Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №3/1
Төлөйкөн айылдык кенешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айылдык кенешинин типтүү регламентин 11 главасынын 2 пунктуна ылайык, Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасынын орун басары С. Токсонбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айылдык кенешинин типтүү регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төлөйкөн айылдык кенешинин төрагасынын орун басары С. Токсонбаевге жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |
Төлөйкөн айылдык кеёешинин кезектеги
3-сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
Кара –Суу районуна караштуу Төлөйкөн айылдык кенешинин типтүү регламенти
Жалпы жоболор.
Глава
Айылдык кенеш өзунун иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конститутциясы .Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына, Кыргыз Республикасынын жогорку кенешинин , Кыргыз Республикасынын Өкмөтунун токтомдоруна, ошондой эле ушул регламентти жетекчиликке алат.
Айылдык кенештин иш аракети жылдык жана кварталдык пландардын негизинде ишке жүргүзүлөт. « Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутаттары статусу жөнүндө» мыйзамдарына ылайык айылдык кенеш айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктөрү органы блдуп саналат.
Айылдык кенеш белгиленген курамдагы депутаттардан турат жана сессия убагында иштейт. Тийиштүү аймакта жашаган шайлоочулардын жалпы тен жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш менен шайланат.
Айылдык кенеш юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Тиешелүү администрациялык- аймактык бирдиктин- райондун жергиликтүү кенештери жергиликтүү кенештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык токтом турундо биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасыны Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кенештин чечимдерин жокко чыгарууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына ылайык жергиликтүү кенештин кошмо жыйналыштарына катышат жана мыйзам чегинде компитенциясына кирген маселелерди чечет.
Айылдык кенештин уюштуруучу- укуктук иштөө формасынын негизи сессия болуп саналат.
Глава
Айылдык кенештин компетенциясы.
Айылдык кенештер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныктадган ыйгарым укуктарынын чегинде алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.
Айылдык кенештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
Жергиликтүү маанидеги маселелерли башкаруу тартибин белгилөө.
Жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчету бекитүү, ошондой эле бюджеттеги аткаруунун, бюджеттен тышкары фонддорду пайдалануунун жүрүшү жөнүндө маалыматты угуу.
Аймактардын социалдык- экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларын бекитүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө.
Жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча женилдиктерди киргизүү ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды белгилөө.
Жергиликтүү жамааттын муниципиалдык менчигин пайдалануу жана тескөө тартибин белгилөө, анын ичинде муниципиалдык менчик обьекттерин менчиктештирүү программасын бекитүү жолу менен белгилөө. Муниципиалдык менчиктин пайдаланылышына контролду ишке ашыруу.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруучу- тескөөчү органынын иши жөнүндө отчетту угуу.
Мыйзамда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токторуу.
Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
Тиешелүү мамлекетти бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык- аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
Кенештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кенештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама- каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу.
Айылдык кенештин регламентин кабыл алуу.
Өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу.
Өкмөт тарабынан аныкталуучу тийиштуу ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын штаптык сан эсебин жана түзүмүн бекитүү.
Муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангндык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катту тиричилик таштандыларын жыйналандык , ташып чыгаргандык жана жок кылгандык учун тарифтерди бекитүү.
Алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым- жырымдарды өткөрүүгө тыю салганга чейинки чектөөлөрдү аныктоо.
Ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкалардын күтүү картибин аныктоо.
Жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
Айылдык кенештердин сессияларында кошумча иретинде төмөнкүдөй маселелер чечилет:
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү.
Тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын
чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык учун салыктын жүктөлгөн ставкаларын аныктоо.
Айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
Талап кылынбаган жана пайдаланылбаган жайыттарды пайдалануу.
II Бөлүк
Айыл өкмөтүнүн башчысы, айылдык кенешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары.
3-глава. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.
3.1 Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кенешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекетти администрациянын башчысы тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү менен
3.2 айыл кенешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кенешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3.3 Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо жергиликтүү кенештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен ишке ашырылат. Эгерде айылдык кенеш кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде учтөн экиден кем эмеси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет. Тиешелүү кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- катталган бир талапкер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
- эки талапкер катталса жана алардын бири да добуштардын зарыл санын албай калса, добуштардын көбүрөөк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлүт. Эгерде биринчи турда эки талапкер депутаттардын добуштарынын тен санын алып калса, кайра шайлоо өткөрүлүт.
- экиден ашык талапкер катталса жана алардын бири да депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калса, добуштардын көбүрөөк алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлүт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көбүрөөк санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын санынын тенин алса , добуштардын санынын көбүрөөгүн алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда бардык талапкерлер добуштардын тен санын алса, кайра шайлоо откорулот. Ошол күнү шайлоо өткөрүлүп жаткан сессияда.
Эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү « бардык талапкерлерге каршы» позицисы
Эгерде добуш берүү күнүнө карата бир да талапкер катталбаса же болбосо катталган талапкерлер шайлоого катышуудан баш тартышса, кайра шайлоо өткөрүлөт.
