Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
18 ЖОБО
I.Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айылаймагында “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Элдик кол өнөрчүлүк өндүрүшүн жандандыруу, өнүктүрүү жана сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
элдик көркөм чыгармачылык – эл жараткан поэзия-
да (жомоктордо, лакаптарда, ырларда, эпостордо), театрда (драмаларда, сатиралык пьесаларда, куурчак театрларында), бий өнөрүндө, архитектурада, көркөм сүрөт жана декоративдик-кол өнөрчүлүк өнөрүндө элдин жашоо-турмушун, көз карашын, идеалдарын чагылдырган элдин коллективдүү көркөм чыгармачылык иши;
элдик көркөм кол өнөрчүлүк - элдик чыгармачылыктын
бир формасы, элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн чеберлеринин кол кызматты жана (же) механизацияны пайдалануудагы көркөм эмгегинин процессинде белгилүү аймакта элдик чеберчилик салттарды улап өнүктүрүүнүн жана коллективдүү өздөштүрүүнүн негизинде ишке ашырылуучу утилитардык жана (же) декоративдик багыттагы көркөм буюмдарды жаратуу боюнча иши;
көркөм чыгармачылык – жамаат менен же өз алдынча
чыгармачылыкты сүйүүчүлөр тарабынан аткарылуучу көркөм чыгармаларды жаратууну жана (же) аткарууну өз ичине камтыган өздүк көркөм чыгармачылык (чыгармачылыкты сүйүүчүлөрдүн өнөрү);
жергиликтүү салттуу элдик көркөм чыгармачылык – материалдык эмес маданий мурас, коомдун маданий жана улуттук өзгөчөлүгүн чагылдырган маданий баалуулуктарды жаратуу жана (же) түшүндүрүү боюнча иш. Өзүнө маданий ишмердүүлүктүн салттуу түрлөрүн жана аларды өздөштүрүүнүн өз алдынчалыгын камтыйт;
салттуу элдик маданиятты сактоо, калыбына келтирүү жана өнүктүрүү – салттуу элдик маданиятты жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жаңыртып өнүктүрүүгө багытталган көркөм-чыгармачылык, билим берүүчүлүк, тарбия берүүчүлүк, ырым-жырымдык, чеберчилик ишмердүүлүгү;
маданий баалуулуктар – моралдык жана эстетикалык идеалдар, журүм-турумдун ченемдери жана үлгүлөрү, тилдер, диалектилер жана говорлор, улуттук каада-салттар, тарыхый топонимдер, фольклор, көркөм чеберчилик жана кол өнөрчүлүк, маданий жана көркөм чыгармалар, маданий иштердин илимий изилдөөлөрүнүн натыйжалары жана методдору, тарыхый-маданий мааниси бар имараттар, курулуштар, буюмдар жана технологиялар, тарыхый жана маданий жактан өтө сейрек кездешүүчү аймактар жана объекттер.
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
жергиликтүү салттуу элдик көркөм чыгармалыкты өнүктүрүүгө;
Аламүдүн айыл аймагында элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоого, калыбына келтирүү жана өнүктүрүүгө.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Аламүдүн айыл аймагынын ар бир тургунунун чыгармачылыктын бардык түрлөрүн тандоо эркиндигине, Аламүдүн айыл аймагынын маданий жашоосуна катышууга жана маданий баалуулуктарга жеткиликтүүлүгүнө болгон укуктарын камсыз кылуу;
элдик көркөм чыгармачылыкты сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү функцияларын аткарган муниципалдык маданий мекемелерди колдоо;
Аламүдүн айыл аймагында жашаган элдердин улуттук өзгөчөлүгүн сактоо;
Аламүдүн айыл аймагында салттуу элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү үчүн укуктук кепилдиктерди берүү.
III. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү боюнча программалардын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна жиберет;
элдик салттуу көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Аламүдүн айыл аймагынын ишинин негизги багыттарын иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айылдык кеңеште бекитилгенден кийин элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
көргөзмөлөрдү, конкурстарды жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү, декоративдик-кол өнөрчүлүктүн жана чыгармачылыгынын буюмдарын, элдик көркөм кол өнөрчүлүк буюмдарын атайын сатуу аркылуу элдик көркөм чыгармачылыкты жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү пропагандалоого көмөк көрсөтөт;
элдик көркөм чыгармачылыкты жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү жайылтуу жана өнүктүрүү максатында майрамдарды, конкурстарды жана башка иш-чараларды өткөрүү боюнча чыгармачылык долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну уюштурат;
элдик көркөм чыгармачылыктын жана башка чыгармачылыкты сүйүүчүлөрдүн бирикмелеринин ар түрдүү жанрдык багыттагы ийримдерин, өз алдынча коллективдерин, студияларын түзүүгө көмөктөшөт;
элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарын алып жүрүүчүлөр жана жайылтуучулар болгон жарандардын чыгармачылык ишмердүүлүгүнө көмөк көрсөтөт;
элдик көркөм чыгармачылыкты жайылтуу жана өнүктүрүү максатында майрамдарды, конкурстарды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгармачылык долбоорлорду каржылайт;
салттуу маданияттын жана декоративдик-кол өнөрчүлүк буюмдарын жаратуу жана көргөзмөлөө боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жана жумуштарды каржылайт;
салттуу элдик маданиятты жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону, кайра даярдоону, квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана жайылтуу жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү функциясын ишке ашыруучу муниципалдык маданият мекемелерин каржылайт;
Аламүдүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык маданият мекемелеринин ишин координациялайт жана маалыматтык жана усулдук жардам көрсөтөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү боюнча программалардын аткарылышын контролдойт;
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана жайылтуу жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү функциясын ишке ашыруучу муниципалдык маданият мекемелеринин ишин контролдойт;
ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү финансы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдойт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү боюнча программаларды бекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана аталган жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу башка документтерди бекитет;
элдик салттуу көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү жана элдик көркөм кол өнөрчүлүктү сактоо, кайра жаратуу жана өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Аламүдүн айыл аймагынын ишинин негизги багыттарын бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
- Аламүдүн айыл аймагында “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тууралуу айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV.Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик орган-
дар жана башка уюмдар менен өз ара аркеттенишүүсү
4.1.Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык органдары;
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенишет.
V.“Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) жеке жана юридикалык жактар тарабынан кайтарымсыз
берилген каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөткөн кыз-
маттардан жана жумуштардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салын-
баган башка булактардын.
VI.Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт.