Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-апрели ПЖ № 149
Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу
жагынан институционалдык жана структуралык кайра
түзүүлөр жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2005-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын,
2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгынын,
2007-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 481 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жана техникалык жөнгө салуу жагынан бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү, зарыл институционалдык жана структуралык кайра түзүүлөрдү жүзөгө ашыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигин техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган катарында аныктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги техникалык жөнгө салуу жагынан төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, илимий мекемелердин, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунуштарынын негизинде техникалык регламенттерди даярдоо боюнча ар жылдагы программаны түзүү жолу менен техникалык регламенттерди иштеп чыгуу боюнча ишти координациялайт;
- техникалык регламенттерди даярдоо, кабыл алуу, колдонуу жана кайра карап чыгуу боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат;
- эксперттик комиссиялардын жекече курамын бекитет жана техникалык регламенттердин долбоорлорун талдоону жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат;
- техникалык жөнгө салуу жагынан эларалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдайт;
- Соодадагы техникалык чектер боюнча жана Дүйнөлүк соода уюмунун санитардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу боюнча макулдашууларга ылайык Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылат:
- мамлекеттик көзөмөлдү жана контролдукту жүргүзүүнүн милдеттүү талаптарын жана жол-жоболорун белгилеген Кыргыз Рсспубликасынын колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актыларын "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын принциптерине жана максаттарына ылайык келтирүү максатында аларды текшерүүнү жүргүзүү боюнча иштерди уюштурат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки жумалык мөөнөттө:
тиешелүү техникалык регламенттер кабыл алынганга чейин техникалык жөнгө салуу жагынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын функцияларын кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алсын;
Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жөнүндө сунушту иштеп чыксын жана кабыл алсын, ага стандартташтыруу жана метрология жагындагы иштерди жүргүзүү боюнча Улуттук органдын функциялары жүктөсүн;
"Кыргыз сыноо жана сертификациялоо борбору" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институтуна бириктирүү жана ага тийиштүү функциялары менен түзүмдүк бөлүмдөрдү тике башкарууну өткөрүп берүү жолу менен кайра түзүлсүн;
техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын оң корутундусу болгон учурда гана техникалык жөнгө салуу жагынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун карап чыгууга жана ченемдик укуктук актыларын каттоого багытталган чараларды карасын;
- "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган техникалык жөнгө салуу жагынан чараларды финансылоого республикалык бюджеттен каражаттарды жыл сайын бөлүүнү карасын;
- өз чечимдерин "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- Кыргыз Республикасында аккредитациялоонун институттук системасын аныктоо менен эларалык ченемдерге жана эрежелерге ылайык аккредитациялоо тартиби белгиленсин;
- үч айлык мөөнөттө өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылуу боюнча ишти мамлекеттик башкарууну уюштуруу жөнүндө чечим кабыл алсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги жагымдуу инвестициялык чөйрөнү түзүү жана колдонулуп жаткан мыйзамдарды түгөлдөө боюнча чаралардын чектеринде министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, башка аткаруу бийлик органдарынын жана жергиликтүү бийлик органдарынын техникалык жөнгө салуу маселелери боюнча ишкерлик чөйрөсүндөгү мыйзамдарга каршы келген актыларын табуу жана алып салуу боюнча ишке өзгөчө көңүл бурсун.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 227 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 462 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. "Кыргыз Республикасынын стандарттар жана метрология Улуттук институту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 24-майындагы № 172 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жөнүндө жобону бекитүүнү караган токтомду кабыл алган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылсын.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу | К.Бакиев |