Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №7
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу “Үй бүлөгө жана балдарга жардам берүү” Кайрымдуулук борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.07.2019-жылдашы чыг.№ 05-10/1785-45- катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 62-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу “Үй бүлөгө жана балдарга жардам берүү” Кайрымдуулук борборунун Жобосу №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына бекитилген Жобонун негизинде иш жүргүзүүнү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
30-сентябрь 2019-жылдагы кезексиз XVII сессиясынын 7-токтомуна
1-тиркеме
Жалпы жоболор
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Жалал-Абад» Кайрымдуулук
борбору, (мындан ары – «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам беруу» Кайрымдуулук борбору) Жалал-Абад шаарынын аймагында калктын аярлуу жана аз камсыз болгон катмарларын аныктоо, коргоо, социалдык абалын жакшыртуу жана кайрымдуулук иштерин өнүктүрүү менен материалдык жардам көрсөтүү жана даталуу күндөрдү өткөрүү, ошондой эле - зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарга жана үй- бүлөлөргө укуктук, социалдык жана психологиялык тез жардам көрсөтүү, балдарга карата ырайымсыз мамиленин алдын алуу, ата-энелерге, алардын ордун басуучуларга, балдарды асырап алуучуларга оң тараптуу (позитивдүү) тарбиялоо нормалары боюнча атайын окуутуларды жүргүзүү укугуна ээ ЖалалАбад шаарынын мэриясына караштуу социалдык мекеме болуп эсептелет.
1.2. «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борбору (мындан ары-кайрымдуулук борбор)
1.2. Жобого ылайык шаардын аймагындагы зордук–зомбулуктан, ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан, турмуштук оор кырдалга кабылган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жашы жете элек өспүрүмдөр, балдар жана аялдарга күндүзгү убактылуу туруучу жайы болуп (мындан ары борбор), ички ишмердүүлүгүнө ылайык социалдык кызматты кабыл алган жарандардын рассасына, улутуна, динине, тилине, жынысына, ата-тегине, карабастан бир күн ичинде көрсөтүлүүчү кызматтын көлөмүн, коюлуучу талапты жана кызматты токтотулушун шарттайт.
1.3. Жалал-Абад шаардык «Үй-бүлөгө жана баладарга жардам беруу» Кайрымдуулук борбордун юрисдикциясында шаардын аймагындагы зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жабыр тарткан, турмуштук оор кырдаалга кабылган Үй-бүлөлөр, жашы жете элек өспүрүмдөр, балдар жана аялдар убактылуу кабыл алынат.
1.4. Кайрымдуулук борбор Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан чектелбеген мөөнөткө түзүлөт.
1.5. Кайрымдуулук борбор уюштуруу-укуктук формасы "Мекеме".
1.6. Кайрымдуулук борбор өз алдынча юридикалык статуска ээ жана юридикалык жак болуп саналат.
1.7. Жалал-Абад шаарынын мэриясы мекеменин милдеттемелери үчүн, мекеме Жалал-Абад шаарынын мэриясынын милдеттемелери үчүн жооп бербейт.
1.8. Кайрымдуулук борбордун банктык мекемелерде өз алдынча балансы, өздүк эсептери, мыйзамда белгиленген тартипте башка каржылык эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн тегерек мөөрү, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталыштары, штамптары жана башка кабыл алынган реквизиттери, официалдуу атрибуттары бар жана сотто доогер жана жоопкер катары өз алдынча чыга алат.
1.9. Кайрымдуулук борбордун менчигине мүлктөр ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү укугун берүү негизинде жана келишимдик негизде бекитилип берилет жана ишкана өз алдынча мүлккө жана каражаттарга ээ боло алат.
1.10. Кайрымдуулук борбордун жүргүзгөн иш-аракеттери боюнча жана иш кагаздарынын мыйзамдуулугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп берет.
1.11. Кайрымдуулук борбор өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө жана Балдар Кодексине, Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон жана мыйзамда аныкталган тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн, Жалал-Абад шаардык Кеңешинин, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечимдерине жана ушул жобого ылайык иш алып барат.
1.12. Кайрымдуулук борбор иш кагаздарын мамлекеттик тилде, зарыл болгон учурда расмий тилде жүргүзөт.
