Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 24-октябры № 119
Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, үй ичиндеги суу түтүк жана канализациялык тармактарынын профилактикалык, күндөлүк жана авариялык оңдоолорунун өз убагында жана сапаттуу техникалык тейлөөсүн камсыз кылуу жана колдонулуп жаткан тарифтерди накта чыгымдарга дал келтирүү, ошондой эле финансылык милдеттенмелерди аткаруу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 15-ноябрынан баштап Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 29-июнундагы № 147 "Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак жай үйлөрдүн үй ичиндеги суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө" токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак-жай коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекси, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын тейлеген вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
| Ж.Абиров |
|
| Бишкек шаардык кеңешинин 2019-жылдын 24-октябрындагы № 119 токтомуна тиркеме |
Бишкек шаарындагы көп батирлүү турак үйлөрдүн үй ичиндеги жалпы колдонуучу суу түтүк-канализациялык тармактарынын техникалык тейлөөсүнө ТАРИФТЕР
Керектөөчүлөрдүн аталышы | Тариф, сом (жалпы аянттын 1 м2 үчүн бир жылга) салыксыз |
Калк | 10,20 |
Көп батирлүү турак үйлөрдө жайгашкан башка керектөөчүлөр | 10,20 |
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
| М.Алымбеков |