3.5 Борбордук шайлоо комиссиясы айыл өкмөтүнүн башчысы шайланбай калган кундон тартып 3 календардык кундун ичинде кайра шайлоо дайындайт.
Жаны талапкерлерди көрсөтүүменен кайра шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан кайра шайлоо дайындалган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен өткөрүлөт.
3.6 Эгерде корумдун жоктунан шайлоо болбой калса , Борбордук шайлоо комиссиясы 3 күндүн ичинде кайра шайлоо дайындайт. Мыйдай учурда кайра шайлоо мурда катталган талапкерлер боюнча өткөрүлөт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы шайлоонун ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби айылдык кенештин регламенти менен аныкталат.
Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.
3.7 Айылдык депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президенти айылдык кенешти таркатууну жүзөгө ашырат жана айылдык кенешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаганга чейин райондук акими өзүнүн тескемеси менен айыл өкмөтүнүн башчысынын милднтин аткаруучуну дайындайт.
Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордуна аким тарабынан төмөндөкүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) жеке арызынын негизинде
2) мыйзамдарды прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн –айыл кенешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен а мыйзамдар Президенттин жана өкмөттүн прократура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда, айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен
3) соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде
4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда
5) соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда
6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда
7) Кыргыз Республикасынын жараандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жараандыгын алган учурда.
8) жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчылүгү жок болгон учурда
9) айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирген учурда
10) тараптардын ак ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик билдирилген учурунда аким кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны 3 айдын ичинде ээлеген кызматынан бошотот.
Айыл өкмөтүнүн башчысын кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда аким жаны айыл өкмөтүн көрсөткөгө чейин өзүнү акты менен айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучуну дайындай алат.
Айылдык кенештин төрагасы
айылдык кенештин төрагасы тиешелүү кенештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кенештин ыйгарым укуктун мөөнөтүнө шайланат. Айылдык кенештин төрагалыгында депутаттар тарабынан ошондой эле өзүн өзү көрсөтүү тартибинде ишке ашырылат.
Айылдык кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүнүн тартиби жана шайлоо дагы башка жол жоболук маселелери айылдык кенештин регламентинде аныкталат.
Өзүнүн милдеттерин аткарбагн же талаптагыдай эмес аткарган учурда айылдык кенештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда айылдык кенештин депутаттарынын 1-3 демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
Айылдык кенештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кенешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарышат.
Айылдык кенештин төрагасы:
- Айылдык кенештин сессиясын чакырат.
- Сессияларга төрагалык кылат.
- Айылдык кенештин чечимдерине кол коет
- Айылдык кенеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
Айылдык кенештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
5-глава
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары кенештин төрагасынын
тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан Айылдык кенештин депутаттарынын 1ү3нин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
Айылдык кенештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
6- глава
Айылдык кенешинин катчысы.
Айылдык кенешинин катчысынын милдетин айылдык округунун жооптуу катчысы аткарат.
Айылдык кенешинин катысы:
- Айылдык кенешинин катчысы сессиясынын протоколдорун жүргүзөт
- Айылдык кенештин катчысы келип түшкөн иш кагаздарынын эсебин алууну уюштурат.
- Айылдык кенештин туруктуу жана жана убактылуу комиссиясынын уюштуруу иштерин жүргүзөт.
- Айылдык кенештин сессиясын өткөрүү жөнүндө депутаттарга кабарлайт жана алардын катышуусунун кебин алат.
- Айылдык кенештин сессиясынын токтомдорун тариздейт жана айылдык кенешинин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат.
- Айылдык кенешинин сессиясынын токтомдорунун долбоорун даярдоо боюнча иштерге жетекчилик кылат.
7- глава
Айылдык кенешинин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Айылдык кенешинин кенешке киргизүүгө тийиштүү маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн депутаттар санынан, ошондой эле, кенеш чечимдерин ишке ашырууга катышу үчүн, бул чечимдерди ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аткарышын контролдук кылуу үчүн түзүлөт.
Айылдык кенеши тарабынан ошондой эле убактылуу комиссиялар түзүлөт.
Комиссиялардын тизмеси алардын сандык курамын айылдык кенешинин депутаттары тарабынан аныкталат. Кенеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаны туруктуу комиссияларды түзө, мурда
түзүлгөндөрдү таратат жан кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясынын курамына кенештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алат.
Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, алардын уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө» мыйзамынын ушул регламенттин жана башка Кыргыз Республикасынын мыйзамдык актылары менен белгиленет.
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практика кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
Айылдык кенештин туруктуу комиссиясы ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
Айылдык кенештин атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн убактылуу
комиссияларды түзө алат. Убактылуу комиссияларды ишмердүүлүгү тапшырылган милдеттерди аткаргандан кийин токтотулат.
III бөлүк
Айылдык кенешинин ишинин жалпы тартиби.
8- глава
Айылдык аймагынын кенешинин жана поселкалык кенешинин ишинин негизги уюштуруучулук- укуктук формасы болуп кенештин сессиясы саналат.
Айылдык аймагынын кенешинин жана поселкалык кенештин сессиясы ачык, кварталына бирден кем эмес жана депутаттардын санынын1-3 кем эмес талабы боюнча өткөрүлөт.
