Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 28-августу №19/14
Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин (VI чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселе боюнча Өзгөн шаар мэриясынын 2019-жылдын 20-июнундагы №717 катынын жана Өзгөн шаарынын мэри М. Халматовдун берген сунушунун негизинде Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Абдрахманов Номанжан Умаралиевичти Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берүүдө Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына жана Өзгөн шаардык кеңешинин Регламентине ылайык жетиштүү добуш албагандыгы эске алынсын.
2. Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Абдрахманов Номанжан Умаралиевичтин кызматтык абалын мыйзамга ылайык кароо Өзгөн шаарынын мэри М.Халматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Өзгөн шаардык кеңешинин «Мыйзамдуулук, регламент, депутаттык мандат, депутаттык этика, укуктук маселелер, мамлекеттик мекемелер жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | А. Джалилов. |