Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №5-8
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары тууралуу Типтүү Жобого ылайык муниципалдык менчикте же ижара укугун берүү боюнча комиссиясын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча жетектөөчү адиси Исраилу уулу Шерикбектин жер комиссиясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Төлөйкөн айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |
Төлөйкөн айылдык кенешинин 25-декабрь 2018-
жылдагы кезектеги 5 сессиясынын
№8 токтомуна тиркеме
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү жана турак-жай маселелери боюнча комиссиянын курамы
З. Мазаев-Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы,
Ш. Исраил уулу- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ижара боюнча адиси,, комиссиянын катчысы,
Мүчөлөрү:
Х.Сулайманов- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу
Г. Бердиева- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы,
А. Арзимбеков- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жер адиси
Ж. Омаров- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн салык инспектору,
А. Нарматов- Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
З. Гафуров- Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
З. Туленбаев- Төлөйкөн айылдык кенешинин депутаты,
Торук өтүп жаткан айылдын бир коомдук уюмунун өкүлү,
Торук өтүп жаткан айылдын айыл башчысы,
Кара-Суу райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү.
Кара-Суу райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү.
Катчысы: | З. Мазаев. |