1.13. Кайрымдуулук борбор ишмердүүлүгү боюнча түзүүчү катары Жалал-Абад шаарынын мэриясына отчет берет.
1.14. Жалал-Абад шаарынын мэриясы мекеменин иш-аракетин көзөмөлдөйт.
1.15. Кайрымдуулук борбордун толук фирмалык аталышы:
мамлекеттик тилде: Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борбору.
расмий тилде: Центр милосердия “Помощь семье и детям” при мэрии города Жалал-Абад .
1.16. Кайрымдуулук борбор Жалал-Абад шаарынын адилет башкармалыгында 1997-жылы 24-октябрда № 3833303 каттоолук күбөлүгү менен катталган муниципалдык мекеме Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу, “Жалал-Абад” Кайрымдуулук борбору деп аталып чарбалык мекемесинин мураскери болуп эсептелет. Бардык укуктар жана аткарылуучу милдеттер жаңы түзүлгөн «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборуна, ишканасына өткөрүлөт.
1.17. Кайрымдуулук борборун уюштуруучусу Жалал-Абад шаарынын Мэриясы
1.18. Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын каттоо номери №.......
1.19. ИНН............ ИУЖК...............
1.20. Жалал-Абад шаарынын Мэриясынын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Жалал-Абад шаары, Ж.Бакиев кочосу №38
1.21. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы Жалал-абад облусу, Жалал-Абад шаары, Исакулов кочосу №3
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборунун негизги максаты, укуктары, функционалдуу милдеттери.
2.1. Борбордун максаты төмөнкүлөр:
-
- Калктын аярлуу катмарларын аныктоо жана коргоо;
- Калктын аз камсыз болгон катмарынын социалдык абалын жакшыртуу;
- Жашоочулардын арасында толук кандуу жашоо абалын түзүү;
- Массалык маалымат каражаттары аркылуу мамлекеттик жана коммерциялык
тармактардын, коомдук уюмдардын көнүлүн аз камсыз болгондордун, муктаж адамдардын көйгөйүн буруу;
- Кайрымдуулук иштерин өнүктүрүү;
- Зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан үй-бүлөгө жана балдарга проффилактикалык жана реабилитациялык кызмат көрсөтүү.
- Калктын аярлуу катмарларын кызмат кылууга багытталган ашкана, чач-тарач, кир
жуучу жай, арзандатылган дүкөн, жеңилдетилген тейлөө кызматтарын жана медициналык кабинеттерди уюштурат;
- Даталуу күндөрдү ( ардагерлер күнү, майыптар күнү, балдарды коргоо күнү ж.б)
уюштуруп өткөрүү;
- Аялдардын үй шартында иштөөгө шарт түзүү;
- Шаар калкынын аз камсыз болгон катмарына ар кандай кайрымдуулук иштерин жасоо
менен материалдык жардам көрсөтүү;
- Кол өнөрчүлүк иштерин уюштуруу жана өндүрүү.
2.2. Борбордун укуктары:
2.2.1. Өзунун жобосундагы тапшырмасын иш жүзүнө ашырууда зарыл болгон төмөнкү кызматтардын баардыгын аткарууга укуктуу:
-Менчиктин түрүнө, ээлигине карабастан юридикалык жана жеке жак менен бартердик келишим түзүүгө;
-борбордун кызматкерлерин жумушка алууга, дайындоого, бошотууга мүлккө ээ болууга, колдонууга жана башкарууга;
-кредиттик мекемелерден (банктардан) эсеп ачууга жана аны улуттук жана чет элдик акчалар менен колдонууга;
-Кыргыз Республикасынын аймагында ошондой эле чет жер менен кат алмашууга, жазууга, телефон аркылуу юридикалык, жеке жактар менен байланышууга;
-Кайрымдуулук борбордун ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдө пайдалануу үчүн жеке жана юридикалык жактардан жана ошондой эле чет элдик тараптардан да ыктыярдуу акчалай жана башка
взносторду, белектерди алат жана Борбордун жобосуна ылайык максаттуу пайдаланат.
-ар кандай кайрымдуулук иш чараларды өткөрүү аркылуу каражат топтой алат.
