Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Аламүдүн айылдык кеңешинин
18-апрели 2019-жылдын
№ 116 токтому менен бекитилген
Аламүдүн айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбу-
луктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө
24 ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1.1. Ушул жобо Аламүдүн айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартибин, жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча укуктук жана уюштуруучулук маселелерди аныктайт.
1.2. Ушул жобо Кыргыз Республикасынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты:
Кыргыз Республикасынын Конституциясына;
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине;
Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
“Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына;
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставына.
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бекитилген.
Ушул Жободо төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тартуучу - үй-бүлөлүк зомбулук жасалган үй-бүлө мүчөсү же үй-бүлө мүчөсүнө теңештирилген адам, ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулукка күбө болгон жашы жете элек адам;
этибарсыз мамиле - үй-бүлө мүчөлөрүнө же үй-бүлө
мүчөлөрүнө теңештирилген адамдарга камкордук көрүү боюнча милдеттерин атайылап аткарбоо;
үй-бүлөлүк зомбулукка бөгөт коюу - үй-бүлөдөгү зомбу-
лукту токтотууга, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн, ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын сактоону камсыз кылууга багытталуучу чаралар; үй-бүлө мүчөлөрүнө теңештирилген адамдар - иш жүзүн-
дө нике мамилелеринде турган адамдар; эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамга камкордук кылуучу адам жана эмгекке жарамсыз же жашы жете элек багуудагы адамдын өзү; жубайлардын ата-энелери; бирге жашаган башка туугандар;
үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу (эскертүү) - үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо субъекттери тарабынан жүзөгө ашырылуучу, үй-бүлөлүк зомбулук жасоо кооптуулугун жарата турган себептерди жана шарттарды табууга, четтетүүгө багытталуучу социалдык, укуктук, медициналык, психологиялык, агартуучулук, маалыматтык жана башка чаралардын тутуму;
психологиялык зомбулук - дене-бойлук, сексуалдык, эконо-
микалык зомбулук жасоо коркунучу, ошондой эле ар-намысты жана кадыр-баркты атайылап басмырлоо, өмүргө коркунуч келтирүүчү же психологиялык, дене-бойлук саламаттыктын бузулушуна, ошондой эле жашы жете элек адамдардын катташуу укугун чектөөгө алып келүүчү укук бузууларды же жосундарды жасоого мажбурлоо;
үй-бүлөлүк зомбулук - үй-бүлө мүчөсүнүн/ага теңешти-
рилген адамдын башка үй-бүлө мүчөсүнө/ага теңештирилген адамга карата дене-бойлук, психологиялык, экономикалык мүнөздөгү атайылап жасаган аракеттери же алардын коркунучу, ошондой эле этибарсыз мамилеси;
социалдык кызмат - уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан адамдарга социалдык кызматтарды көрсөтүүчү жана жардам берүүчү уюм, мекеме;
II. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттары жана милдеттири
2.1. Аламүдүн айыл аймагында (мындан ары – Айыл аймагы) “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши төмөнкү максатка жетүүгө багытталган:
үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюуга, үйбүлөлүк зомбулуктан жабыркаган адамдарды социалдык-укуктук коргоону камсыздоого.
2.2. Айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:
Айыл аймагынын жарандарынын үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо укуктарын камсыз кылат;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоонун бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат;
үй-бүлөлүк зомбулуктан коргойт;
адамдын укуктарын жана эркиндигин кемсинтүүчү жана үй-бүлөлүк зомбулукка өбөлгө түзүүчү элдик жөрөлгөлөргө жана каада-салттарга жол бербейт;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну каржылоону ишке ашырат.
III. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
3.1. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн функциялары:
саясат жана жөнгө салуу функциялары
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программалырынын долбоорлорун айылдык кеңеш тарабынан аларды бекитүү үчүн иштеп чыгат;
жергиликтүү бюджеттин долбоорун үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программалары боюнча чыгымдарды кошуу менен иштеп чыгат;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка жергиликтүү маанидеги ушул маселени ишке ашыруу боюнча жөнгө салуучу документтерди иштеп чыгат жана айылдык кеңештин кароосуна берет;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгат;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча тутум түзөт жана башкарат, анын башкы милдеттерин жана каржылоо булактарын аныктайт.
