Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу № 19/2
Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен кошумча каражат бөлүү жана титулдук тизмеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын отурумунун 2019-жылдын 6-августундагы №10 протоколунун жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы №8 протоколунун негизинде,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен 1-тиркемеге ылайык шаардык кеңешке 4,2 миң сом, шаардык мэрияга 140,0 миң сом, МММБ департаментине 1476,0 миң сом, Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына 338,5 миң сом кошумча каржылоого макулдук берилсин.
2. Өзгөн шаарынын бюджетинин 2019-жылдын 6 айында ашыкча аткарылышынын эсебинен аткарылуучу иштердин кошумча титулдук тизмеси 2-3-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
3. Өзгөн шаарында 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесиндеги иштер 4-тиркемедеги иштерге ылайык багытын өзгөртүп каржылоого макулдук берилсин.
4. Бюджеттин тең салмактуулук принцибин сактоо менен жогорудагы мекемелердин сметасына өзгөртүү киргизүү жана кирешелер планын Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги менен тактоо жагын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты боюнча» жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын
28 -августундагы кезектеги XIX
сессиясынын 19/2 токтомунун
1-тиркемеси
2019-жылдын 1-жарым жылдыгында Өзгөн шаарынын бюджетинин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган кошумча каражаттардын тизмеси
№ | Аталышы | Керектелүүчү каражат (сом) |
1 |
Шаардык кеңешке (эмгек акы, соцфонд) |
4200 |
2 |
Шаардык мэрияга |
140000 |
3 |
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине |
1476000 |
4 |
Өзгөн-Тазалык муниципалдык ишканасына |
338500 |
|
Баардыгы: |
1958700 |
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын
28 - августундагы кезектеги XIX сессиясынын 19/2 токтомунун
2-тиркемеси
Өзгөн шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана шаардын калктуу конуштарында элдин турмуш деңгээлин оңдоо максатында 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча титулдук тизмеси
№ | Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Жалпы керектелүүчү каражат | Кайсыл ишкана аркылуу аткарылат |
1 | Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайын оңдоп-түзөөгө | 120000 | МММБ департаменти |
2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №690 токтомун аткарууга алуу максатында шаардын көчөлөрүнүн аталыштарын (аншлаг) жасатууга | 100000 | МММБ департаменти |
3 | Өзгөн шаарынын Манас, Мирзарахимов көчөлөрүн оймо-чиймелер менен көркөмдөп жарыктандырууга шаардын киребериштерди оңдоого | 200000 | МММБ департаменти |
4 | Өзгөн шаарынын жашоочуларын таза суу менен камсыз кылуу максатында, суу түтүкчөлөрүн сатып алууга | 100000 | МММБ департаменти |
5 | Өзгөн шаарынын Жаңы-Турмуш кварталынын Фархат көчөсүндөгү элди көчкү басып калуусун алдын алуу максатында, жарды техника мененалууга | 180000 | МММБ департаменти |
6 | Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБдепартаментине иш кагаздарын жүргүзүү үчүн бир штаттык бирдигин кошуп берүүгө | 54500 | МММБ департаменти |
7 | Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине кенже тейлөө кызматы үчүн бир штаттык бирдигин(МОП) кошуп берүүгө | 40890 | МММБ департаменти |
8 | Аткарылган соттук иштин мамлекеттик төлөмүнөн | 9200 | МММБ департаменти |
9 | Билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана күз-кыш мезгилине даярданууга | 671400 | МММБ департаменти |
| Бардыгы | 1475990 |
|
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28 –
августундагы кезектеги XIX сессиясынын 19/2 токтомунун
3-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2019-жылдын 1-жарым жылдыгында бюджеттин ашыкча аткарылышынын эсебинен каржылана турган иштердин кошумча тизмеси
№ | Аткарылуучу жумуштардын аталышы | Жалпы керектелүүчү каражат | Кайсыл ишкана аркылуу аткарылат |
1 | КР Президентинин «2019-жыл Регниондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жөнүндөгү « жарлыгын ишке ашыруу максатта мэрияга «Аймак маалыматтык башкаруу системасын орнотуу үчүн кошумча жаңы 2 даана комьпютер сатып алууга | 60000 | Шаар мэриясы |
2 | Өзгөн шаарынын аймагындагы мыйзамсыз курулуштарды жоюу боюнча саттук иштерге (госпошлина) | 50000 | Шаар мэриясы |
3 | Өзгөн шаардык кеңешинин эмгек акы сметасына | 4200 | Шаардык кеңеш |
4 | Мэрияга жана бирдиктүү терезе имаратына 2 кондиционер сатып алууга | 30000 | Шаар мэриясы |
5 | «Өзгөн Тазалык» көрктөдүрүү, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо боюнча муниципалдык ишканасына муниципалдык заказдар үчүн | 338510 | «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасы |
| Бардыгы | 482710 |
|
Баары 1958700
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин 2019-жылдын 28 – августундагы
кезектеги XIX сессиясынын 19/2 токтомунун
4-тиркемеси
Өзгөн шаарында 2019-жылда аткарылуучу иштердин титулдук тизмесин өзгөртүп каржылоо боюнча тизмеси
1. Резервдик ротага каралган 500,0 миң сомдун ичинен 40,0 миң сомун ошол рота түзүлө турган военкоматтын бөлмөсүн ремонттоого ажыратылып каржылоого макулдук берилсин.
С. Шарипов атындагы орто мектебине каралган 100,0 миң сом жана В.И.Ленин атындагы орто мектебине каралган 100,0 миң сом В.И.Ленин атындагы орто мектебинин спорт залын терезелерин пластик рамдарга өзгөртүүгө 200,0 миң сом кылып каржылоого.
К.Датка атындагы орто мектебинин айланасын тосмолоого каралган каражат ошол эле мектепке видеокөзөмөл орнотууга өзгөртүп каржылоого макулдук берилсин.
“Булбулча” балдар бакчасын асфальттоого каралган 100,0 миң сом акча каражатын брусчатка орнотууга каржылоого макулдук берилсин.
Хлопкомская көчөсүн ачууга каралган 1000,0 миң сом каражатын багытын өзгөртүп:
- 100,0 миң сомун Байматов көчөсүндөгү балдар аянтчасын оңдоп-түзөөгө,
- А.Навои мектебин жасалгалоого 100,0 миң сом,
- Ак-Кеме балдар бакчасына ашкана курууга 100,0 миң сом,
- А. Навои мектебине колонка сатып алууга 50,0 миң сом,
- Жаңы конуштарга суу чыгарууга жана шаардын ирригациялык тармактарын оңдоп түзөөгө 650,0 миң сом каражатын каржылоого макулдук берилсин.
Төрага: | А. Джалилов. |