-мекеменин чарбалык өндүрүүдөгү ишке ашкан кирешесин бөлүштүрүүгө;
-кайрымдуулук чаралардан түшкөн каражаттарды сарптоого;
-мекеменин жобосуна каршы болбогон башка жактан түшкөн каражаттарды пайдаланууга.
2.2.2. Зордук-зомбулукка дуушар болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды ар тараптуу колдоого, жана мэриянын туруктуу комиссияларынын ишмердүүлүгүн уюштуруу маселелерине, багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз милдеттерин аткаруу үчүн керектүү болгон иш кагаздарды, тактамаларды, эсептерди жана башка маалыматтарды мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынан, чарбалык субьектерден жана тиешелүү кызмат адамдарынан суратып алууга;
-зордук-зомбулукка дуушар болгон үй-бүлөлөрдүн жана балдардын көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүгө;
-мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, менчиктин ар кандай формасындагы ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге борбордун ишмердүүлүгүнө тиешелүү маселелер боюнча кайрылууга;
-мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бөлүнүүчү каражаттардын эсебинен, зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарды жана үй-бүлөлөрдү, даректүү социалдык коргоо багытындагы уюштуруу иштерине катышууга;
-балдардын укугун коргоо чөйрөсүндө, ыйгарым укуктуу мекемелер, кызыкдар болгон жактар менен иш тажырыйбасы, усулдук иштери менен тажырыйба алмашууга;
-балдар чөйрөсүндө тиешелүү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларыны долбоорлоруна белгиленген тартипте сунуштарды берүүгө;
-зордук-зомбулукка кабылган балдар тууралуу кабардар болгон учурда, укук коргоо органдарына жана аймактык ыйгарым укуктуу органдарга кайрылууга жана балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатында тиешелүү чараларды көрүүгө;
-борбордун материалдык-техникалык базасын чындоо инфраструктураны жакшыртуу, жаңы технологияларды колдонуу үчүн инвестицияларды тартууга.
2.3. Борбордун функциялары
2.3.1. Кайрымдуулук борбор төмөндөгү функцияларды аткарат:
-Ар турдуу кайрымдуулук иш чараларды өткөрүү;
-Аярлуу катмарларга жана аз камсыз болгондорго жеңилдик шартын түзүү.
-Мыйзамга каршы болбогон, жобонун негизинде максатка жетүү жана иш жүзүнө ашыруу;
-Адамгерчиликти талап кылып калтын муктаждыктарына социалдык жактан коргоо жана адамдын кадыр баркын сактоо боюнча иш алып баруу.
-жашы жете элек балдарга укуктук, психологиялык, социалдык жардам көрсөтөт;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарды коргоонун жаны формаларын, каражаттарын жана усулдарын тандайт жана колдонот:
-зордук-зомбулукка кабылган балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында ведомтсволук баш ийүүсүнө, укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдар менен иш алып барат;
-балдардын укугун коргогон ыйгарым укуктуу органдарга, укук коргоо органдарына, билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелерине, жергиликтүү аймактык башкармачылыктарга, ата-энелерге, ата-энелердин ордун алмаштыргандарга зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдар боюнча иш алып барууда практикалык жардамдарды уюштурат;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдардын иштери боюнча шаардык комиссиянын ишине жана балдар менен иштеген мультидисциплинардык мобилдик топтордун ишине катышат;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдардын социалдык статусун калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт;
-үй-бүлөдөгү, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү мекемелеринде болгон конфликттик кырдаалдарды талдоого жана анализ жүргүзүүгө катышат;
- ата-энелерди, алардын ордун алмаштыргандарды, баланы асыроочуларды окутуунун формаларын, каражаттарын, усулдарын тандайт;
-Жалал-Абад шаарынын мэриясы, Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы менен биргеликте эл аралык уюмдар менен байланыш түзөт жана кызматташат;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарга профилактикалык (алдын алуу) жана реабилитациялык кызмат көрсөтөт;
-зордук-зомбулукка дуушар болгон балдарга реабилитациялоодон ийгиликтүү өтүү үчүн керектүү болгон шарттарды түзүп берет;
-ата-энелердин, алардын ордун алмаштыргандардын, баланы асыроочулардын арасында позитивдүү тарбиянын ыкмалары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, атайын окууларды уюштурат берет;
-Кайрымдуулук борбордо катталган балдарга байланыштуу социалдык-психологиялык, реабилитациялык иш-чараларды реализациялайт;
-Кайрымдуулук борбордо катталган балдардын борбордун имаратында жүргөн учурунда психологиялык жана социалдык коопсуздугун камсыздайт;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдардын укугун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча тергөө иштерине катышат;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдарды жана баланын үй-бүлөсүн колдоо максатында комплекстүү реаблитациялоо системасына катышат;
-Кайрымдуулук борбордун ишмердүүлүгү тууралуу коомчулукка маалымат берет;
-зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыр тарткан балдардын көйгөйлөрү боюнча илимий изденүүчүлөргө көмөк көрсөтөт жана бул багытта тиешелүү иштерди алып барат;
-зордук-зомбулуктан жабыр тарткан балдар менен иштөөнүн жаңы формаларын, ыкмаларын жана усулдарын киргизет;
-балдарды зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен коргоо боюнча тегерек стол, конференция, семинар жана башка иш-чараларды өткөрөт.