аткаруу жана колдоо функциялары
айылдык кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программаларын аткарууну камсыз кылат;
жарандарды үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу социалдык кызматтарды түзөт;
калкты социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамдарга ылайык үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча социалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурат;
үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча программаларды ишке ашырат;
кабыл алынган программалардын таасирдүүлүк жана натыйжалуулугуна катара мониторингин жана баалоону ишке ашырат;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү программаларды ишке ашыруу үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;
өз аймагындагы үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө маалыматарды каттоону жүргүзөт;
жергиликтүү деңгээлде атайын органдарды - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү комитеттерди түзүү аркылуу үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу ведомстволор аралык координацияга жана субъекттердин өз ара аракеттенүүлөрүнө көмөктөшөт;
үй-бүлөлүк зомбулукка баруу коркунучу тууралуу ички иштер органдарына маалымат берет;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларга катышат;
өзүнүн сайтына үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды ишке ашыруу жөнүндө маалыматтарды жарыялайт;
турмуштук оор абалдагы балдар, аны менен бирге ата-энеси жок үй-бүлөдө тарбияланып жаткан балдардын маалымат базасын түзөт;
калк арасында мыкаачылык мамиле жасоого жана зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө маалымдоо-түшүндүрүү иштерин жүргүзөт.
контроль жана көзөмөл функциялары
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программаларынын аткарылышын контролдоону ишке ашырат;
ушул жергиликтүү маанидеги маселе боюнча милдеттерди аткарууга бөлүнүүчү каржы ресурстарынын рационалдуу, натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону ишке ашырат;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча белгиленген эрежелердин жана ченемдердин сакталышын контролдоону ишке ашырат.
3.2. Аламүдүн айылдык кеңешинин функциялары саясат жана жөнгө салуу функциялары
айылдык кеңеш тарабынан бекитүү үчүн үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча программалардын долбоорлорун бекитет;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо программасы боюнча чыгымдарды эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин долбоорлорун бекитет;
айыл өкмөтү иштеп чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун жана башка ушул жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашырууну жөнгө салуучу документтерди бекитет;
үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча бирдиктүү саясатты бекитет;
муниципалдык кызмат көрсөтүү жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү жардам жөнүндө мыйзамдарга ылайык муниципалдык кызмат көрсөтүү стандарттарын бекитет;
үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоону жана коргоону ишке ашыруучу социалдык кызматтарды түзүү боюнча тиешелүү программларды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен каражат караштырат.
контроль жана көзөмөл функциялары
аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын алкагында үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чараларды аткарууну контролго алат.
Аламүдүн айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча айыл өкмөтүнө жүктөлгөн функциялардын аткарылышына контроль жүргүзөт.
IV. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик
органдар жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү
4.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруунун алкагында төмөнкү мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүүнү ишке ашырат:
Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы;
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин аймактык органдары;
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен);- укук коргоо органдары ж.б.
4.2. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Аламүдүн айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үйбүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча коюлган милдеттерди аткаруу үчүн коомдук уюмдар жана бирикмелер, башка коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар менен активдүү өз ара аракеттенишет.
“Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын ком-
плексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо
5.1. “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашырууну каржылоо төмөнкүлөрдүн эсебинен ишке ашырылат:
а) Аламүдүн айыл аймагынын бюджеттик каражаттарынын;
б) юридикалык жана жеке жактардын кайтарымсыз берилген каражаттарынын;
в) гранттардын;
г) муниципалдык мекемелер жана ишканалар көрсөтөн кыз-
маттардан жана иштерден түшкөн кирешелердин
д) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка булактардын.
Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги
6.1. Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары ушул Жободо каралган “Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу боюнча милдеттерди жана функцияларды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти алып жүрөт.