Айылдык кенешинин чечимдери депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кенешинин депутаттары кенеш сесиясына катышууга милдеттүү. Алардын сессияга катышуунун эсебин катчы жүргүзөт. Депутаттар сессияга катыша албай турган учурларда алдын ала катчыга маалымдоого тийиш.
Айылдык кенешинин сессиясы ачык түрдө өткөрүлөт. Кенештин чечими менен сессия жабык түрдө өткөрүлүүсү мүмкүн.
Сессиянын чечимдери ачык добуш берүү менен кабыл алынат.
Айылдык аймагынын кенеши жана поселкалык кенеш ар бир сессияда күн тартибин жана иштөө тартибин кабыл алат.
Айрым себептер менен каралбай калган маселелер кийинки сесияда каралат.
Айылдык кенешинин сессиясынын протоколдорун кенештин катчысы жүргүзөт. Протоколдо сессияга катышкандардын жана катышпай калган депутаттардын фамилиялары, катышпай калгандардын себептери, чакырылгандардын тизмеси жана каралган маселелер боюнча маалыматтар, кабыл алынган чечимдер камтылат. Протоколго сессияга төрагалык кылуучунун колу коюлат.
Керек болгон учурларда айылдык аймагынын кенешинин сессияларында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтар массалык каражат булактарында чагылдырылат.
9- глава
Айылдык кенешинин токтом долбоорунун кароо тартиби
Айылдык кенешинин сессиясында каралган маселелер боюнча токтом кабыл алынат. Кенештин токтому ачык же жашыруун добуш менен кабыл алынат.
Айылдык кенешине кароо сунушталган токтом долбоору төмөндөгүдөй болууга тийиш:
- Кабыл алынган чечимди аткаруучулар, аткаруу мөөнөтү, каржылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө киргендиги көрсөтүлөт.
- Зарыл учурда чечим кызыктар уюмдар, тийиштүү аймактык органдардын жергиликтүү бөлүмдөрү ошондой эле зарылдыгына карай мамлекеттик бийлик органдары менен макулдашылууга тийиш.
- Ушул маселе боюнча мурдагы токтом эске алынат жана мурдагы токтомдорду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылууга тийиш.
- Айрым чечимдер боюнча зарылчылыгына жараша Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык корутунду болуусу керек.
Айылдык кенешинин токтому сессияда талкуулангандан кийин сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Айылдык кенештин депутаты чечимге макул болбосо жазуу же оозеки формасында өзүнүн өзгөчө пикирин айылдык кенешинин протоколуна киргизүүгө укуктуу.
Сунушталган токтомдун долбоору, эгер сессияда катышкан депутаттардын санынын көпчүлүк бөлүгү добуш берсе долбоор негиз катары кабыл алынат жана пункттар боюнча каралат.
Токтом долбоору бардык ондоолор, кошумча карагандан кийин кабыл алынат.
Айылдык кенешинин чечимин таратуу кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө кенештин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.
Айылдык кенешинин кабыл алынгын токтомун, анын ыйгарым укуктарынын чегинде тийиштүү аймакта жайгашкан иш канаалар, мекемелер жана аларда органдары, кызматтык адамдар, жарандар аткарууга тийиштүү.
10- глава
Айылдык кенештердин ыйгарым укуктарынын токтолушу
Айылдык кенештердин ыйгарым укуктары айылдык кенештин жаны курамы түзүлүшүнө, кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
Айылдык кенештер мөөнөтүнөн мурда төмөнкүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
- тиешелүү айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын 50+1 кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча
- ушул мыйзамда каралган негиздер боюнча Президент тарабынан:
- тиешелүү айылдын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында
Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айылдык кенешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айылдык кенешти таратуу жөнүндө жарлыгы Эгерде мыйзамдын өзунө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы зарыл.
Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кенештин чечими кенештин төрагасы тарабынанЖарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
Айылдык кенеш мөөнөтүнөн мурда таркатылгын учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти айылдык округунун башчысы өз мойнуна алат.
Катары менен себепсиз 3 сессияга катышпаган депутат өз мандатынан айрылат. Кезектеги же кезексиз чакырылыштагы сессияга карабастан.
11- глава
Айылдык кенешинин регламенти
Айылдык кенешинин регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби:
Айылдык кенешинин иш регламентин, типтүү регламенттин негизинде регламент маселелери боюнча жумушчу тобу иштеп чыгат жана кенештин сессиясына бекитүүгө киргизет.
Регламент маселелери боюнча топ айылдык кенешинин беш депутаттан кем эмес болууга тийиш. Аны айылдык кенешинин төрагасынын орун басары жетекчиликке алат.
Ар бир депутат регламентке өзгөрүүлөрдү жана торлуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизе алат. Сунуштар регламент боюнча жумушчу топко кароо үчүн жөнөтүлөт.
Регламент жана регламентке ондоолор, киргизилгенден кийин кенешке шайланган депутаттардын көпчүлүк саны менен кабыл алынат.
Катчысы: | Х. Сулайманов. |