Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрелм 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгөашырууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
20 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул Жобо Аламүдүн айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген.
Ушул Жободо төмөнкү негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
активдүү жаштар - өздөрүнүн демилгелерин коомдун жана мамлекеттинкызыкчылыктарында жүзөгө ашыруучу жаш жарандар (жаштар уюмдары);
волонтердук иш-аракет - акчалай акы албастан ар кандай
формада ыктыярдуу башталышта ишке ашырылуучу, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды канааттандырууга багытталган коомдук пайдалуу эмгектин жекежана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлүшү,анын жүрүшүндө алар билим, тажрыйба, көндүм топтой алат жана өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтөалат;
мамлекеттик жаштар саясаты - жаштардын турмушта ий-
гиликтүү өз ордун табуусу, алардын дараметин мамлекеттин кызыкчылыктарында өнүктүрүүүчүн укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук шарттарды түзүүгөбагытталуучу, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкарууоргандары жүзөгө ашыруучу чаралардын системасы;
жаш жарандар (жаштар) - Кыргыз Республикасынын 14
жаштан 28 жашкачейинки курактагы жарандары жана жарандыгы жок адамдар;
жаш үй-бүлө - жубайлардын экөөсү тењ же болбосо бирөөсү 28 жаш курагына жете элек, никеге туруудан же болбосо тууганчылыктан улам келипчыгуучу белгиленген өз ара укуктар жана милдеттер менен байланышкан жашжарандардын чөйрөсү;
жаш адис - 28 жашка толо элек, адистиги боюнча эмгек
стажы 3 жылдан ашпаган жаран;
жаштар уюму - катышуучуларынын (мүчөлөрүнүн) кеминде 75 пайызы жаш жарандар болгон, иш-аракети жаштардын өнүгүшүнө, өз жолун табуусуна, укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле рухий жана башка керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган коммерциялык эмес уюм;
уюмдашпаган жаштар - коомдук пайдалуу эмгекке тар-
тылбаган, өздөрүндө болгон мүмкүнчүлүктөрдү жумуш иштөө, билимин жогорулатуу жана жарандык катышуунун башка формаларын жүзөгө ашыруу аркылуу ишке киргизбеген жаш жарандар;
жаштардын бейформал бирикмелери – жалпы кызыкчылыктары аркылуу бириккен, мыйзамдарда белгиленген тартипте юридикалык жак катары катталбаган жаш жарандар тобу; жаштар үчүн социалдык кызматтар – оор турмуштук кырдаалга тушуккан жаш жарандарга жана үй-бүлөлөргө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууну юридикалык жакты түзбөстөн туруп жүргүзүүчү жарандар;
талантуу жаштар - чыгармачылык, интеллектуалдык жана
маданий жогорку дараметке ээ болгон жана мындай дарамети коомдун жана мамлекеттин өнүгүү деңгээлин жогорулатуу үчүн пайдаланыла ала турган жаш жарандар;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттери
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максаттарга жетүүгө багытталган:
- балдар менен жаштардын кызыкчылыгын жана муктаждыгын канааттандыруу,балдар жана жаштардын толук өсүп-өнүгүүсү жана өз жолун табышы, алардын коомдук жана ишкердик активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүгө.
2.2. Айылдык аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
-Аламүдүн айыл аймагында жаш жарандар өзүнүн турмуш жолун табышыүчүн зарыл болгон укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук шарттарды түзүү;
-балдар жана жаштардын социалдык көйгөйлөрүн чечүүнү камсыздоо, жаштардын эс алуусун, бош убактысын өткөрүүсүн жана иш менен алектенүүсүн уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
-сергек жашоо образын пропагандалоо;
-балдардын жана жаштардын социалдык, маданий, жан дүй нө жана физикалык өнүгүүсүнө жардам көрсөтүү, алардын укуктарынын негизги кепилдигин камсыздоо;
жаштардын коомдун социалдык, экономикалык, саясий жана маданий жашоосуна кошулуусуна шарттарды түзүү;
балдардын, анын ичинде оор турмуштуккырдаалга туш болгондордун укуктарынын негизги кепилдигин камсыздоо.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1 Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары: саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айылдык кеңеште бекитүү үчүн балдар жана жаштар менен иштөө программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат;
жергиликтүү бюджеттин долбоорун ага балдар жана жаштар менен иштөө программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча башка документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
оор турмуштук кырдаалга туш болгонталанттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш үй-бүлөлөргө, жаш жарандарга жардам көрсөтүү тартибин иштеп чыгат.