2.3.2. Ар кандай саясий ишмердүүлүктүн түрлөрүнө жана формаларына, диний уюмдарга, кыймылдарга борбордун ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
2.4. Борбордун негизги милдеттери
-шаардын аймагындагы зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамилелерден жабыр тарткан, турмуштук оор кырдаалга кабылган жашы жете элек өспүрүмдөр, балдар жана аялдарды борборго жайгаштыруу үчүн шаардык ички иштер, билим берүү бөлүмдөрү, шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору менен биргеликте иш аракеттерди жүргүзүүгө жана кабыл алууга;
-Кайрымдуулук борбордун ички тартибине ылайык жашы жете элек өспүрүмдөр, балдар жана аялдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымдоого;
-Кайрымдуулук борборго кабыл алынган, туруктуу үйү жок шаардын тургундарына (жарандарга), керебет, жатуучу төшөнчү жууркандар, жеке гигиеналык предметтер, зарыл учурда ички кийимдер менен камсыздоого, бир жолу ысык тамак-аш берүүгө;
-Кайрымдуулук борборго кабыл алынган жарандарга моралдык-психологиялык жагымдуу жагдай түзүү менен алардын коопсуздугун камсыздоого;
-жарандардын ден соолугун чындоо жана калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон учурда ар тараптуу иш аракеттерин көрсөтүүгө;
-Кайрымдуулук борборго жашы жете элек өспүрүмдөр, балдар жана аялдарды кабыл алууда өздүгүн тастыктоочу тиешелүү документтерди талап кылууга;
-Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын токтомун аткарууга;
-баланы коргоо боюнча жекече планын иштеп чыгууга;
-үй-бүлө менен иштөөнүн жекече планынын түзүүгө
-Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына борбордун тиешелүү кызматкерлери мүчө болууга.
-жашы жете элек (18жашка чейинки) балдарга укуктук, психологиялык, социалдык жардам көрсөтүүгө;
-зордук-зомбулукка кабылган аялдарга укуктук жардам көрсөтүү;
-зордук-зомбулуктан, ырайымсыз мамиле жасоодон жабыркаган балдардын мыйзамдуу укуктары жана кызыкчылыктары боюнча тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин борборго каттоого алуу;
- Калкка, анын ичинде балдарга жана жаштарга консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү;
-Кайрымдуулук борборго катталган балдарды комплекстүү реабилитациялоодон өткөрүү.
-ата-энелерди, камкорчуларды, балдарды асырап алуучуларды балдарды позитивдүү тарбиянын ыкмаларына ылайык тарбиялоо боюнча окутуу;
-баланы үй-бүлөдөн ажыратуунун алдыналуу, профилактикалоо боюнча тармактараралык өз аракеттенүү, ата-энелерге, камкорчуларга, баланы асыроочуларга позитивдүү тарбиянын ыкмаларына ылайык тарбиялоо боюнча окууларды уюштуруу, балдарга карата зордук-зомбулук фактыларын ачып көрсөтүү үчүн зордук-зомбулуктан жана ырайымсыз мамиледен жабыркаган балдар менен иш алып барууну уюштуруу, укуктук, маалыматтык-аналитикалык маселелерди чечүүнү камсыз кылуу.
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборунун мулку жана каржылоо иш аракеттери.
3.1. Кайрымдуулук борборго чарбалык ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн уюштуруучу тарабынан өткөрүлүп берилген жана балансында турган каражаттар ишкананын мүлкү болуп эсептелет жана өткөрүлүп берилген мүлктү иреттөө, сактоо Кыргыз Республикасынын граждандык кодексине (230-берене) ылайык жүргүзүлөт.
3.2. Кайрымдуулук борборго оперативдүү башкарууга берилген мүлктөрдү жана каражаттарды сатууга, ижарага берүүгө жана күрөөгө коюуга жол берилбейт.
3.3. Кайрымдуулук борбордун ишмердүүлүгүн каржылоо булактарына төмөндөгүлөр кирет:
а) жергиликтүү бюджет;
б) эл аралык, коомдук, бей өкмөт уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан кайтарымсыз берилүүчү каражаттаржана атайын каражаттар;
в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан тыюу салынбаган башка кирешелер.
3.4. Кайрымдуулук борбор өзүнүн чарбалык иш-аракетинин жыйынтыктарын эсепке алууну, белгиленген тартипте бухгалтердик жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
3.5. Кайрымдуулук борбордун финансылык-чарбалык иш-аракетине көзөмөл Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан аныкталган компетенттүү органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
3.6. Эсеп жана каржылык отчеттун тууралыгына, аларды жүргүзүүнүн тартибинин сакталышына борбордун директору жана эсепчиси жеке жоопкерчиликтүү болот.
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборунун кызматкерлеринин эмгек мамилелери.
4.1. Кайрымдуулук борбордун кызматкерлерин ишке кабыл алуу, бошотуу жана аларга эмгек өргүүсүн берүү Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
4.2. Кайрымдуулук борбордун кызматкерлеринин иштөө режими, эс алуу мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
4.3. Ишкананын кызматкерлеринин укуктары жана иш милдеттери Кыргыз Республикасынын эмгек мамилелерин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик актылар, ушул жобо, ички чечимдер жана эмгек келишими менен аныкталат, ишкананын жетекчиси тарабынан бекитилет.
4.4. Бирдей көлөмдөгү жумушту аткарган кызматкерлерге түрдүү эмгек акы төлөөгө жол берилбейт жана эмгек келишимдеринде эмгек маянасын жана башка социалдык төлөмдөрдө төлөө шарттары жана суммасы көрсөтүлөт.
4.5. Кайрымдуулук борбордун кызматкерлер тарабынан зордук-зомбулукка туш болгон балдар жана үй-бүлөлөр тууралуу маалыматтарды коомчулукка жарыялоого жол берилбейт жана конфиденциалдуулукту сактабаган кызматкерлер мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
4.6. Кайрымдуулукборбордун мүлкүнө кызматкер тарабынан зыян келтирилген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кызматкер материалдык жоопкерчилик тартат.
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборун башкаруу органдары.
5.1. Кайрымдуулук борбордун башкы органы болуп анын уюштуруучусу –
Жалал-Абад шаарынын мэриясы эсептелет.
5.2. Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кенеши борбордун Жобосун бекитет жана ага зарыл болгон учурларда өзгөртүүлүрдү жана толуктоолорду киргизет.
5.3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- Кайрымдуулук борбордун жылдык иш планын бекитет жана ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жөнүндө жылдык отчетту кабыл алат;
- Кайрымдуулук борбордун ишмердүүлүгүн текшерүү чечимин кабыл алуу;
- Кайрымдуулук борбордун мүлкүнүн ырааттуу жана максаттуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү;
- Кайрымдуулук борборду кайра уюштуруу жана/же жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
- Кайрымдуулук борбордун директорун дайындоо жана бошотуу;
- Кайрымдуулук борбордун түзүмүн, штаттык бирдиктердин санын жана штаттык жадыбалын бекитүү;
- Кайрымдуулук борбордун ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка маселелерди чечүү.
5.4. Кайрымдуулук борбордун административдик башкаруучусу Кыргыз Республикасынын эмгек кодесинин талаптарына ылайык жогорку билимдүү, 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар жаран Жалал-Абад шаарынын мэри тарабынан түз дайындалуучу директор эсептелет.
