Загрузка документа…
ТӨЛӨЙКӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-майы №7-2
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) Уставын бекитүү жөнүндө
Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкуулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановдун маалыматын жана Төлөйкөн айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун, төрагасы М. Эдилбековдун маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Төлөйкөн айылдык кенешинин VI шайланган кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган соң, Ош областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Төлөйкөн айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жана Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Х. Сулаймановго жүктөлсүн.
Төлөйкөн айылдык кеңешинин жашы улуу депутаты, төрагалык кылуучу: | К. Турдиев. |
Катчысы: | З. Мазаев. |
Төлөйкөн айылдык кенешинин
2019-жылдын 31-майындагы VI чакырылышынын VIIсессиясынын
№ 7-2 токтомуна тиркеме
Төлөйкөн айыл өкөтүнүн алдындагы коомдук алдын алуу борборунун уставы (КААБ)
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору мындан ары (КААБ) ЖӨБӨ тарабынан көрсөтүлгөн административдик аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБӨ менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында тиешелүү администратавдик аймакта түзүлүүчү комерциялык уюм эмес.
2. Уюмдун толук каталышы:
–Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борбору коомдук бирикме.
- расмийтилде Обшественное обьеденение «Общественно-профилактический центр»(ОПЦ) Төлөйкөнского айыл окмоту.
Уюмдун кыскартылган аталышы:
-Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн «КААБ »КБ . «ОПЦ» ОО
3. Коомдук алдын алуу борбору өз ишин «Кыргыз Республиксынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө жана чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына жана ошондой эле мыйзамда белгиленген тартипте кучуно кирген эл аралык келишимдерге ушул уставка ылайык ишке ашырат.
4. КААБ юридикалык өз алдынча мамлекеттик жана расмийтилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү менен штампы бар жак болуп саналат.
5. КААБнун иши ыктыярдуулук, мыйзамдуулук, инсанды урматтоо. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КААБнун юридикалык дареги: Төлөйкөн айыл өкмөтү, А. Мамыров көчөсү №77
7. КААБнын туруктуу иш алып баруучу органынын Кенешишин юридикалык дареги: Төлөйкөн айыл өкмөтү, А. Мамыров көчөсү №77.
2. КААБнун максаттары жана милдеттери
8. КААБнун максаты ЖӨБӨнун жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, Төлөйкөн айыл аймагында жашаган, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктируу.
9. КААБну нмилдеттери төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү.
- укутук билимдерди пропагандалоо.
-мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргонууну камсыз кылуу.
- жашы жете электердин көзөмөлсөз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу.
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укутук актылардын долбоорлорун талкулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу.
- Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн курамына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү.
9. Кылмыштуулуктун алдын алуу, коомдук тартипти сактоо, мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырат.
10. КААБнун ишинин артыкчылык багыттары болуп төмөнкүлөр белгиленет:
- жалпы алдын алууну (социалдык, экономикалык, саясий укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууга мыйзам бузууларга жол бербөө) камсыз кылуу.
3. КААБнын укуктары жана милдеттери:
12. КААБнун өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- ЖӨБӨ органдарында жана мамлекеттик бийлик органдарында өз укугун, КААБнун мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана билдирүүгө:
- КААБнун иши жөнүндө маалыматтарды жайылтууга:
- уставтын максаттарын ишке ашырууга тиешелуу маселелер боюнча демилге көтөрүүгө жана мамлекеттик, ЖӨБӨ бийлик органдарына сунуштарды киргизүүгө:
- мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КААБнун ишинин максаттарына шайкешкелген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого:
- Төлөйкөн аймагында жайгашкан иш-кана мекемелердин жана комерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чындоо маселелери боюнча кызматташууга:
- ЖӨБӨнүн жыйындарында, конференцияларда жана семинарларда КААБнун компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөдөн инвестицияларды гранттарды жана башка трансферттерди тартууда укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга:
13. КААБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык принциптерин жана ченемдерин жана ушул уставда каралган ченемдерди сактоого;
Төлөйкөн айылдык Кенешинин 2019-жылдын 31-майындагы VI чакырылышынын VII сессиясында №7-2 токтому менен бекитилген «Коомдук алдын алуу борборунун» (КААБ) типтүү уставынын негизинде түзүлгөн Коомдук алдын алуу борборунун курамы
1. Х. Сулайманов - Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысынын м.а.-
Коомдук алдын алуу борборунун төрагасы.
Мүчөлөрү:
2. М. Эдилбеков – Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн соц.адиси:
төраганын орун басары,
3. Э.Худайбердиев- юрист,
4. К.Бапиева- Аялдар кенешинин төрайымы,
5. Ж.Омаров- Жаштаркомитетинин төрагасы,
6. К.Мукамбетова – айыл өкмөтүнүн соц адиси,
7. А. Маразаков- аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы,
8. Ава зулу Максат- Участкалык инспектор,
9. Т.Канатбеков-Участкалыкинспектор,
10. У.Кочкорбаев.- Участклыкинспектор,
11 Д. Тыналиева- ЖЖОИ инспектору,
12. С.Токсонбаев- Айылдык Кенештин депутаты,
13. Д.Боромбаев- Айылдык Кенештин депутаты,
14. К. Турдуев-Айылдык Кенештин депутаты,
15. З. Гафуров – Айылдык Кенештин депутаты.
Катчысы: | З. Мазаев. |