Загрузка документа…
ЖАЛАЛ АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30 сентябры №11
Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин тарифтерин бекитүү жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын 26.06.2019-жылдагы чыгыш № 05-03/1715-катты шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусунун негизинде жана депутаттардын талкуусун негиз кылып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин тарифтери 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. «Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин жетекчисине (А.Тагаев) комплекстин ишмердүүлүгүнөн түшкөн каражатты мыйзам талаптарына ылайык пайдалануу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | А.Джолдошев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
30-сентябрь 2019-жылдагы
кезексиз XVII сессиясынын
11-токтомуна 1 тиркеме
«Жалал-Абад шаарынын ден соолукту чыӊдоо комплекси» муниципалдык мекемесинин жеке тараптарга көрсөтүүчү кызматтарынын тарифтери
№п/п | Спорттун түрүнүн аталышы | Өлчөө бирдиги | Тариф (сом) | Эскертүү |
| |
| ||||||
Жеке тараптарга көрсөтүүчү кызматтарынын тарифтери
|
| |||||
| Футбол (кичи аянт) | 1 саат | 1 200,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Волейбол (зал) | 1 саат | 1 200,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Баскетбол (зал) | 1 саат | 1 000,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Бокс (зал) | 1 саат | 1 000,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Борьба (зал) | 1 саат | 1 000,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Настольный теннис (зал) | 1 саат | 300,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Большой теннис (зал) | 1 саат | 1 000,0 | Табыштамага ылайык |
| |
| Дзюдо (зал) | 1 саат | 1 000,0 | Табыштамага ылайык |
| |
Балдарга жана өспүрүмдөргө машыгуу үчүн көрсөтүүчү кызматтардын тарифи
|
| |||||
| Футбол (кичи аянт) | 1 айга | 1 000,0 | Жумасына 3 жолу (дш., шр.,жм.) 2 саат 1700-1900 |
| |
| Волейбол (аянт) | 1 айга | 1 000,0 | Жумасына 3 жолу (шш., бш.,иш.) 2 саат 1700-1900 |
| |
| Бокс (зал) | 1 айга | 1 000,0 | Жумасына 3 жолу (дш., шр.,жм.) 2 саат 1700-1900 |
| |
| Самбо (зал татами) | 1 айга | 1 000,0 | Жумасына 3 жолу (шш., бш.,иш.) 2 саат 1700-1900 |
| |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин жооптуу катчысы: | Б.Беркбаева |