5.4.1. Директордун компетенциясына төмөндөгүлөр кирет:
- борборго жалпы жетекчилик кылуу;
- ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде буйруктарды жана башка чечимдерди кабыл алуу;
- Кайрымдуулук борбордун атынан ишеним катсыз Кыргыз Республикасынын аймактарында, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, соттук процесстерде ишкананын кызыкчылыгын коргоо, керектүү учурларда ишкананын кызыкчылыгын коргоо үчүн мыйзамда бекитилген тартипте башка адамдарга ишеним кат берүү;
- Кайрымдуулук борборунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин, талаптарына ылайык келишимдик негизде кызматка дайындоо жана бошотуу;
- Кайрымдуулук борборунун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жаза берүү;
- Кайрымдуулук борбордун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитүү;
- Кайрымдуулук борбордун келечектүү жана учурдагы милдеттерин аныктоо;
- Кайрымдуулук борбордун жылдык бюджетинин долбоорлорун даярдоо жана Жалал-Абад шаарынын мэриясына сунуштоо;
- балдарды коргоо талаптарын эмгек жана техникалык коопсуздукту уюштуруу;
- зордук-зомбулуктан, мамиледен жапа чегүүдөн улам борборго кайрылган Үй-бүлө жана балдар боюнча маалыматтардын базага киргизилүүсүн, Үй-бүлөнүн жана балдардын укугун сот органдарында жана башка инстанцияларда корголушун уюштуруу;
- ата-энелерди, алардын ордун алмаштыргандарды, бала асырап алуучуларды позитивдүү тарбиянын көндүмдөрүнө окуутунун сапатын көзөмөлдөө;
- Кайрымдуулук борбордун атынан келишимдерди, контракттарды жана макулдашууларды түзүү.
5.4.2. Кайрымдуулук борбордо кабыл алынган бардык документтерге директор биринчи кол кою укугуна ээ.
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборунун штаттык бирдиги.
№ | Кызматтык орду | Сан бирдиги |
1. | Жетекчи | 1 |
| Башкы эсепчи | 1 |
| Жетектоочу адис | 1 |
| Казыначы | 1 |
| Кадр жана иш кагаз адиси-юрист | 1 |
| Психолог | 1 |
| Социалдык кызматкер | 1 |
| Чарба башчы | 1 |
| Ашпоз | 1 |
| Ашкана тазалыгы | 1 |
| Кароол | 3 |
| Тазалык сактоочу | 1 |
| Отукчу | 0,5 |
| Электрик | 0,5 |
| Чач-тарач | 0,5 |
Жалал-Абад шаардык мэриясына караштуу «Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү» Кайрымдуулук борборун жоюу жана кайрадан түзүү.
7.1. Кайрымдуулук борбордун ишмердигинин токтотулушу ал жоюлган учурда ишке
ашырылат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жоюлуу жана кайрадан түзүлүү жолу менен.
7.2 Кайрымдуулук борбордун ишмердигин жоюлуу жана кайрадан түзүү маселеси
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын чечими менен аткарылат.
7.3. Кайрымдуулук борборду кайра түзүү укугу жана милдети анын мураскерине
таандык.
7.4. Кайрымдуулук борбору жоюлган учурда орнотулган мыйзамдардын негизинде
Жалал-Абад шаарынын мэриясы жоюлуу боюнча комиссия түзөт.
7.5. Кайрымдуулук борбордун иш-аракетинин токтотулушу юридикалык жактардын мамлекеттик бирдиктүү реестрине жоюлгандыгы тууралуу тийиштүү маалымат киргизилгенден кийин иш-аракети токтотулган болуп эсептелет.
7.6. Кайрымдуулук борбор жоюлган учурда анын мүлкү мэриянын карамагына өтөт.
7.7. Кайрымдуулук борбор кайра түзүлгон же жоюлган учурда жумуштан бошотулган кызматкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде укуктары сакталат.
7.8. Ишкананын ишмердүүлүгүн жүргүзүү процессиндеги иш кагаздары жана
документтер, Кыргыз Республикасынын «Улуттук архивдик фонду жөнүндө» мыйзамынын негизинде аткарылат жана тийиштүү мекемелерде сакталат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |