуу, өздүк башкаруудагы, коммерциялык эмес, коомдук башталгычтагы уюм болуп саналып, калктын шаар аймагындагы аялдар уюмдары менен болгон ишмердүүлүгүн камсыздайт.
Аялдар кенеши:
-аялдарды коомдук иштерге тартууга;
-аялдардын, энелик жана балалыктын негизги адам эркиндиги жана укуктары менен биргеликте кызыкчылыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын укуктук-ченемдик актыларынын талаптарынын негизинде коргоого, социалдык коргоого муктаж болгон кыз – келиндерге жана аярлуу үй бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн эффективдүү механизимдерин иштеп чыгууга;
- аялдардын шаардын коомдук-саясий, социалдык-маданий турмушундагы ролун жогорулатууга;
-аялдардын жана балдардын ден соолугун коргоону камсыздоого;
-аялдар тарабынан энелик жана үй бүлөлүк милдеттерин ийгиликтүү аткарууга;
-үй бүлөлөрдү коргоону камсыздоо, балдарга, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, пенсионерлерге жардам көрсөтүүгө көмөк көрсөтөт;
Шаардык аялдар кеңеши өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн ыктыярдуулук, теңчилик, өзүн - өзү башкаруу, ачыктык жана мыйзамдуулук принциптерине жана шаардык мэриянын социалдык программаларына ылайык негиздейт;
Коомдук башталычтагы уюмдун негизги жумушчу формасы болуп, анын отуруму эсептелет. Биринчи отурумду шаардын социалдык маселелер боюнча вице-мэри ачып, төрайым шайлангандан кийин отурумдун төрагалык кылуусун жаӊы шайланган төрайымга өткөрүп берет.
Аялдар кенешинин чечимдери сунуш иретиндеги мүнөздө болот.
Аялдар кенеши «Эгер биз болбосок ким шаар турмушун таза, жарык, боорукер болууга үйрөтөт» деген ураандын астында иштейт.
Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын 18 жашка толгон активдүү өкүлдөрү жашына, билимине, социалдык абалына карабастан Аялдар кенешинин мүчөсү боло алат.
Ишмердүүлүктүн негизги максаттары:
-жеке адамдардын жана үй бүлө мамилелерин гармондоштуруу;
-үй бүлө статусун бекемдөө;
- үй бүлө мүчөлөрүнүн чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү;
- аялдардын коомдук иштерге активдүү катышуусуна жагымдуу шарттарды түзүү;
-жаш үй бүлөлөргө тарбия-таалим берүү, кыз-келиндерди ыймандуулука үйрөтүү;
Коомдук уюмдун ишмердүүлүгүнүн тапшырмалары
-аялдарды коомдук иштерге активдүү тартуу;
-көп балалуу үй бүлөлөргө, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кары-картаңдарга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүү;
-үй бүлө байлыктарын, сейрек жашоону, руханий байлыкты жайылтуу;
-жаштарды адептүүлүккө тарбиялоо;
-үй бүлөнү бекемдөө, балдар укугун коргоо;
-улгайган адамдарга жардам көрсөтүү, алардын эс алуусун уюштуруу;
Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу аялдар кенешинин мүчөлөрүнүн милдеттери, алардын ишмердүүлүгүнүн компетенциясы.
Шаардык аялдар кенешинин мүчөлөрү төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
- руханий байлыктарды жандандырууга, маданий мурастарды жана каада-салттарды сактоого көмөк көрсөтүү, ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык майрамдарды уюштурууга жана өткөрүүгө жардам көрсөтүүгө, аларга катышууга;
-социалдык жана башка мекемелерге жардам көрсөтүү;
-аялдардын жана үй бүлөлөрдүн кызыкчылыгына, аялдар жана балдар укугун коргоого, тиешелүү каттарды жана ооз эки кайрылууларды кароого;
-социалдык тапшырмаларды аткарууда демөөрчүлөрдү тартууга, жергиликтүү бюджеттен акча каражатын суроого;
-шаардын аялдарынын укугун жана кызыкчылыгын камтыган социалдык маселелерди чечүүгө Жалал-Абад шаарынын коомчулугунун, мамлекеттик уюмдардын жана башка социалдык институттардын көңүлүн тартууга;
Аялдар кенешинин мүчөлөрүнүн ишмердүүлүк компетенциясына ошондой эле:
- Аялдар кенешинин Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана кошумча сунуштарды киргизүүгө;
-төрайымды жана орун басарын шайлоого;
- аталган уюмдун ар кандай ишмердүүлүгүн ишке ашыруу, бардык маселелерин чечүү;
Катталган иш кагаздары:
-аялдар кенешинин иш планы;
-аялдар кенешинин отурумдарынын протоколдору;
-уюм мүчөлөрүнүн тизмелери;
-аткарган иштер боюнча отчет;
Жалал-Абад шаардык аялдар кенешинин мүчөлөрүнүн укуктары.
Аялдар кенешинин мүчөлөрү төмөнкү укуктарга ээ:
- шаар аялдарын коомдук иштерге тартуу, көргөзмө, концерт, кызыкчылыгына жараша кружокторго, семинарларга жана башка муниципалдык иш чараларга камтуу;
-ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
-Жалал-Абад шаардык аялдар кенешинин кайрымдуулук иштерине катышуу;
-ар кандай талкулануучу маселелерде өз оюн эркин билдирүү;
-уюмдун компетенциясына кирген маселелерге көзөмөл жүргүзүү;
-өз мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүдө жергиликтүү шарттарды эсепке алуу менен өз ишмердүүлүгүнүн түрүн жана усулдарын аныктоо;
- кеп-кенештерди алуу үчүн адистерди тартуу;
-аялдар кенеши алардын Жалал-Абад шаарында аялдардын,үй бүлөнүн жана баланын абалын жакшыртуу боюнча коюлган маселелерин мэрия тарабынан көнүл буруп каралышы менен эсептешүүгө укуктуу жана аларды мыйзамдуу тартипте жергиликтүү укуктук-ченемдик актыларга ылайык аткарууга сунуштайт;
Аялдар кенешинин төрайымы.
Аялдар кенешинин төрайымы жана анын орун басары кенештин мүчөлөрүнүн арасынан 3 жылдык мөөнөткө көпчүлүк добуш менен шайланат, кенештин төрайымы, ал жокто анын орун басары:
–Жалал-Абад шаарынын мэриясында жана башка коомдук уюмдарда жана Жалал-Абад шаарынын субъектилеринде аялдардын кызыкчылыгын жактайт;
-бекитилген иш пландардын негизинде коомдук уюмдун ишмердүүлүгүн жүргүзөт;
-аялдар кенешинин отурумун алып барат;
-уюмдун ишмердүүлүгүнүн отчетун түзөт.
- уюмдун ишмердүүлүгү жөнүндө калкка маалымат берүү укугу бар;
Жыйынтыктоочу жоболор.
Шаардык аялдар кенеши өз ишин аялдар кенешинин отурумунда бекитилген жана толукталган иш пландарына ылайык жүргүзөт.
Аялдар кенеши өз ишмердүүлүгү жөнүндө муниципалдык орган аркылуу калкка маалымат берип турат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |