Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-июну №3/10
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү Жобого ылайык муниципалдык менчикте же ижара укугун берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча жетектөөчү адиси Исраилу уулу Шерикбектин жер комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы А. Абдукаримовго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | Х. Сулайманов. |
Төлөйкөн айылдык кенешинин 21-июнь
2018-ж кезектеги №3 сессиясынын
№ 10 токтомуна тиркеме
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жана турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамы
З. Мазаев- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башкы адиси, комиссиянын төрагасы,Исраилу уулу Ш- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча жер адиси,комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
У. Кадыров- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,
Х. Сулайманов-Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы,
Г. Бердиева- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы,
Ж. Оморов- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспектору,
А. Нарматов-Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
З. Гафуров- Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
Д. Боронбаев- Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
А. Арзимбеков-Коомчулуктун өкүлү,
Аукцион өтүп жаткан айылдын айыл башчысы,
Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү,
Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү,
Катчысы: | Х. Сулайманов. |