Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/4
Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгүнүн долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 5-августундагы №929 катынын жана «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 13-августундагы №11 протоколунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын 2020-жылга бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары 1-тиркемеге ылайык 100 392,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2020-жылда салык агенти төлөгөн киреше салыгынан эсептеп өткөрүүлөрдөн 85 пайыз, сатуудан алынуучу салыктан эсептеп өткөрүүлөрдөн 25 пайыз шаардын бюджетине түшөөрү белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексине» ылайык белгиленген мөөнөттө 2020-жылга карата Өзгөн шаарынын бюджетинин кирешелеринин долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат жиберүү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Өзгөн башкармалыгынын начальниги С. Сартбаевге сунушталсын жана аны көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовго тапшырылсын.
4. Өзгөн шаарынын бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүүдө шаар мэриясы менен биргеликте иш жүргүзүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин «Бюджет, салык жана экономика саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI
чакырылышынын) 2019-жылдын 28-
августундагы кезектеги XIX
сессиясынын №19/4 токтомунун
1-тиркемеси
Өзгөн шаарынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору
№ | Кирешелер | Суммасы |
1 | Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы | 35997,8 |
2 | Бирдиктүү салык | 850,0 |
3 | Милдетүү патенттин негизиндеги салык | 2571,8 |
4 | Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык | 32969,0 |
5 | Турак-жай эмес мүлккө салык | 1000,0 |
6 | Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык | 3550,0 |
7 | Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2200,0 |
8 | Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 19,7 |
9 | Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 3030,0 |
10 | Сатуудан алынуучу салык | 8714,2 |
11 | Жер үчүн ижара акы | 2400,0 |
12 | Автотранспортту парковкалоо үчүн жыйым | 590,0 |
13 | Атайын каражаттар салыгын кошпогондо кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр | 6500,0 |
| ЖЫЙЫНТЫГЫ: | 100 392,5 |
Өзгөн шаардык кеңешинин жетектөөчү адиси: | Д. Турдахунов. |