Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/10
Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерди сактоону, коргоону жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2019-жылдын 3-апрелиндеги Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерди сактоону, коргоону жана пайдаланууну камсыз кылуу жөнүндөгү №04-3/1558 катынын жана «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 14-августундагы отурумунун №8 протоколунун негизинде киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын түштүк тарабындагы жалпы аянты 29 гектар жер участоктордо жайгашкан байыркы мезгилге жана орто кылымдарга таандык археологиялык эстеликтер (I, II, III шахристандар) жана Саид Бурханидин Кылыч мазары тарыхый-маданий мурас обьекттери катары таанылсын жана алар Өзгөн шаарынын жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилсин. Өзгөн шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежесиндеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмелерине киргизилбеген тарыхый-архитектуралык эстеликтер тиркеме ылайык Өзгөн шаарынын жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилсин.
2. Өзгөн шаарынын түштүк тарабындагы археологиялык эстеликтердин (I, II, III шахристандардын) жана Саид Бурханидин Кылыч мазарынын айланасындагы аймактарда жер иштетүү, курулуш, чарбалык жана башка иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө ошондой эле жер участокторун менчикке бөлүп берүүгө тыюу салынсын.
3. Өзгөн шаарынын аймагында жайгашкан тарыхый-маданий мурас обьекттерин жана аларга тийиштүү болгон жерлерди мыйзамдарга ылайык коргоо, сактоо, изилдөө, музейлештирүү, пайдалануу жана туризмди өнүктүрүү багытында иштерди уюштурууга жыл сайын жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү, ал жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну жана тарыхый-маданий багытында жерге болгон укугун күбөлөндүрүүчү документтерди (Мамлекеттик актыны) кабыл алуу, ал аймактардын коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча иштерди уюштуруу, ал обьекттердин ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү боюнча тиешелүү иш-чараларды ишке ашырууну камсыздоо Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
4. Мыйзамга ылайык тарыхый-маданий мурас обьекттерин жана аларга тийиштүү болгон жерлердин тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директоруна жана ал жерлерди бекитилген тартипте шаар куруу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы А.Анарбаевге милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер маселелери, курулуш жана архитектура, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |
Өзгөн шаардык кеңешинин (VI
чакырылышынын) 2019-жылдын 28-
августундагы кезектеги XIX
сессиясынын №19/10 токтомунун
тиркемеси
Өзгөн шаарынын жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесине киргизилүүчү обөекттердин тизмеси
Кылыч Бурханым мазары (Шейх Бурханиддин Кылычтын сөөгү коюлган жер ХI-к.).
Аджал-Сарахси мазары (Шейх Муххаммед Ибн Алинин сөгү коюлган жер 1211 ж.).
Жаңы мазар (Харасане Нишапура шаарынан чыккан шейттердин сөөгү көмүлгөн жер).
Шамси Каттол Валий (атактуу Шамси Каттол Валийдин сөөгү коюлган деп божомолдонгон жер).
Мусофир ата (атактуу Мусофир атанын сөөгү коюлган деп божомолдонгон жер).
Орто Коргон (Байыркы Өзгөн чебинин археологиялык калдыктары).
Байыркы карапа устаканалдын археологиялык калдыктары.
Бадалбай Аминдин мечити (Гузар мааласи, 1898-ж.).
Раймбайдын мечити (Ташлак мааласи, 1912-1913-ж.).
Жаңы мечит (Өзгөн шаары башкы мечити, ХIХ-ХХ-к.).
Хаммом (иштетилип жаткан, чыгыш тибиндеги байыркы мончо).
Аргеологиялык урандырлар (байыркы бышкан кыштан курулган дубалдын калдыктары. 1,0-1,2 м тереңдикте).
13. Байыркы жер астындагы жолдор табылган жерлер.