аткаруу жана колдоо функциялары
Айылдык кеңеш бекиткенден кийин балдар жана жаштар менен иштөө боюнча программалардын аткарылышын камсыз кылат;
-дене тарбия жана спорттун өнүгүүсүнө, бош убакытты өткөрүүнү уюштурууга, анын ичинде жергиликтүү деңгээлде жаштар программаларын ишке ашырууга имараттарды берүүгө шарттарды түзөт;
оор турмуштук кырдаалга туш болгон жаш жарандарды жана жаш үй-бүлөлөрдү аныктоону жана каттоонуишке ашырат;
-волонтердук иш жүргүзгөн жаш жарандарга колдоо көрсөтөт;
-жаштар саясаты чөйрөсүндө ишке ашырылуучу программаларды маалыматтык колдоону камсыз кылат;
-балдар жана жаштар бирикмелерине колдоо көрсөтөт;
-балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелерди түзөт;
балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелердин уставдарын бекитет;
-Аламүдүн айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралган каражаттардын чегинде балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелерди каржылайт;
-коомдук уюмдардын, бирикмелердин балдардын жана жаштардын кызыкчылыгына байланышкан маселелерди талкуулоого катышуусун камсыз кылат;
Айыл аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоону камсыз кылат;
балдарды жана жаштарды атуулдукка жана мекенчилдикке тарбиялоону ишке ашырат;
балдарда жана жаштарда сергек жашоо мүнөзүн калыптандыруу жана алардын эс алуусун жана ден соолугун чыңдоосун уюштуруу боюнча иш-чараларды ишке ашырат;
балдар жана жаштар арасында кароосуз калуулардын, укук бузуулардын, баңгиликке көз карандылыктын, экстремисттик көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
балдар жана жаштар менен иштөө боюнча программалардын аткарылышын контролдойт;
балдар жана жаштар менен иштөө боюнча муниципалдык мекемелердин ишин контролдойт;
аталган жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткаруу үчүн бөлүнүүчү акча каражаттарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдойт;
балдар жана жаштар менен иштөөнүн белгиленген эрежелеринин жана ченемдеринин сакталышын контролдойт.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
Айыл өкмөтү иштеп чыккан балдар жана жаштар менен иштөө программаларынын долбоорлорун бекитет;
жергиликтүү бюджеттин долбоорун ага балдар жана жаштар менен иштөө программалары боюнча чыгымдарды кошуу мененбекитет;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка ушул жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча документтерди бекитет;
оор турмуштук абалдагы таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш үй-бүлөлөргө, жаш жарандарга жардам көрсөтүү тартибин беките оор турмуштук абалдагы таланттуу жана активдүү жаштарга, жаш адистерге, жаш үй-бүлөлөргө, жаш
жарандарга жардам көрсөтүү тартибин бекитет.
контроль жана көзөмөл функциялары
-Аламүдүн айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу” жергиликтүү маанимдеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууда айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функцияларды аткаруу боюнча айыл өкмөтүнүн ишин контролдойт.
IV. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенишүүсү
4.1. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айылдык аймагынын аймагында“Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен аз ара аракеттенишет:
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
укук коргоо органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык эмес жана коммерциялык уюмдар менен өз ара тыгыз аракеттенишет.
“Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу” жергиликтүү
маанидеги маселени жүзөгө ашырууну каржылоо
5.1. “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашат:
а) Аламүдүн айылдык аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактар тарабынанкайтарымсыз
берилүүчү каражаттардын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар тарабынан
көрсөтүлгөн кызматтардан түшкөн кирешелердин;
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган
башка булактардын.
Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары “Балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу”жергиликтүү маанидеги маселени жүзөгө ашыруу боюнча ушул Жободо каралган милдеттердин жана функциялардын талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти алып жүрөт