Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-4
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Типтүү жобого ылайык комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 17.10.2018-жылдагы №01-18-26 буйругунун жана Типтүү жобонун негизинде Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобону бекитүү максатында депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Типтүү жобонун негизинде Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия курамы 11 адамдан 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткаруу жагы Төлөйкөн айылдык кенешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартипти чындоо, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |
Төлөйкөн айылдык кенешинин 25-декабрь 2018-
жылдагы кезектеги 5 сессиясынын
№4 токтомуна 1-тиркеме
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясынын курамы
М. Эдилбеков-аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын төрагасы,
Х. Сулайманов-жооптуу катчы, төраганын орун басары,
Мүчөлөрү:
А. Арзимбеков-жер адис,
Ж. Омаров- салык инспектору,
Р. Карабаева- ишкагаздарын алып баруу боюнча жетектөөчү адис,
С. Токсонбаев-жайыт комитетинин төрагасы,
М. Кабылов- Жаны-Арык СПАнын жетекчиси,
Айыл башчылар
Аксакалдар соттору.
Катчысы: | З. Мазаев. |